UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин урунттуу учурларынын видеосун жарыялады. Мушкерлер таймашы түндө (Бишкек убактысы боюнча таңга маал) өттү.
АКШда орусиялык окумуштуу-физик жана бизнесмен Валентин Гапонцев 83 жаш курагында каза болду. Forbes журналы анын байлыгын 2,8 миллиард доллар деп баалаган. Гапонцев өндүрүштүк лазерлерди чыгаруу жана сатуу менен алектенген. 2018-жылы ал өзүн орус президенти Владмимир Путиндин жакын санаалаш олигархтар тизмесинен чыгарууну талап кылып, АКШнын Финансы министрлигин сотко берген. Окумуштуу Москвада туулуп, Львов политехникалык институтун, Москва физика-техникалык институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Читать дальше...
24-октябрда Өзбекстанда өтүп жаткан атаандаштык жок президенттик шайлоодо 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланганы турат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Саат 13:00гө карата шайлоочулардын 33% ашыгы добуш берди. Республика боюнча жалпысынан 19 млн. 859 миңден ашуун шайлоочу катталган. Шайлоого 971 эл аралык байкоочу көз салууда, анын ичинен 631и эл аралык уюмдардан, 340ы чет өлкөлөрдөн. Мындан тышкары партиялардан 54 миңге жакын жана... Читать дальше...
Бүгүн, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Атаандаштык жок өтүп жаткан шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы төрт талапкер шайлоого катышууда. Бул жолу оппозициялык үч партияны каттоого жана талапкерлердин ат салышуусуна уруксат берилген жок. 35 млн. калкы бар Өзбекстанда 1991-жылы эгемендик алгандан берки алтынчы президенттик шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча... Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирустан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2653 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 96 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес. Бишкек - 52; Чүй облусу – 13; Ош облусу – 1; Талас облусу - 5; Нарын облусу - 1; Ысык-Көл облусу – 15; Жалал-Абад облусу – 5; Баткен облусу - 4. Читать дальше...