“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Роза Корчубекова болду. Ал маегинде колхоздун козусун бакканы, 30 жыл үч районду башкарган атасынын сыры, кантип министр болгону, “Аялдар” партиясына кошулганы, бийликтин “депутаттык тизмеси” жөнүндө кеп кылат.