Футбол жана баскетбол боюнча аялдар командасына тиешеси бар алтымыштай оогандык жаран өлкөсүнөн чыгарылып, Катарга жеткирилди. Алардын көбү аялдар жана балдар. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 21-октябрда билдирди. Уюм Катар бийлигине "аярлуу топко кирген бул адамдардын коопсуздугун камсыздап, колдоп бергени үчүн" ыраазычылык билдирди. Өткөн аптада ФИФА Катар өкмөтү менен биргеликте Ооганстандан жүздөй футболчуну, анын ичинде аялдар командасынын мүчөлөрүн үй-бүлөлөрү менен чыгарып кетүүнүн үстүндө иштеген. Читать дальше...
Бензин бир нече айдан бери кымбаттоонун үстүндө. Буга удаа, 15-октябрда өлкөдө электрэнергиясына жана жылуулукка жаңы тарифтер киргизилди. Буга чейин электрди үнөмдөө максатында айрым көчөлөрдө кечкисин жарык өчүрүлөрү кабарланган. Электр, газ, мунайдын баасы башка өлкөлөрдө да кескин өсүп, кээ бир өкмөттөр кыш айлары оңой эмес болорун, кампаларды отун-майга толтуруу керектигин эскертишүүдө. Азыркы глобалдык кризис дүйнө экономикаларына, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этүүдө? Дегеле мындай көрүнүштүн себеби эмнеде? Читать дальше...
Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт. Мектеп жетишсиздиги өзгөчө Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда байкалат. Кээ бир мектептер үч сменде иштеп, айрым класстарда 50гө чейин бала окуп жатат. Адистер мындай жагдай балдардын укугун бузуп, билим сапатына терс таасир тийгизээрин белгилешет.
Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт. Мектеп жетишсиздиги өзгөчө Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда байкалат. Кээ бир мектептер үч сменде иштеп, айрым класстарда 50гө чейин бала окуп жатат. Адистер мындай жагдай балдардын укугун бузуп, билим сапатына терс таасир тийгизээрин белгилешет.
Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Кыргызстан алдыдагы парламенттик шайлоону дүйнө таң калгыдай таза өткөрүшү керек" деген тапшырма алышты. АКШнын бир жылдан бери "Твиттер" менен "Фейсбукта" аккаунту блоктолуп турган мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык түйүнүнүн тиркемесин Жаңы жылда ишке киргизерин жарыялады. Кыргызстанда бензин ноябрдан тартып 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.
Ош шаарындагы Туран кичирайонунун 30 жаштагы тургуну асынган абалда табылганы тууралуу маалымат шаардык ички иштер башкармалыгына 19-октябрда, күндүз саат 15:30да түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, үйдүн кире беришиндеги устунга моюн орогуч менен муунган аялды көрүшкөн. ШИИБнын басма сөз кызматы бул факт "Өзүн өзү өлтүрүү" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады. Иликтөө иштери уланууда. Кыргызстанда зомбулуктан жана башка түрдүү... Читать дальше...
Кремл камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарууну туура көргөн европалык мыйзам чыгаруучулардын чечимин сыйлабайт. Бул тууралуу президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 21-октябрда журналисттерге билдирди. «Биз Европарламентти сыйлайбыз, бирок анын чечимдерин сыйлоого бизди эч ким мажбурлай албайт», - деди Песков. Бир катар серепчилердин айтуусунда, бул сыйлык Путинге Навальный жөн гана жергиликтүү оппозициячыл саясатчы эмес, глобалдык фигурага айланганын көрсөттү. Читать дальше...
Акыйкатчы институту "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мурдагы кызматкери, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган Гүлмира Асанбекованын абалына байланыштуу сотко кайрылды. Гүлмира Асанбекова 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Жазык кодексинин 205-беренесине (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) шектүү катары кармалган маалда кош бойлуу болгон. 14-октябрда анын ичиндеги беш жумалык түйүлдүк чарчап калганы аныкталып, ооруканада бир аптадай жатып... Читать дальше...
Балдар арасында сасык тумоонун күч алганына байланыштуу шаардык балдар клиникасынын ишин жеңилдетүү максатында оорулуу балдарды кабыл алып, дарылоочу убактылуу стационар даярдалды. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кошумча стационар Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат, 22-октябрдан тартып ишке киришет. Ал жакка орто абалдагы балдар жаткырылат. Бишкектеги "Тез жардам" кызматы курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция күчөп, ыкчам жардам сурап кайрылгандардын саны суткасына 700гө жетип жатканын маалымдады. Читать дальше...
Мамлекеттик дирекция Ысык-Көл облусунда "Экологиялык таза Асман шаары" долбоорун ишке ашыруу максатында Министрлер кабинетинин 8-октябрдагы токтому менен түзүлгөн. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлк фондуна Балыкчы шаардык мэриясы менен чогуу дирекцияны имарат менен жабдуу тапшырылды. Дирекция Асман шаарын долбоорлоо жана курууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин жарандык коом, жеке адамдар, эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөсүн камсыздайт. Дирекциянын чыгашасы... Читать дальше...
Түрк бийлиги «аскердик жана саясий тыңчылыкка» айыптап төрт орусиялык, бир украиналык жана бир өзбекстандык жаранды кармады. Башкы прокуратура 20-октябрда билдиргендей, алар чечен оппозициясынын Түркияда жашаган активисттерине кол салууну көздөшкөн. Кармоо операциялары 8-октябрда Анталия жана Стамбул шаарларында жүргүзүлгөн. Кармалгандар ошондой эле Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун Түркиядагы сынчыларынын көзүн тазалоо үчүн атайын курал сатып алган деп шектелип жатышат. Эгер алардын күнөөлөрү далилденсе... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убада берди. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө чакырды. Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы Конституция, жаңы шайлоо мыйзамдары, бир катар жаңы эрежелер менен өткөнү турат. Өлкөдө кайсы гана бийлик келбесин шайлоону калыс атаандаштыкта уюштуруу убадасын бергени менен көп учурда ал массалык нааразылык, айрымдары революция менен бүтөт. Читать дальше...
НАТОго мүчө мамлекеттерге кирген өлкөлөр Орусиянын потенциалдуу чабуулдарынан коргонууга багытталган «башкы планды» талкуулашат. "2018-жылы НАТО боюнча өнөктөштөр Орусия кыска жана орто аралыктагы ракеталар тууралуу келишимди бузуп, ракеталарды ойлоп тапканын аныкташкан. Бул ракеталар евроатлантикалык аймактын коопсузд угуна коркунуч жаратат. Биз Орусиянын аракеттерин кайталабайбыз бирок коргонууну күчөтөбүз",-деди аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг. 21-октябрда Брюсселде башталган... Читать дальше...
Орусияда COVID-19га кабылган жана илдеттен көз жумгандар көбөйүүдө. 20-октябрда статистика кайрадан эң жогорку чекке көтөрүлдү. Орусиялык окумуштуулар өлкөдө коронавирустун дельта штаммынын жаңы түрү табылганын билдиришти. Бейшембиде Латвияда улуттук карантин киргизилди.
Улуттук команда учурда жалпы Азия чөлкөмүндө 16-сапта турат, ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен тизмеде экинчи катарды ээлейт.
Быйыл жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон тогуз жылга эркинен ажыратылды. Жыл башында 14 жылга кесилген оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаев президент Рахмондун жаза мөөнөтүн кыскартуу мунапысынан баш тарткан. Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активистти кармоого "бизди алдап кетти" деген бир нече кишинин арызы себеп болгон. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Маалыматка караганда, зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн президентттин тапшырмасы менен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын жергиликтүү аймактарына ылайыкталган жаңы аскердик техника... Читать дальше...
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков боорунда олуттуу көйгөй жаралганын билдирди. Бул тууралуу 21-октябрда анын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды. "Саясий туткун катары менин ден соолугумдун абалы кармалган шарттан көз каранды экенин билдирем", - деп белгиледи Жээнбеков. Маалыматты саясатчынын уулу Азат Равшан "Азаттыкка" бышыктап, атасы Бишкектеги жеке үч клиникага көрүнгөнүн, текшерүү уланып жатканын айтты. "Диагноз боюнча боордун фиброзунун үчүнчү баскычына чалдыгыптыр, циррозго өтүп кетүү коркунучу бар экен. Читать дальше...
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампасында ушул күнгө карата 247 миң тонна көмүр даярдалды. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев “Азаттыкка” курган интервьюсунда билдирди. “Акыркы күндөрү көмүр ташып келүүдө кечигүү бар, бирок такыр токтоп калды деген туура эмес. Кыргыз тараптан дагы, Казакстандан да ташып келүү уланып жатат. Ушул тапта күнүнө 5 миң тоннадан көмүр ташылып келүүдө. Азыркы көлөм Бишкек ЖЭБин кеминде бир-эки ай үзгүлтүксүз иштетип турууга жетет. Читать дальше...
«Талибандын» жоочулары Кабулдагы митингди чагылдырып жаткан журналисттерге кол салышты. 21-октябрда 20дай аял баш калаанын көчөлөрүнө өз укуктарын талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. Алар «Иш, нан жана билим» деген ураандарды чакырып турушту. Бир убакта талиб жоочуларынын бири окуяны чагылдырып жаткан чет элдик журналистти тапанчасы менен бир коюп, тээп жиберген. Башка жоочу журналистти бир муштаганын «Франц-пресс» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, кеминде эки журналист жаракат алды. Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясынын алдына “Бишкек токтомолору жана унаа туруктары” (“Бишкекские парковки и стоянки”) муниципалдык ишканасынын 20га жакын кызматкери митингге чыгып, мекеменин башчысы Талантбек Жамгырчиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алар жетекчи планды көтөрүп салганын, эки айдан бери маяна ала албай жатышканын, кызматкерлерди кетирип өзүнүн тааныштарын киргизип жатканын, эс алуу күндөрү да иштетип, бирок түшкөн акчаны өзү алып жатканын билдиришти. Акцияга чыккандарды Бишкек шаарынын... Читать дальше...
Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, соңку бир суткада коронавирус 22 миңдей адамдан аныкталды. Илдеттен 546 адам каза болду. Жалпысынан 41 миллион калкы бар өлкөдө COVID-19 62 миңдей адамдын өмүрүн алды. Соңку айда украин бийлиги карантин чараларын акырындап күчөтүүдө. Мыйзам чыгаруучулар бийликке жыл аягына чейин чектөөлөргө жол ачкан өзгөчө кырдаал абалынын мөөнөтүн узартышты. Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу 30-октябрдан тарта бир жумалык дем алыш жарыяланды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абаддын Сузак районунда мектептин курулушунан дээрлик 5 миллион сом өөнөлгөнүн кабарлады. Бул иштин алкагында Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Тергөө версиясына караганда, Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 мектептин курулуш иштеринин көлөмү өз ара сүйлөшүү жолу менен көбөйтүлгөн. Андан тышкары, курулуш иштеринде кемчиликтер аныкталган. Иш Жазык кодексинин... Читать дальше...
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолун бөлүштү. Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Читать дальше...