Бишкекте 120га чукул адам "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган салтанатка президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен Исхак Раззаковдун урпактары катышты.
Тогуз-Торо районундагы Кан-Ачуу коругуна орнотулган фотокапкана түшкөн жапайы жаныбарлардын арасында илбирстин бир нече сүрөтүн көрүүгө болот.
Суданда өзгөчө абал киргизилди. Анын алдында Чыгыш Африкадагы өлкөнүн коопсуздук күчтөрү премьер-министрди жана бийликтин бир нече аскердик эмес мүчөсүн кармап кетишкен. Маалымат каражаттары “аскердик төңкөрүш” болгонун жазышууда. Генерал Абдел-Фаттах Бурхан 25-октябрдагы теле кайрылуусунда башкаруудагы көз каранды эмес кеңешти жана убактылуу өкмөттү таркатып жибергенин билдирди. Буга чейин Маалымат министрлиги куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармашканын “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирген. Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишемби күнү АКШ баш болгон Батыштын 10 элчисин өлкөдөн чыгарууга буйрук бергенин жарыялады. Анын мындай кадамына аталган 10 мамлекеттин элчилеринин ишкер жана филантроп Осман Каваланын ишин калыс карап, абактан бошотууга чакырган билдирүүсү себеп болду. Эрдогандын каяшасы кайда алып барат? НАТОнун мүчөсү катары Батыш өлкөлөрү менен бир аскердик союзда турган жана Евробиримдикке талапкер Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын бул билдирүүсү Анкаранын АКШ... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу аталган партиядан "Азаттыкка" тастыкташты. Чечим партиянын съездинде кабыл алынган. "Кыргызстан" партиясынын жаңы лидери болуп "Аю холдингдин" вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган. Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок. Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат. "Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы "Ынтымак" партиясы менен парламенттик шайлоого бараткан парламент төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты. "Империя пиццы" кафесинен тамак жеп уулангандардын саны 120га жакындады. Өзбекстандагы президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Шавкат Мирзиёев жеңип чыкты.
Быйыл кышкысын 23 миллиондой ооган тамак-аштын тартыштыгынан жапа чегиши мүмкүн. БУУнун Азык-түлүк программасы менен Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму 25-октябрда биргелешкен билдирүүсүндө ансыз да туруксуз өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистин кырында турганын эскертти. “Биз жардам бербесек, миллиондогон оогандар миграция же ачкадан өлүүнүн ортосунда тандоого аргасыз болот”, - деп айтылат билдирүүдө. Анда белгиленгендей, кышкы каатчылыкка бир чети кургакчылыктын кесепети, куралдуу жаңжал... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты. Буга Мамытовдун төрагалык кызматты тапшырбай туруп шайлоого аттанууга аракет кылганы себеп болду. Парламент төрагасы соңку чечим боюнча комментарий бере элек. 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө саналуу күндөр калганда Борбордук шайлоо комиссиясы талкууга түшкөн чечим кабыл алды. Комиссия 24-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Талант... Читать дальше...
Өзбекстанда жекшембиде өткөн президенттик шайлоону азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды. Расмий маалыматка ылайык, "Элдик демократиялык партиядан " Максуда Варисова добуштардын 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу партиясынын" лидери Алишер Кодиров 5,5%, "Экологиялык партиядан" Назрулло Обломурадов 4,1%, “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды. БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы 25-октябрга карата жети саясий партияны каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Каттоодон "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", жана "Ыйман Нуру" партиялары өттү. Боршайком "Ата Мекен" жана "Ынтымак" саясий партияларынын тизмесинен бирден талапкерди чыгарды. "Ата Мекен" партиясы талапкер кылып көрсөткөн Нурбек Сабеков жогорку кесиптик билими тууралуу документти тапшырган эмес, "Ынтымак" партиясынан... Читать дальше...
“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечими тууралуу бир күндөн кийин билдирүү таратты. Анда алардын партиясынан шайлоого катышууга ниеттенген Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тарткан БШКнын олтуруму "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, "Ынтымак" партиясынын өкүлү катышпаса да" өткөнү айтылат. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин... Читать дальше...
Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу “Азаттык” радиосуна маек куруп, Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын идеологиясы, алардын жасап жаткан иштери жана аймактагы мамлекеттерге таасири тууралуу айтып берди.
"Кыргыз баалуулуктарын коргоо кыймылы" "Ыйман нуру" партиясын, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып жаткан Турсунбай Бакир уулун, "Мекенчил" партиясынын тизмесиндеги Шүкүрбек Эркебаевди жана "Азаттык" партиясынын тизмесиндеги Мыктыбек Арстанбек менен Руслан Бекназаровду 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодон четтетүүнү өтүнүп Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Аталган кыймылдын кайрылуусуна 100дөн ашуун киши кол койгон. Бул тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Читать дальше...
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус 25-октябрда пандемия жакын арада аяктабай турганын жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу боршайкомдун расмий сайтында кабарланды. Пери Орозбекова аттуу "Фейсбук" колдонуучу №14 Сузак округунан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Шайырбек Ташиевдин агасы, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын жазган. Читать дальше...
Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зиберт түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын соңку билдирүүсү тынчсыздандыруу, түшүнбөөчүлүк жаратарын айтты. "Бирок германиялык элчини Анкарадан чыгаруу тууралуу азырынча эч кандай расмий кат түшө элек. Маселе ушундай эле сестентүүгө туш болгон Париж жана Вашингтондогу өнөктөштөр менен талкууланып жатат. Спекуляция кылбай туралы". 23-октябрда түркиялык Daily Sabah гезити президент Эрдоган Батыштын 10 элчисин чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук бергенин жазган. Читать дальше...
26-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 13...18, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15, Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 9...14, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз 0...-5°. Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5... Читать дальше...
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 18-25-октябрда өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, бир аптада 17 миң эреже бузуу катталды. 270тен ашуун айдоочу мас абалында машине айдап, 2500дөй айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, 232 киши документи жок машине айдаганы үчүн кармалган. 7 миңден ашуун айдоочу жол белгилеринин талаптарын бузса, 842 машине айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Мындан сырткары бир аптада автоунаасынын машинесин караңгылатып айдаган, машинаны номери жок же жасалма номер менен колдонгон... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасындагы күрөш командасындагы Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алгач Токиодогу Олимпиадада, андан кийин Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жогорку ийгиликтерге жетишти. Ошол эле маалда спорттун бул түрүндө “көшөгө артында” көпчүлүккө билинбеген бир катар маселелер бар. Бул Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаровдун “Азаттыкка” берген интервьюсунан кийин ачыкка чыгууда. - Саламатсызбы, Дүйшөн агай. Читать дальше...
Пабло Пикассо тарткан 12 картина дээрлик 109 миллион долларга сатылды. 23-октябрда Лас Вегастагы аукциондо "Кызыл-саргылт берет кийген аял" (Femme au Beret Rouge-Orange) деген шедеври адегенде 20 миллионго бааланып, дээрлик 40 жарым миллион долларга кетти. 1938-жылы жаралган сүрөттө Пикассонун көп жылдардан берки музасы Мари-Тереза Валтер тартылган. Картинаны буга чейин 1980-жылы казино магнаты 900 миң долларга сатып алган экен. Лас Вегастагы сатыкка ошондой эле кыл калем чеберинин 1959-жылы... Читать дальше...
Германия Беларустан өтүп келген мигранттардын агымын тескөө үчүн Польша менен чек арасына кошумча аскерлерди жайгаштырды. Немис ички иштер министри Хорст Зихофер 24-октябрда жергиликтүү гезитке берген интервьюсунда 800 полиция кызматкери аймакка жөнөтүлгөнүн, керек болсо алар күчтөндүрүлөрүн билдирди. Чек арада алар мигранттардын жолун тороого аракеттенген 50 чакты ашынган улутчул активистти кууп таркатты. Еврошаркет жана расмий Берлин Александр Лукашенконун режимин санкцияларга жооп иретинде... Читать дальше...
Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 25-октябрда кабарлады. Кеңештин курамын президент анын башкы катчысынын сунушу менен бекитет. Расмий маалыматка караганда, кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Баш катчысы Нурипа Муканова. Мындан сырткары курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы... Читать дальше...
Москва АКШ Мамлекеттик департаментинин америкалык визаны алууну көздөгөн орусиялыктарды "үй жайы жок улуттардын" тизмесине киргизгенин сындады. Эми алар визага үчүнчү өлкөдөн, тагырагы Польшадагы элчилик аркылуу тапшыра алышат. Быйыл майда орус бийлиги АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын азайттыргандан кийин виза берүү иши дээрлик токтоп калган. Мамлекеттик департамент сөз болгон тизмеге Кошмо Штаттардын консулдук өкүлчүлүктөрү жок же саясий, коопсуздук кырдаалынан улам виза берүү мүмкүн болбогон өлкөлөрдү киргизет. Читать дальше...