Орусияда жүз миңден ашуун кыргызстандык миграциялык эрежелерди сактабай жүргөндүктөн, "кара тизмеге" кирип, депортация болушу ыктымал.
Бишкекте 15-апрелдеги аялдарга карата зомбулукка каршы митингдеги окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болууда. Иликтөөчү журналист Болот Темиров өз маалыматтарына таянып, бул митингдеги чагымды милиция кызматкерлери уюштурганын жарыялады. Темиров: ИИМдеги чагым министрдин буйругу менен болгон Иликтөөчү журналист Болот Темиров жаңы жагдайын айтып чыккан митинг 15-апрелде болгон. Анда уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнөн соң ондогон активисттер аялдарга зомбулукту... Читать дальше...
"Фейсбук" президент Жапаровдун уу коргошун боюнча постун өчүргөнүн "Азаттыкка" билдирди. Пресс-катчы Галина Байтерек болсо постту өздөрү өчүргөнүн айтты. Ошол эле маалда депутаттар министр Бейшеналиевди кызматтан кетирүүнү демилгелешти. “Кемпир-Абадга” барган УКМК төрагасы Ташиев 50 гектар жерди 20 гектарга чейин азайтуу сунушун Ташкентке сунуштамак болду. //"Бүгүн Азаттыкта". 19.04.2021.//
Айрым байкоочулар 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо добуш сатып алуу, админ.ресурс колдонуу менен өткөнүн айтып жатышат. 2020-жылы октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардын натыйжасы менен келген бийлик таза шайлоо өткөрүүгө кудурети жетеби? Ушул жана башка шайлоого байланыштуу суроолорду эксперт Айбек Теңизбаев талдап берди. Аны менен Токтосун Шамбетов маектешти.
Орусия украин чек арасында аскер кубаттуулугун күчтөндүргөнүнө байланыштуу Европа Биримдиги Москвага каршы жаңы санкцияларды азырынча киргизбейт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин онлайн кеңешмесинде анын башчысы Жозеп Боррель айтты. Ал учурда орусиялык аскер күчтөрүнүн опуртал кыймылы жана орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгы Евробиримдикти тынчсыздандырып турганын белгиледи. Боррель Орусия Украина менен чектешкен аймактарга жана аннексияланган... Читать дальше...
Оштогу заводдо кран башкарган айымдар. Саясатты сатирага салган Москвадагы мекендешибиз Самат. Жаш муундар акын Элмирбек Иманалиевди эскеришти. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен бразилиялык Жессика Андраденин беттешинин промо видеосун чыгарды.
Элдик медицинада уу коргошунду айрым ооруларды дарылоодо колдонгон учурлар бар. Бирок мындай окуялар адам өлүмү менен аяктап, майыптыкка алып келген учурлар да аз эмес. 16-апрелде саламаттык сактоо жана өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоонун жаңы ыкмасын жарыялаган. Анын айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун сунушу менен эми бейтаптарга уу коргошундун тундурмасын ичире башташты. Бейтаптарга клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде тастыкталбаган тамырдын тундурмасын берүүнү коомчулук түрдүү кабыл алды. Читать дальше...
“Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун 19-апрелде жарыяланган баяндамасында Кытай бийлиги уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына карата адамгерчиликке каршы оор кылмыштарды жасаганы белгиленген. Баяндамада Кытай бийлиги камоо, кыйноо жана куугунтукка алган учурлар үчүн жоопкер экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле эл аралык коомчулукту бул маселеге терең көңүл буруп, айыптуу тарапты жоопко тартып, бул багыттагы саясатын өзгөртүш үчүн Кытайдын бийлигине басым көрсөтүүгө чакырык ташталган. “Кытайдагы... Читать дальше...
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы активист Умай Арыков жазган арызды карай баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирип, мындан башка маалымат берген жок. Умай Арыкова 16-апрелде Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган. Ушундай эле арызды ал 19-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине берген. Читать дальше...
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын добуш сатып алууга айыптап шайлоодон четтетти. Бирок аталган партиянын мүчөлөрү бул чечимге макул эместигин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жана сотко кайрыларын билдиришүүдө. НДПК партиясын шайлоодон четтетүүгө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) жана милициянын "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов чечим 18-апрелде кабыл алынганын айтты. Читать дальше...
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчы Садыр Жапаровдун уу коргошун тууралуу "Фейсбуктагы" билдирүүсүнүн өчүрүлүшү тууралуу маалымат берди. Анда президенттин соцтармактардагы расмий баракчаларындагы билдирүү "тыштан эч кимдин кийлигишүүсүз, жеке демилге" менен өчүрүлгөнү белгиленген. Байтеректин маалыматына караганда, ошол эле кезде Саламаттык сатоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул багытта илимий иликтөө иштерин улантат. Буга чейин "Фейсбук" компаниясы президент... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 19-апрелдеги отурумунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматтан алууну өкмөт башчыга тапшырды. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “министр уу коргошун менен коронавирусту дарылайм деп кыргыз медицинасын уят кылды” деп эсептейт: "Министр соңку аракеттери менен кыргыз медицинасын дүйнөгө уят кылды. Анын табыпчылыкты колдоп чыкканы... Читать дальше...
Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальный абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Жазаны аткаруу федералдык кызматы кабарлады. Ал Покров шаарындагы №2-түзөтүү абагында жаза мөнөтүн өтөө учурунда ачкачылык акциясын баштаган. Мекеме анын саламаттыгы "канааттандырарлык" экенин билдирди. Ошондой эле бир канча күндөн бери наар албай жаткан саясатчыга өзүнүн макулдугу менен витамин сайылганын маалымдады. Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан. Читать дальше...
Орусия «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасын апрелдин аягына чейин берип, майдын башынан тартып эмдөө иштери республика боюнча кеңири масштабда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов COVID-19 илдетине каршы туруу боюнча Ташкентте өткөн атайын республикалык комиссиянын жыйынында айтты. Өзбекстанга Кытай вакцинасынын 1 миллион дозасы апрелдин аягына чейин келет. Өзбекстандын премьер-министри жарандар үч вакцинанын ичинен каалаганын тандай аларын белгиледи. Өзбекстанда... Читать дальше...
Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы оппозиция лидери Алексей Навальный ооруканага которулганын 19-апрелде билдирди. Мунун алдында ачкачылык кармап жаткан саясатчынын догдурлары анализдерин жарыялап, саламаттыгы кескин начарлап кеткенин маалымдашкан. Покров шаарындагы абакта отурган Навальный, маалыматка караганда, Владимирдеги башка жабык жайдын аймагындагы ооруканага жаткырылды. Жаза аткаруу федералдык кызматы анын абалы "канааттандырарлык" экенин, анын макулдугу менен витаминдерди берип, дарылап жатышканын кабарлады. Читать дальше...
Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арыз жазды. Бул тууралуу 19-апрелде "Азаттыкка" билдирген активист, Бейшеналиевдин коронавирусту уулуу чөп менен дарылоо тууралуу чакырыгы улуттук коопсуздукка кесепетин тийгизерин белгиледи. Арыкова ушундай эле арызды үч күн мурун Башкы прокуратурага да жолдогон. Ал министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ошто үч илбирстин терисин мыйзамсыз соодалап, 4500 АКШ долларына сатууну көздөгөн адам кармалганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы кылмышка шектүү бул терилерди Тажикстандан алганын билдирди. Илбирс – жоголуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбар, Кызыл китепке кирген. Кыргызстанда мыйзам менен корголот. Кармалган жарандын иши Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси менен(Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) иликтене баштады. Читать дальше...
Түркияда коронавирус менен ооругандар көбөйүп, 14-апрелден тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилген. Tүрк бийлиги өлкөдө жашаган мигранттарды пандемия маалындагы эреже-талаптарды так сактоо керектигин, болбосо визасы дароо жокко чыгарыларын эскертип жатат.
Экономика жана финансы министрлиги өлкөдөн сыртка кагаз чыгарууга убактылуу тыюу салган жатат. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары өлкөлөргө регенерациялануучу кагаз менен картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыккан. Министрликтин маалымат кызматы муну Кыргызстандын өзүндө кагаз таңкыстыгына жол бербөө менен түшүндүрдү. Статистикалык маалыматтарга... Читать дальше...
Германиядагы "Der Spiegel" басылмасы соңку санында аннексияланган Крымдагы Керчь шаарынын түштүгүндөгү орусиялык аскер лагеринин спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Журнал мындай жай быйыл 15-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта пайда болгонун белгилеген. “Марфовка кыштагынан 30 чакырым алыстыктагы жээкте орусиялык аскерлер көчмө аскер базасын курушкан. Эгер 15-мартта эле бул жээк бош жаткан болсо, 2-апрелден бери ар кандай курулуштардын саны өсүп, аскер техникасы көбөйгөн”- деп жазылган макалада. Читать дальше...
Кыргызстандагы "Клооп" басылмасы британиялык абройлуу "One World Media Awards" сыйлыгынын узун тизмесине илинди. Бул байге "Глобалдык түштүктө"* көмүскөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырган, стереотиптерди сындыруу, түрдүү маданияттагы адамдардын башын бириктирүү багытындагы маселелерди көтөргөн маалымат каражаттарына берилет. "Клооп" кабарлагандай, басылма "Атайын сыйлык" багытында ат салышууда. Атаандаштардын арасында Колумбиядан, Мьянмадан жана Африканын бир катар мамлекеттеринен он басылма бар. Узун тизмеге илингендерди комиссия иргеп чыгып... Читать дальше...
Ташкент шаарынын Юнусабад районундагы мечиттердин имамдар тобу Өзбекстандагы телеканалдардан «моралдык жактан жергиликтүү менталитетке туура келбеген» тасмаларды жана сериалдарды көрсөтүүнү токтотуу сунушу менен чыкты. Бул тууралуу Ташкенттин Юнусабад районунун акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. Имамдар райондун акими менен жолугушууда соңку мезгилде ажырашууларга сериалдар себеп болуп жатканы айтылып, мунун алдын алуу үчүн бийликке ушундай сунуш берилген. Иш-чарага катышкандар никелешкендерге... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту. Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында өттү. Анда чогулгандар Ташиевден эки тараптуу протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербөөгө чакырышты. Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди. Читать дальше...
"Фейсбук" компаниясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу "Азаттыкка" ырастады. "Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз"... Читать дальше...