Пенсильванияда Кыргызстандын атуулу полициянын огунан көз жумгандан кийин АКШдагы кыргыз диаспорасы журтташтарды сабырдуулукка чакырган кайрылуу жасады. Бир нече штаттарда жашаган кыргызстандыктардын өкүлдөрү бирге тараткан билдирүүдө Америкада көз жумган журтташтардын арасында мындай окуя болбогону белгиленген. «Америкада кыргызстандыктар үчүн буга чейин түшкө кирбеген кырсык болду. Каза болгон маркум жигиттин жакындарына, ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азыр социалдык тармактарга... Читать дальше...
АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт лотереясына каттоо быйыл 6-октябрда башталып, 9-ноябрга чейин уланат. Бирок өткөн жылы грин-карт утуп алган миңдеген жарандар пандемия чектөөлөрүнөн улам виза албай калышкан. Ташкенттик Сабир аттуу жигит былтыр грин-карт утуп алганын, бирок учурда виза жараяны боюнча таңкыстык жаралып, мындан улам кете албай жатканын айтты: "Мен 2020-жылы грин-карт утуп алдым. Быйыл 30-сентябрга чейин иммиграциялык виза алышыбыз керек болчу. Бирок кырдаалдан улам жараян узарып кетти. Читать дальше...
Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага "сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн" ыйгарылды. "Ресса айым менен Муратов мырзага алардын Филиппин менен Орусиядагы эркин пикир билдирүү үчүн жасаган майтарылбас эрдиги үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылат", - деп жазылган Норвегиядагы Нобел комитети 8-октябрда тараткан билдирүүдө. Дмитрий Муратов деген ким? Норвегиялык Нобел комитетинин... Читать дальше...
Мындан беш ай мурун кандуу калаба орун алган Казандагы гимназиянын директоруна кызматтык шалаакылык иши боюнча айып коюлду. Бул ишти иликтеген тергөөчүлөр мектептин директору Амина Валеевага "имараттын коопсуздугун карап, күзөт менен камсыздаган эмес" деген кине коюшту. Класстардын биринде радиодинамик дагы иштебей калган. 11-май күнү 19 жаштагы куралчан Ильназ Галявиев мектептин аймагына ээн-эркин кирип барып, окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган. Анын кесепетинен бир нече окуучу каза болгон. Читать дальше...
Кыргызстанда чыныгы окуялардан алынган 10 сериялуу “Пандемия мууну” аттуу көркөм тасма тартылды. Анда өлкөдө коронавирус менен күрөшкөн түйшүктүү күндөр чагылдырылган. Чыгармадагы баш каармандардын бири - Кундуз аттуу 11 жаштагы секелек кыз. Тасмадан анын бала чагын, ата-энесинин аргасыздан миграцияга кеткенин көрүүгө болот. Тасманы жаратуучулар көрүүчүлөр пандемиянын оор кесепетин дал ушул 11 жаштагы кыздын көзү менен бергиси келген. Тасма Кундуздун кыжалат болуп, чоң турмушка кадам таштоодон коркуп турганы менен башталып... Читать дальше...
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал жарым финалда азербайжандык балбан Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңди. Шаршенбеков буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач беларустук Максим Кажарскини 2:0, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаршвилини 5:2 эсебинде жеңип алган. 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт. Бул күнү күрөштүн аталган түрүнөн кыргызстандык Калы Сулайманов... Читать дальше...
Грузин полициясы 8-октябрда Михаил Саакашвили камалган тергөө абагынын алдына каршылык акциясына чыккан тарапташтарын кармады. Акцияга чыккан ондогон адам Рустави шаарындагы тергөө абагынын дубалына “Мишага боштондук” деп жазууга аракет жасашты. Бул учурда кырдаалга байкоо салып турган полиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап, аларды коомдук тартипти бузганы үчүн камакка алганы кабарланды. Кармалгандардын арасында белгилүү оппозициячыл активист Звиад Куправа да бар. Мурдагы президент... Читать дальше...
"Октябрь окуяларына" байланыштуу соттук ишти кароо башталды. Анын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-министр Курсан Асанов, саясатчы Жеңиш Молдокматов жана башкалар айыпталууда. Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин жалпы журт баалап жатат. 5 күндө кыргыз балбандары 5 медаль - 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утушту. Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын... Читать дальше...
Чейрек финалдык этапта Жоламан Шаршенбеков грузиялык атаандашы Ираклий Дзимистаришвилини жеңип алган болчу.
Улуттук банк боюнча мыйзам долбоорунда аты чыккан орус банкири Владимир Фролов кыргызстандыктарды экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы - чыныгы реформалардан коркпоого чакырып, өзү кошо жазышкан "Бай жана бактылуу Кыргызстан" концепциясына таянууну сунуш кылды. Айрым саясатчылар Фроловду Кыргызстандын экономикасын эңшерип, сызга отургузууну каалаган эл аралык алдамчылардын катарына кошуп келет. Кантип бай жана бактылуу болобуз? Кыргызстандын экономикасын модернизациялоого багытталган "Бай жана... Читать дальше...
Американын Борбордук чалгын башкармалыгы “Кытай боюнча операциялар борбору” деген жаңы бөлүктү түзүү чечимин кабыл алды. Ал Кытай бийлиги тарабынан келчү коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу жана токтотуу менен алектенет. Бул тууралуу Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнс билдирди. "Кытай боюнча операциялар борбору" Бээжиндин глобалдык чакырыктарына жооп катары негизделди. Ал атайын кызматтардын ишинин бардык багыттарын ичине камтыйт" - деп жазылган Борбордук чалгын башкармалыгы тараткан учкай маалыматта. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңеши Ооганстанда талибдер же башка топтор тарабынан жасалган кыянатчылыктарды иликтөө боюнча атайын чабарман дайындай турганы белгилүү болду. Евробиримдик сунуштаган резолюцияга 7-октябрда 28 өлкө добуш берди. Ал эми Кытай, Пакистан жана Орусия баш болгон беш мамлекет каршы чыкты. Женевада жайгашкан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине кирген 47 өлкөнүн 14 мүчөсү калыс добуш берди. Евробиримдиктин резолюциясында атайын баяндамачы 2022-жылы мартта ишин баштап... Читать дальше...
Орусиянын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Замир Кабуловдун кабарлашынча, бул өлкөдөгү соңку кырдаалды баалап, пикир алмашуу үчүн “Талибандын” (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкүлдөрү Москвага жолугушууга чакырылды. Эл аралык Reuters агенттиги ишенимдүү булагына таянып, Москвада өтө турган сүйлөшүүлөр 20-октябрга дайындалганын кабарлады. “Талибан” менен Москвада өтчү бул жолугушууга Кытайдын, Индиянын, Пакистандын жана Ирандын өкүлдөрү да чакырылды. “Талибан” кыймылынын расмий өкүлүнүн... Читать дальше...
Талас шаарынын биринчи вице-мэр кызматына талапкерлигин көрсөткөн Асылбек Рахманов кызматка баруудан баш тартканын билдирди. Ал бул тууралуу 8-октябрда Фейсбук баракчасына жазды. 29 жаштагы Асылбек Рахмановду шаардык кеңештин 27 депутаты быйыл 9-сентябрда биринчи вице-мэрликке бир добуштан колдогон. Мындан соң коомчулукта Рахмановдун иш тажрыйбасына байланыштуу нааразылыктар көбөйгөн. Ал резюмесинде төрт жыл мугалим болуп эмгектенгенин жана эл аралык уюмдарда иштегенин жазган. Рахманов кайрылуусунда... Читать дальше...
8-октябрда Ооганстандын Кундуз провинциясындагы исламдын шиит агымын тутунган адамдар намаз окуган мечиттеги жардыруу болду. Анын кесепетинен бир нече киши каза таап, жаракат алгандар да бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттер баракчасына жазды. Жардыруунун себебин иликтөө үчүн окуя болгон жерге атайын бөлүктөр келди. Кундуз провинциясындагы оорукананын белгисиз кызматкери медициналык мекемеге жардыруудан көз жумган 15 кишинин жасаты жеткирилип, токсондон ашуун... Читать дальше...
“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевдин Тажикстандан электр энергиясын импорттоо тууралуу айтканына түшүндүрмө берди. Энергохолдинг тараткан маалыматка ылайык, Борбор Азия чөлкөмүндө иштеп жаткан энергетикалык система ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн оперативдүү түрдө электр энергиясын өз ара өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу октябрдын башында Тажикстандан Кыргызстанга электр энергиясы өткөрүлгөн. Холдинг белгилегендей... Читать дальше...
Аксыда адам өлүмү менен аяктаган, бир жыл мурда болгон окуяга чекит коюла эле. Маркумдун жакындары сот жараяны созулуп, күнөөлүүлөр жазаланбай жатканына нааразы. Райондук сот айыпталуучулардын бирин психиатриялык ооруканага жаткыруу тууралуу чечим чыгарган, бирок каза болгон адамдын жакындары мындан улам облустук сотко кайрылган.
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммдык салмакта Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда грузиялык балбанды далысына таза басып утуп алды. Бул күнү 97 килограмм салмакта күрөшкөн Бексултан Махмудов квалификациялык таймашта немис балбанына утулуп калды. Эртең 9-октябрда күрөштүн бул түрүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) килемге чыгат. 7-октябрда грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыгып баштаган. Читать дальше...
Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат. Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
Улуттук статистика комитетинин 8-октябрдагы маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% өстү. Эң кымбат баа Ноокат районунда катталып, бир тоннасы 8390 сомдон болсо, Баткенде бир тонна көмүр 8 377 сомго сатылууда. Чаекте 2,5 миң, Балыкчыда 4 миң, Токтогулда 4 373, Исфанада 6,5 миң сомго сатылууда. Статком баш калаа Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4,5 миң сомдон деп белгилеген. Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Читать дальше...
АКШнын Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин акыркы маалыматтарына ылайык, окуя 5-октябрда болгон. Элчилик окуянын чоо-жайын сурап, Пенсильвания штатынын полициясына кайрылды. Каза болгон 1993-жылкы маркумдун жакындары анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын документтерди даярдап жатат. Ага полиция эмне себептен ок атканы белгисиз. Читать дальше...
Былтыр жаш ишкер пандемия шартында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын чекесинде чакан цех ачкан. Мурда мээлей, көйнөк, шым тигип көнгөн эжелер эми ич кийим тигүүгө адистешти. Элина Глазунова өзү кыялданып жүргөн ишти баштаган. Бир жылда эле өндүрүш экспортко ылайыкталган брендге айланды. Азыр ал өз колунан чыккан ич кийимдерди Орусияга, Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатат.
2021-жылдагы тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзүүдөгү эмгеги үчүн Нобел сыйлыгы орусиялык “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Сыйлык алардын демократия менен тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзүп, сөз эркиндигин коргоого кошкон салымдары үчүн берилди. “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов өлтүрүүлөргө жана коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан басылманын көз карандысыз саясатынан баш тарткан эмес. “Ал ырааттуу түрдө журналисттердин укугун коргоп келди”... Читать дальше...
Түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. 9-октябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы... Читать дальше...