Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200дөн ашуун медиа каражаты чагылдырууда. Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлуп жатат. (BCh)
Мэр Таалайбек Сарыбашов административдик ресурс колдонууну болтурбоо үчүн бир нече жолу жыйналыш өткөргөнүн, эгер мамлекеттик кызматкерлер аралашкан мыйзам бузуу катталса, аларга чара колдонуларын билдирди. «Мен шаар башчысы катары мэриядагы кызматкерлердин бир да админресурс колдонбоого, шайлоочуларга тоскоолдук жаратпоого чакырып, эки жолу штабдын жыйынын өткөрдүк. Координациялык кеңешмеде чечим кабыл алып, укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди», - деди Сарыбашов. Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык... Читать дальше...
Кыргызстанда конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтүүдө. Бул - эгемендиктин 30 жылдык тарыхындагы тогузунчу жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы эмнеде?
Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.
Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.
Тагдырдын башаты үй-бүлө чөйрөсүнө да багыныңкы. Бирок инсан өз тагдырын дурус нукка буруу үчүн ар дайым өзү күрөшүүсү керек. Блогчу Элмурат Кочкор уулунун сереби.
Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 106 арыз каралып жатат. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 36, административдик ресурс боюнча 23 кайрылуу келип түшкөн. Калгандары ар кандай мыйзам бузуулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады. Ал эми өлкөнүнү Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөн. Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары... Читать дальше...
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров Кыргызстандагы добушканалардын 85 пайызында майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар бар экенин кабарлады. Пандустардан тышкары азистер үчүн коштоп жүрүүгө ыктыярчылар да тартылган. "БШК мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына байланыштуу туруктуу картаны иштеп чыккан. Майыптыгы бар адамдарды каттоого алып жатабыз. Бүгүнкү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүү үчүн 20 187 майыптыгы бар адам каттоодон өткөн". Читать дальше...
Бишкек шаардык милициясы көчөдө кызга бычак менен кол салган деген шек менен 44 жаштагы киши кармалганын кабарлады. Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган кишини тинтүү учрурунда далил буюм катары бычак табылган. 10-апрелдин түнүндө милицияга Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга бейтааныш адам бычак менен кол салганы боюнча арыз түшкөн. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда шектүүгө издөө жарыялаганын кабарлаган. Читать дальше...
Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу референдумда өлкөдөгү добушканалардын, шайлоочулардын коопсуздугун 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. Тартип сакчылары добуш берүүнүн жүрүшүн, шайлоо тилкелериндеги кырдаалды карап, коомдук тартипти жөнгө салып турушат. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус шартына байланыштуу добуш берүүдө санитардык эпидемиологиялык коопсуздукка да көңүл бурулганын билдирди. Мекеме добушканалар маал-маалы менен тазаланып... Читать дальше...
Спортчу кыз Bellator уюму менен 2019-жылдын аягында келишим түзгөн. Деген менен коронавирус пандемиясынан улам беттешке чыга албай келген.
Бишкек шаарындагы алты добушканада 10-апрелде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. "Республика" партиясынын арызы менен кечээ беш добушканадагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин социалдык медиада дагы башка партиялардын арыздары да жарыяланып, дагы бир тилкедеги добуштарды жокко чыгардык", - деди Маматов. 10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо... Читать дальше...
Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Читать дальше...
Грекиянын баш калаасы Афиныда коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрү менен таанымал, "Star" телеканалынын журналисти Йоргос Караиваз киши колдуу болду. Ал 9-апрелде жумуштан чыгып, үйүнө бара жатканда мотоцикл айдаган эки киши 15 жолу ок атышкан. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлады. Соттук медициналык кызматкерлер журналисттин сөөгүнөн он окту алып чыгышкан. 52 жаштагы Йоргос Караиваз коррупция, кылмыштуулук тууралуу күнүгө атайын берүүлөргө катышчу. "Bloko" деп аталган жемкорлуктун бетин ачкан порталды негиздеген. Читать дальше...
10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу референдумга көчмө добуш берүү болду. Ага 17 099 адам добуш берүүчү катышты, алардын 4 990у Бишкек шаарынан. Мыйзам боюнча шайлоо тилкесине келе албагандар арыз менен кайрылып, бир күн мурда үйүндө добуш берсе болот. Добуш берүүдөн соң НДПК, "Реформа" жана "Республика" партиялары Бишкек шаарындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Читать дальше...
Премьер-министр Улукбек Марипов 10-апрелде өкмөт мүчөлөрү жана жарандык авиациянын өкүлдөрү менен коронавирустун шартында кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгуусу, саякаттоосу жана учак билеттеринин баасына байланыштуу маселелерди талкуулады. 1-апрелден тартып ишке кирүүсү пландалып, бирок кечигип жаткан "COVIDсиз саякаттоо" долбоору тууралуу сөз болуп, өкмөт башчы чет өлкөгө чыгууга негиздеме катары талап кылынган ПЧР анализдерине байланыштуу кырдаал ишкердикке айланып кетти деп сындады. "Сиздер долбоорду иштеп чыгып... Читать дальше...