Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белекке берди. Бул тууралуу машыктыруучунун жакындары социалдык тармактарда кабарлады. Мейрамбек Ахмедов балбан Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп көп жылдан бери эмгектенет. Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган. (TSh)
Орусияда 2-3-октябрь күндөрү COVID-19 илдетинен 890 киши кайтыш болду. Бул пандемия башталгандан бери коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк санынын эң жогорку чеги. Орус өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 769 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Алардын 4294ү баш калаа Москванын тургундары. Натыйжада Орусияда илдетке чалдыккан жарандардын жалпы расмий саны 7,5 миллиондон ашты. Алардын 210 миңден ашууну көз жумду. Орусия коронавирустун... Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мечиттердин биринин аймагындагы жардыруудан кеминде эки киши набыт болду. Окуя 3-октябрда "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине куран окутуп жаткан учурда болгону аныкталды. "Бүгүн түштөн кийин Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришинин жанында жайкын тургундар жыйналып турган учурда бомба жарылды. Тилекке каршы бир нече адам каза тапты", - деп жазды "Твиттерге" Забиулла Мужахид. Талибдер түзгөн өкмөттүн курамындагы Ички министрлигинин... Читать дальше...
Грузияда саясий чыңалуу менен коштолгон жергиликтүү шайлоолордо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты. Оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" марага экинчи келди. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин Грузияга кайтып келиши оппозиция менен бийликтин тирешин ого бетер күчөттү. Грузияда бийликтеги партия үчүн референдум катары мүнөздөлгөн 2-октябрдагы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы эки негизги атаандаш партиянын карама-каршылыктуу билдирүүлөрү коштолуп жатат. Бул күнү Грузиянын ондогон... Читать дальше...
Нью-Йоркто 2-октябрда памир тилдеринде жазылган китептердин бет ачары өттү. “Pomir Zindaist” жана “Pomeri Sogen” деген аталыштагы вахан, шугнан тилдериндеги жомок китептерди жаш изилдөөчү Хусния Худжамёрова (Давлатёр) топтогон. Ал жок болуу коркунучуна кептелген вахан, шугнан, бартанг, рушан, ишкашим тилдерин сактап калуу боюнча маселе көтөрүп, изилдеп жүрөт. Китепте жомоктордун англис, орус тилиндеги котормолору берилген. Хусния Худжамёрова "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматына берген маегинде... Читать дальше...
Алай районунун Гүлчө айылында “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” өттү. Маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналган. Ага Кыргызстандын жети дубанынын жана Өзбекстандын Наманган облустук театрынын чыгармачыл топтору катышты.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Осмонов 65 килограмм салмакта ат салышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2-октябрдагы шайлоодо берилген добуштар 100% саналганын маалымдады. Ага ылайык, бийликтин "Грузин кыялы" партиясы - 40,3%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы - 27,97% , ал эми "Грузия үчүн" саясий партиясы 8,85% добушка ээ болду. 2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө шайлоо болду. Тбилиси шаардык кеңешине өтүү үчүн партияларга шайлоо босогосу 2,5%, калгандарына 3% түзөт. Жалпысынан шайлоого 43 саясий партия катышты. Читать дальше...
80 жаш курагында Кыргызстандын дипломатия кызматынын ардагери, элчилик кызматтарда жүргөн, профессор Марат Саралинов каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Марат Саралинов 1941-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1969-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы болуп иштеген. СССР Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебинде даярдоо курсунда окуган. 1996-2001-жылдар аралыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп турган. 2003-жылы Кыргызстандын Дубайдагы генералдык консулу... Читать дальше...
2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Токмок шаарында жол кырсыгына кабылган автоунаа президенттик администрациянын кызматтык унаасы эмес. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Айрым басылмаларда жана социалдык тармактарда кечээ түндө Токмок шаарында эки автоунаа кагышып, натыйжада эки адам каза тапканы кабарланган. Алардын бири президенттик администрациянын кызматтык унаасы экени жазылган. Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду. Читать дальше...
Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну, ишкер жана саясатчы Бернар Тапи 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнө рак оорусу себеп болгону айтылууда. Тапи 1943-жылы Францияда туулган. Автожарыш менен алектенип, авариядан кийин спорттон кетүүгө аргасыз болгон. 1967-жылы банкрот болуп калган уюмдар менен иштеген компанияны негиздеген. 1986-жылы "Олимпик Марсель" футбол клубун символикалуу 1 франкка сатып алып, ийгиликке жеткирген. Ал ээлик кылып турган 1986-1994 жылдары клуб төрт жолу Франциянын чемпиону болуп... Читать дальше...
Синоптиктердин маалымдашынча, эртең 4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+6, күндүз 7…12; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз 9…14; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15 градус жылыйт. Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында өттү. Иш-чарага президенттик администрациянын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар жана Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. Читать дальше...
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болуп, тараптар Ооганстандагы кырдаалды талкуулады. Ооган элине чукул гуманитардык жардам берүү жана бул өлкөдө гуманитардык капсалаңга жол бербөө тууралуу сөз болду. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, саясий, социалдык-экономикалык, гуманитардык,... Читать дальше...
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти? Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты. Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди. Читать дальше...
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти? Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты. Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди. Читать дальше...
UFC Russia уюмунун YouTube каналы Лас-Вегаста болгон UFC Vegas 38 турниринин кызыктуу учурларын кесип, чогултуп, видеосун жарыялады.
Дүйнө биринчилигинин алтын байгеси үчүн таймаш бүгүн, жекшембиде, кечинде өтөт. Анда Аргентина менен Португалия курама командалары беттешет.
Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 3-октябрга карата 76 адам болду. Жаңы арыз бергендер арасында партиялар тарабынан көрсөтүлгөндөр дагы бар. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, "Альянс" саясий партиясы эки талапкерин: бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Алмаз Тарыкбаевди, ал эми №5 Ноокат округунан азыркы депутат, "Бир бол" партиясынын негиздөөчүсү Алтынбек Сулаймановду көрсөттү. Азырынча башка партиялардан бир мандаттуу округдан өкүлүн көрсөткөндөр жок. Читать дальше...
Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар. Биздин өлкөдө диний билими бар деген сөз - күнүмдүк турмуштагы майда-барат маселелерге карата "болот же болбойт" деп өкүм берүү менен гана чектелип тургандай. Негизи дүйнө жүзүндө ушундай абал десек болот. Дегеним, аалым деп аталган киши диний талаптар менен учурдун илимий жетишкендиктерин, учурдун талаптарын кынтыксыз айкалыштыра билиш керек болчу. Бизде аалым же диний лидер деп аталып жүргөн кишилердин орток өзгөчөлүгү – сезимтал диний сукбаттарды өткөрүп... Читать дальше...
Грузияда 2-октябрда өткөн шаар мэрлерин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Жекшембинин таңына карата 3743 добуш берүү участогунун 1446сында добуштар саналды. Ага ылайык, бийликчил "Грузин кыялы" партиясы 48,56%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы -31,23% добушка ээ болду. БШКнын төрагасы Гиоргий Каландаришвили шайлоонун жыйынтыгы тууралуу толук маалымат бир нече сааттан кийин аныкталарын журналисттерге билдирди. Читать дальше...
Апта башында Wall Street Journal басылмасы АКШ Орусиядан Борбор Азиядагы орус базаларын колдонууга байланыштуу сунушу тууралуу жазды. Nikkey Asia агенттигинде Борбор Азияда интернет көзөмөлү күчөтүлүп жатканы тууралуу баяндама жарык көрдү. Ал эми Eurasianet.org басылмасы бул аптада Кыргызстандагы энергетикалык кризиске көңүл бурду. Борбор Азия: АКШ Орусия менен Кытайга атаандашпы? Wall Street Journal басылмасы 28-сентябрда Ак үйдөгү булактарына таянып жазгандай, Борбор Азиядагы орус базаларына... Читать дальше...
Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагында жанкечтилердин атайын батальону түзүлгөнүн Бадахшан провинциясынын вице-губернатору Молдо Ахмади журналисттерге билдирди. Атайын батальон Ооганстандын чек араларында, негизинен Кытай жана Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясында дислокация болот. Вице-губернатордун айтымында, жанкечтилердин армиясы мурдагы өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө сокку урган күчтөр менен барабар. Ал жанкечтилерди эр жүрөк согушкерлер деп атап, "жандан кечүү менен гана АКШнын аскерлерин кыйратууга" мүмкүн болгонун айтты. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бир катар маселелер боюнча пикирин жазды. Алардын бири - өлкөдөгү коомдук кырдаал, коронавирус пандемиясы учурундагы экономикалык абал, кымбатчылык. Мамлекет башчы кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буга бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин билдирген. "Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшүп, казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу... Читать дальше...
Грузиядагы шайлоонун жүрүшүнө бир нече уюмдар сурамжылоо жүргүздү. Ушул тапта 47,6% менен "Грузин кыялы" партиясы алдыда. Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы 27,1 пайыз добушка ээ болду. Мурдагы өкмөт башчы Георгия Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы 6,8% добуш алды. Бул маалыматтарды сурамжылоо жүргүзгөн Gorbi компаниясына таянып, Imedi со телекомпаниясы кабарлады. "Мтавари архи" телеканалы Ipsos институтунун маалыматы боюнча "Грузин кыялы" - 38,6%, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%... Читать дальше...