Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 60% окуу, математика жана табият таануу боюнча сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетишпейт. Башкача айтканда, алар мектептеги окуу программасын толук түшүнбөйт. Мындай тыянакты окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык, улуттук системаны иликтеген KG Analytics интеллектуалдык фонду чыгарды. "Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын билими Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдөгү курбалдаштарынан 4,5 жылга артта калган", - деп белгиленет изилдөөдө. Читать дальше...
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 82 миң мугалим иштейт, алардын 85% аялдар. Бул тууралуу KG Analytics интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылды. Мектептерде иштеп жаткан аял мугалимдердин дээрлик жарымы пенсия курагындагы, жашы элүүдөн өтүп калгандар. "Жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10% ашпайт", - деп көрсөтүлгөн изилдөөдө. Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Европарламенттин Андрей Cахаров атындагы сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмесине кирди. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын президентинин мурдагы милдетин аткаруучусу, камакта отурган Жанин Аньес бар. "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн ыйгарылган сыйлыктын быйылкы ээси 21-октябрда жарыяланмакчы. Навальныйдын талапкерлиги Европарламенттин ири фракциясы – Европанын элдик партиясы жана либералдардын фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы отурумунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Коррупция” беренеси боюнча соттолуп, 2 млрд. сом төлөп берген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тойдо болгону тууралуу талаш-тартыш жаралды. Талкуу депутат Дастан Бекешевдин “Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү “кустуризация” болуп жаткандар менен тойдо бир столдо отуруп, жаман үлгү көргөзүп жатканын айткандан кийин башталды. “Мен адам капиталынын чыгып кетип жатканы боюнча эмне кылыш керек... Читать дальше...
Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде өз мекенин таштап, бөтөн эл, бөлөк жерге кеткен жүз миңдеген мекендешибиз биз көрүп-билбеген кандай көйгөйлөргө туш болот? Мигранттын турмушунун бизге белгисиз көмүскө жактары кандай? «Биз жана дүйнө» берүүсүндө мигранттардын менталдык жана психологиялык саламаттыгын талкууладык.
"Кумтөр иши" боюнча айыпталган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев кайра камалды. Парламенттин трибунасында экс-бажычы Райымбек Матраимовду жактаган депутаттардын билдирүүсү талкууга түштү. Тайванда 13 кабаттуу турак жайда чыккан өрт 50гө жакын кишинин өмүрүн алды.
Бейрутта шийилердин "Хезболла" жана "Амал" кыймылдары уюштурган жүрүш маалындагы атышуудан 5 киши мүрт кетип, 30га жакыны жаракат алды. Чогулгандар былтыр борбор шаардын портунда болгон жардырууну иликтеген топтун жетекчисин кызматтан алууну талап кылышкан. Ливандын ички иштер министри Бассам Мавлави окко учкандардын кээ бирлери "башынан жараат алганын" басма сөз жыйынында билдирди. Окту ким чыгарганы белгисиз. Армия өкүлдөрү билдиргендей, акция катышуучулары Юстиция министрлиги жайгашкан районго бет алганда ок жаңырган. Читать дальше...
Өзбекстанда бийлик өкүлдөрү алдыдагы президенттик шайлоо демократиялуулугу жагынан мурдагыларынан бир топ айырмалана турганын айтууда. Бирок президенттик шайлоодо атаандаштык принциби бузулуп, көз карандысыз талапкерлерди жарыштан четтеткен учурлар белгиленди. Мындай укук бузуулар тууралуу "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу бюросу өзбек бийлигине эскертүү берди. "Саясий атаандаштыгы жок шайлоо" "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык... Читать дальше...
Өзбекстандагы президенттик шайлоо күнү Кыргызстанда алты добушкана иштейт. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте ачылат. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, Оштогу шайлоо тилкелери Кыргыз-өзбек университетинде, Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин имаратында, Ош мамлекеттик гуманитардык педагогика университетинде, Ош мамлекеттик технология университетинде ачылат. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына онлайн катышты. Ал өз сөзүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тездетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө жараша көмүртекти аз өндүрүү жаатында кызматташуу, соода-алаканы жакшыртуу маселелерин козгоду. Энергетикалык коопсуздук өтө маанилүү экенин баса белгилеп, газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү зарылдыгын айтты. "Биримдиктин... Читать дальше...
14-октябрда юрист Нурбек Токтакунов мобилдик телефону Teлеграм каналы аркылуу "Байланыш кызматы" мамлекеттик мекемеси тарабынан тыңшалганын билдирди. Бул тууралуу адвокат Facebook баракчасына жазды. "Алгач "Телеграммдан" белгисиз Xiaomi Redmi 7A түзмөгүн таап алдым. Жеке жашоомо кийлигишүүнүн скриншотун алдым. Анан экранымдын скриншотун ФБга жарыяладым. Андан соң жакшы адамдар менин телефонум Раззаков 55 дарегинде жайгашкан "Мегайлайн" интернетине туташкан түзмөктөн тыңшалганы тууралуу маалыматты жөнөтүштү", - деп жазган Токтакунов. Читать дальше...
"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) курган өкмөттүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жетектеген делегация 14-октябрда Анкарага барды. Алар түрк расмий адамдары, анын ичинде тышкы саясий мекеменин жетекчиси Мевлут Чавушоглу менен жолугат. Талибдердин маалымат катчысы Абдул Кахар Балхи кездешүүдө гуманитардык жардам, миграция, аба каттамдары жана соода маселелери талкууланарын буга чейин "Твиттерге" жазган. "Талибан" августта батыш колдогон өкмөттү кулаткандан бери өлкөгө жардам дээрлик токтоп калган... Читать дальше...
12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнү тууралуу суук кабар элдин үрөйүн учурду. Бул окуя Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салууда. Шейшембиде түрк кабар агенттиктери Текирдаг аймагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин өлүмү тууралуу жабыла жазышты. Түрк полициясы 30 жаштагы Аятты кайнатасы өлтүрүп, денесин жиликтеп, таштандыга ыргытып жибергенин билдирген. Читать дальше...
Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады. Мындай тартип менен шайлоого катышуу үчүн 381 адам арыз берди. Алардын 31и гана аял. Партиялар да курултайларын өткөрүп, документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Парламенттик шайлоонун активдүү делген бөлүгүнүн бири - талапкерлерди көрсөтүү иши жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-октябрда бир мандаттуу округдан талапкер болуп каттаалуу үчүн арыздарды кабыл алууну токтотту. Боршайкомдун маалыматы боюнча... Читать дальше...
"Ата Мекен" партиясынын үч мүчөсү "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жобосун конституциялык эмес деп табуу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышты. Бул тууралуу 14-октябрда партиянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн жогорку билим түрүндө чектөө белгиленишине макул эместигин белгилешти. “Парламент өкүлчүлүктүү орган катары коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгын чагылдырышы керек. Читать дальше...
Бишкектеги "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" бүгүн, 14-октябрда билдиришти. Жактоочунун райондук соттун чечимине каршы жазган арызы шаардык сотко 14-октябрда келип түшкөнү маалым болду. Шаардык сот Салымбековдун бөгөт чарасын качан карай турганы азырынча белгисиз. УКМК Салымбековдун кармалганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Читать дальше...
Казак делегациясы менен жолугушкан Европарламенттин мүчөсү Ружа Тун адам укуктарын бузгандыгы үчүн Нур-Султанга каршы санкция киргизүү маселесин козгоду. Бул тууралуу депутат "Твиттерге" жазып, казак өкүлдөрүнө активисттерди куугунтуктоо тууралуу суроо бергенин айтты. Казакстандык алты мыйзам чыгаруучу 11-октябрда Брюсселде Европарламенттин депутаттары менен кездешкен. Сапар тууралуу расмий маалымат өтө аз чыкты. Ружа Тун санкциялар тууралуу сентябрда Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев менен сөз кылганын... Читать дальше...
Баткен шаарында бүгүн 14-октябрда өткөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Келишим-макулдашуулар ипотекалык «Ихсан Азия Глобал Строй» компаниясы менен, «Ак-Буура Групп», «Шампаншарапкомбинат», «Т. Ибрагимов» ишканалары жана Түркиянын Палаталар жана товардык биржа союзу менен түзүлдү. Мындан тышкары, Лейлектеги Сумбула айыл аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо... Читать дальше...
Ооганстандын Кунар провинциясынын борбору Асадабад шаарында бейшембиде бомба жарылды. Андан талибдердин райондук полиция башчысы, дагы 11 киши каза болду. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар Шигал районунун полиция жетекчиси Абдулла Ирфанды бутага алышкан. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат таратышкан жок. Шаардык оорукананын атын атабаган дарыгери “Азаттыктын” ооган кызматына айтып бергендей, аларга жаракат алган 12 кишини алып келишти. Жетөө карапайым адамдар, арасында мектеп окуучусу бар. Читать дальше...
Германиянын өкмөтү Беларустан Польша аркылуу кирген мыйзамсыз мигранттардын агымы көбөйгөнүн билдирди. Августтан бери бул өлкөгө эле жалпысынан мыйзамсыз 4300 мигрант кирген. Көпчүлүгү Ирактан, Сириядан, Йеменден жана Ирандан өтүп келген. Алар Беларус аркылуу Евробиримдиктин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр экени белгиленди. Евробиримдик Беларусту жасалма түрдө миграциялык кризисти уюштуруп жатат деп айыптоодо. Мигранттарды өткөрүүгө ыңгайлашкан "Беларус каттамы" 13-октябрда федералдык полиция... Читать дальше...
Тайвандын Гаосюн шаарында 13 кабат турак жайда чыккан өрт 50гө жакын кшинин өмүрүн алып кетти. Дагы 60тайы ооруканага жеткирилди. Өрт бейшембиге караган түнү, тургундардын көбү уктап жаткан маалда тутанган. Кырсык болгон жерге дароо 160 өрт өчүүрүчү барды. Жергиликтүү телеканалдар чукул кырдаалдар кызматтары тилсиз жоо менен күрөшүп, куткаруучулар жашоочуларды үйдөн чыгарып жатышканын көргөзүштү. Тайвандын борбордук кабар агенттиги өрт чалган имарат 40 жыл мурун курулганын, 120га жакын батирдин кеминде бешөө ээн турганын билдирди. Читать дальше...
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. "Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, 2018-2040-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштыруу Министрлер кабинетине тапшырылды",-деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы. Улуттук программада аткаруу бийлигин, сот жана укук коргоо органдарын, административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн атайын кызматка кайрылды. “Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти Мээрим Айныкеева 14-октябрда УКМКга адвокаты менен чогуу барып арыз жазганын анын кесиптештери кабарлашты. Бул маселе 13-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Наталья Никитенко УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кабарчы кызга зомбулук көрсөткөн адам өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырганын... Читать дальше...
Норвегияда беш кишини жаа менен өлтүрүүгө шектелип жаткан 37 жаштагы даниялык адам исламды кабыл алганы айтылды. Бул тууралуу полициянын өкүлү билдирди. Дагы эки киши жараат алган окуя 13-октябрдын кечинде Ослодон 70 чакырым алыс жердеги Көнгсберг шаарчасында болгон. Жаракат алгандардын бири ал кезде эс алып жаткан полиция кызматкери экени маалымдалды. Норвегияда 2011-жылдан бери мындай чабуул боло элек болчу. Ошол жылы жайында ашынган оңчул экстремист Андерс Беринг Брейвик 77 кишини өлтүргөн, көбү жаштар лагериндеги өспүрүмдөр эле. Читать дальше...
Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шектелип жаткан мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев кайра камалды. Бул тууралуу 14-октябрда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында болот. Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн... Читать дальше...