Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду. Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы 10:0, чейрек финалда... Читать дальше...
Бүгүн Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашты.
Түндүк атлантикалык альянс Орусиянын душмандык мамилесине жооп кылып, НАТОдогу орусиялык миссиянын сегиз мүчөсү чалгын кызматына тиешеси бар деген негизде аккредитациядан ажыратты. НАТОдогу Орусиянын өкүлчүлүгү эки эсе кыскартылганын альянстын расмий өкүлү “Азаттыкка” ырастады. "НАТОнун Орусияга карата саясаты ырааттуу бойдон калат. Биз Орусиянын агрессивдүү аракеттерине жооп кылып, биздин “токтотуу жана коргоо” саясатыбызды күчөттүк. Ошол эле кезде биз Орусия менен конструктивдүү диалог жүргүзүү үчүн дайыма ачыкпыз"... Читать дальше...
"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек жана Чүй аймагында жайгаштырылуучу үч буттуу көчмө аппараттарынын даректери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын сайтында жарыяланды. Сайттагы маалыматка ылайык, эки айда бир жолу алмаштырылып турган жыйырма көчмө камера саат таңкы жетиден кечки онго чейин турат. Камералар кырсык тобокелчиликтери жогору болгон жолдорго коюлат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында, кырсыктардын негизги себеби жогорку ылдамдык болууда. Читать дальше...
Кыргызстанда Октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды? Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы? Канткенде өнүгүү жолуна түшүп, толук кандуу жарандардын укуктары, эркиндиктери сакталган коом түзөбүз, өлкөнүн алдыдагы багыты кайда баратат? Читать дальше...
Кыргызстанга келген инвесторлор дайыма эле мамлекеттик органдар тарабынан корголо бербейт. Ошондой тагдырды Кореядан келген Ким Чул Ёң аттуу ишкер баштан кечирип жаткан чагы. Ал алдатып жиберген акчасын кайтарып алуу максатында 2018-жылдан бери сот жана укук коргоо органдарынан акыйкаттык издеп келатат. 5-октябрда анын арызынын негизинде кылмыш иши Чүй облустук сотунда каралды.
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Ал жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова буга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8:0 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде утту. Эртең, 7-октябрда дүйнө чемпионатынын... Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан.
Орусиянын Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасынын аскерлери Ооганстан менен чектешкен тилкелерде өтчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул аскердик машыгууга 2700 жөө аскер менен офицер катышып, аскердик техника тартылганы кабарланды. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин кезектеги аскердик машыгуусу жакынкы күндөрү ушул аймакта өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук округунун басма сөз кызматы маалымат таратты. Орусиялык 201-базанын... Читать дальше...
Канадалык "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр кенинде мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузган деген дооматтарын четке кагып, бийликти сындаган билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик фактыларын аныктады. Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медал утушту.
Канадалык "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр кенинде мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузган деген дооматтарын четке кагып, бийликти сындаган билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик фактыларын аныктады. Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медал утушту.
Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы "Ак-Мөөр" жатаканасынын бир бөлүгүндө жашаган тургундар чыгарылды. Жашоочулардын жактоочусу Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, сот аткаруучулар тургундарды чыгарып, акт түзүп кетишкен. "40тан ашуун сот аткаруучулар "Тез жардам", ӨКМ кызматкерлеринин коштоосунда келип чыгарып кетишти. Ал жерде 40ка жакын социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлө жашайт", - деди ал. Интернетке жарыяланган тасмадан сот аткаруучулар үйдүн эшигин бузуп жатканын көрүүгө болот. Келдибаев жергиликтүү бийлик... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнабад шаарында 25ке чукул киши гомосексуализмге шектелип кармалып, камакка алынган. Алардын арасында мурдагы МАИ кызматкери, өрт өчүрүүчү жана чач тарач бар. Буга чейин август айынын соңунда Лебап аймагында жашаган чач тарач кармалып, тергөөгө жеткирилгени кабарланган. Бул жолу Ашхабадда иштеген чач тарач кармалганын жана анын түркмөн шоу бизнеси менен байланышы бар экени белгиленди. Көз карандысыз маалымат каражаттары болсо Түркмөнабад... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш бийликтин түзүмдөрүн Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзамдар пакетин кабыл алууну тездетти. Документтерде Министрлер кабинети менен президенттик администрацияны бириктирүү, мэрлерди дайындоо укугун президентке, айыл өкмөттөрдү дайындоо укугун акимдерге берүү сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул жагдай депутаттардын арасында жана коомчулукта талаш пикирлерди жаратты. Министрлер кабинети менен администрацияны бириктирүү Мамлекеттик органдарга байланыштуу документтер топтомунун... Читать дальше...
Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион болду.
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кенин атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн 12 аскери кайтарып жатканы боюнча түшүндүрмө берди. “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору өлкө башчыларына убагында кайрылуу жасаган экен. Алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп калгандыктан гана "Альфанын" балдары Кара-Кечеге жиберилген. Быйыл суу аз болгондугуна байланыштуу калкка жана Бишкек ЖЭБине көмүр казып чыгаруу тыкыр көзөмөлдө", - деп "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымат таратты.... Читать дальше...
Былтыр 5-октябрда бир колунан ажыраган Ырыскелди Табышбек уулу үйлөнүп, азыр окуусун улантып жатат. Ал үй-бүлөсү менен Чүй облусундагы Кегети айылында турат. Архитектор болууну самаган 20 жаштагы жигит бир жыл анын көз карашын түп тамырынан өзгөрткөнүн айтып, келечекке болгон ойлору менен бөлүштү.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы спорт клубдарында машыккан кыргызстандык жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан тышкары эки же андан көп жолу административдик мыйзам бузган мигранттар "кара тизмеге" киргизилип, Орусиядан депортация болору эскертилди. Ошондой эле, кыргызстандык мигранттар мурда кабылган "маңзат ташуу" иши боюнча да маалымат берилип, "жеңил акча табуудан" этият болуу сунушталды. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктарды... Читать дальше...
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 7-октябрда түнкүсүн абанын температурасы Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. 7-октябрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Айнура Аскарова "Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу" мыйзам долбоорундагы чектөөлөргө каршылыгын билдирди. Депутат эмне үчүн жаран кичи мекенинде айыл өкмөт жана аким болуп иштөө укугунан ажыратылганына кызыкты. "Ооба, Чүйдүн бир районуна башка жактан келген акимди "чоочун" деп жергиликтүү эл иштетпей коюптур. Бирок ошол эле учурда айрым адамдар атуулдук сезим менен өзү туулуп-өскөн айыл өкмөтүн, районду оңдоо, көтөрүү үчүн керек болсо өз чөнтөгүнөн сарптап... Читать дальше...
"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого чогуу барат. "Ынтымак" саясий партиясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, 6-октябрда макулдашууга эки партиянын жетекчилери - Марлен Маматалиев ("Ынтымак") менен Чыңгыз Макешов ("Келечек") кол коюшту. Буга чейин шайлоого "Намыс жана Тартип" коалициясынын алдында чогуу барарын бир нече саясий партия жана кыймылдар билдирген. "Улуттар Биримдиги", "Ар-Намыс", "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы" жана "Мекендештер"... Читать дальше...
Абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу 6-октябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өткөн сот отурумунда билдирди. Кой-Таш окуясы боюнча ушул жылдын август айында экинчи жолу камакка алынган саясатчы соттон Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыруу үчүн кароол менен жеткирүүнү суранды. "Мен конституциялык укугумдан пайдалангым келет. Бирок мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясына... Читать дальше...
Ош шаарындагы "Купуев Академиясы" мектебине Вашингтондогу инвестициялык компаниялардан 700 миң АКШ доллары тартылды. Билим берүү мекемесин АКШда иштеп жүргөн бир тууган Купуевдер ачкан. 2019-жылы ачылган мектептин экинчи кампусу ишке кирсе, анда 600гө жакын бала билим ала баштайт. Бир бала үчүн жылына 13 миңден 20 миңге чейин акча төлөнөт.
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7-1 эсебинде утуп алды. Жуманазарова 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8-0 эсеби менен жеңди. Алдыда жарым финалда орусиялык Ханум Валиева менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат. Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. Читать дальше...