Ирактын баш калаасы Багдаддын түндүк тарабындагы америкалык аскерлер келишимдик негизде кызмат кылган Балад аба базасы ракеталык аткылоого кабылды. Бул маалыматты Ирактын коопсуздук тармагындагы жетекчилери ырасташты. Алардын айтымында, 18-апрелдеги чабуулдан Ирактын эки коопсуздук кызматкери жараат алды. Соңку бир канча аптадан бери Ирактагы АКШнын күчтөрү жайгашкан аскердик жайлар ар кандай чабуулдарга туш болуп келет. Жекшембидеги ракеталык чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок... Читать дальше...
Өзбекстанда коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам 18-апрелден тартып карантин чаралары кайрадан күчөтүлдү. Ооругандар катталган бала бакчалар менен мектептер убактылуу жабылары кабарланды. Ал арада Түркияда Казакстанда даярдалган вакцина чыгарылганы жатат.
Өзбекстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 403 миңден ашты. Бул тууралуу 33 миллиондой калкы бар бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, вакцина алгандардын көпчүлүгү Фергана (58 529), Анжиян (44 309) жана Наманган (40 664) облустарына туура келет. Буга чейин Өзбекстан кытайлык компания иштеп чыккан ZF-UZ-VAK 2001 вакцинасын, орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн. Жакында Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп... Читать дальше...
Москва шаарындагы Авиамоторная көчөсүндө жайгашкан имараттардын бирине чогулган 100дөн ашык мигрант Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) нааразы болуп жатышат. Уюштуруучулардын бири, “Мен макул эмесмин” кыймылынын мүчөсү Орозайым Нарматова буларды билдирди. “Кыргызстандын жери УКМКнын менчиги эмес. Алар элдин, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү жок өз алдынча чечүүгө укугу жок. Бүгүнкү чогулуш “УКМКнын жетекчиси кызматын өз ыктыяры менен тапшырып берсин” деген талап менен өтүп жатат. Читать дальше...
Пакистанда Мухаммед пайгамбардын азил сүрөттөрүнө байланыштуу Франциянын элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылган топтор менен полициянын жаңы кагылышуусунан кеминде үч адамдын өмүрү кыйылды. Өлкө чыгышындагы Лахор шаарынын полициясынын өкүлү Рана Ариф билдиргендей, 18-апрелде тыюу салынган "Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери жергиликтүү полиция бекетине чабуул коюшкан жана алты коопсуздук кызматкерин барымтага алышкан. Натыйжада ортодо кагылышуу болуп, андан 20дай адам, анын ичинде 11 полиция кызматкери жараат алды. Читать дальше...
21-апрелде Орусиянын бир катар шаарларында абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон ири митингдер өтөт. Бул тууралуу маалымат Навальныйдын расмий сайтына 18-апрелде жарыяланды. Анда саясатчынын саламаттыгы тездик менен начарлап жатканы, мындан ары кол куушуруп отурууга болбой калганы белгиленген. "Азыр Навальный колонияда, анын өмүрү кыл учунда турат. Анын саламаттыгына байланыштуу олуттуу маселелер бар. Ага дарыгерди киргизбей жатышат. Ал бир канча аптадан бери медициналык жардам көрсөтүлүшүн талап кылып... Читать дальше...
Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык рингде кезектеги беттеште жеңишке жетти. 17-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында "RCC Boxing Promotions" уюму уюштурган мелдеште Сулайманбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта орусиялык Никита Кузнецов менен күч сынашты. Жети раундга созулган таймаштын жыйынтыгында кыргыз мушкери техникалык нокаут менен жеңишке жетти. Беттештен кийин Сулайманбек уулу жеңишке жетерине ишенгенин айтып берди. "Беттеш ортолоп калганда таймашты нокаут менен жыйынтыктагым келди. Читать дальше...
Чехиянын өкмөтү 2014-жылы Врбетице кыштагында болгон жарылуудагы Орусиянын болжолдуу ролу тууралуу НАТО менен Европа Биримдигине маалымат берилгенин билдирди. Чехиянын тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан ички иштер министри Ян Гамачек Еврошаркеттин башкы дипломаттары бул маселени 19-апрелде талкуулай турганын "Твиттерге" жазды. 17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарынын Врбетицедеги жарылууга байланыштуу "анык далилдеринин" негизинде тыңчы... Читать дальше...
Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко өзүнө жана балдарына кол салууну көздөгөн операция алдын алынганын билдирди. Ал бул тууралуу 17-апрелдеги ишембилик маалында журналисттерге айтып, операцияга АКШнын "жогорку саясий жетекчилиги макулдугун берген" деп белгиледи. Бирок Лукашенко бул сөздөрүн бышыктаган далилдерди көрсөткөн жок. Орусиянын чалгын кызматтары Лукашенко сөз кылган кутумчул аракет боюнча Москвада Беларустун эки жаранын кармаганын кабарлады. Мындай айыптоого... Читать дальше...
Чехия 2014-жылкы жарылууга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Чех полициясы Солсбери окуясында аты аталган ГРУнун тыңчылары "Александр Петров" менен "Руслан Бошировго" издөө салды. Москва Праганын соңку кадамынын кесепети болоорун эскертти.
Президент Жо Байден 2021-жылдын 30-сентябрына чейин АКШ кабыл алчу качкындардын санын аныктаган буйрукка кол койду. Ага ылайык, быйыл Европадан жана Борбор Азиядан 1,5 миң, Латын Америкасы менен Кариб өлкөлөрүнөн 3 миң, Жакынкы Чыгыштан жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн 1,5 миң, Африкадан 7 миң, Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн миң качкынга башпаанек берилет. Дагы миң виза резервге калтырылат. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки кийинчерээк качкындарга бөлүнгөн квоталарда өзгөрүү болушу ыктымалдыгын билдирди. Читать дальше...
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.
Улуу Британия май айында эки аскер кемесин Кара деңизге - Украинага жана НАТОго тилектештигин билдирүү максатында жиберет. Бул тууралуу "Sunday Times" гезити өз булактарына таянып жазды. Ага ылайык, ракеталар менен куралданган эки аскер кемеси Босфор кысыгы аркылуу Кара деңизге кирет. Ал эми Жер ортолук деңизинде "Квин Элизабет" кемеси болот. Британ Коргоо министрлигинин өкүлү бул маалыматка комментарий берген жок. Бирок Лондон жана союздаштары Украинанын эгемендигин жана бүтүндүгүн колдошорун белгиледи. Читать дальше...
Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү эл аралык марафонунда алтын байге алды. Мара 17-апрелде Дүйшөмбү шаарында өттү. Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова бул марафондо 21,1 чакырымдык жарым марафонго жарышка чыгып, белгиленген аралыкты 1 саат 12 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Жарым марафондун күмүш байгесин өзбекстандык жөө күлүк Вереника Гришина, коло байгесин тажикстандык жеңил атлет Зулхича Гаффорзода алышты. Бул Дарья Маслованын акыркы айдагы экинчи жеңиши. Читать дальше...
Медиа мекемелердин кызматкерлери арасында уюштурулган Медиа-Лиганын алгачкы сезонунун байге ээлери аныкталды. Мелдеш 7-мартта башталып, 17-апрелде жыйынтыкталды. Ага 8 команда: “Азаттык”, “НТС”, “ЭлТР”, “КТРК”, “Кыргыз спорт ТВ”, “Kloop”, “Super.kg” жана “Ала-Тоо 24” командалары катышып, ар ишемби сайын айлампа тартибинде ойношту. 17-апрелде болгон акыркы 7-турдун жыйынтыгы менен 17 упай топтогон КТРК командасы 1-орунду ээледи. 15 упай эсебинде бар ЭлТР оюнчулары 2-орунга жайгашты. 15 упай топтоп... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 15-апрель күнү министрликтин алдында өткөн митингде милиционерлер чагым кылган жок деп ырастайт. Басма сөз кызматы тараткан маалыматта каршы тараптын митингин милиция кызматкерлери уюштурган деген сөздөр чындыкка дал келбей турганы жазылган. Басма сөз кызматы "антимитингге ар бир милиционер бештен адам алып келсин" деген тапшырма тууралуу Интернетте тараган тасмада айтылгандарды да жокко чыгарууда. «Бул калп жана чындыкка дал келбейт. Анда айтылгандардын баары ушак жана ойдон чыгарылган. Читать дальше...
19-апрелде түнкүсүн дээрлик бардык аймактарда жаан жаайт. Тоолордо жаан карга айланат. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан жайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус жылыйт. Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаабайт. Читать дальше...
Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумган адамдардын саны үч миллиондон ашты. Пандемия башталгандан берки убакта жалпысынан 140 миллиондон ашуун адам ооруга чалдыкты. Ушул тапта COVID-19 менен алышып жаткан 18 миллион адам бар. Алардын ичинен 106 миңи илдеттин оор түрү менен ооруп жатышат. АКШдагы Хопкинс университети маалымдагандай, акыркы жумада күн сайын 12 миң чамалуу адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Күн сайын дүйнөдө 700 миң адам ооруга жаңыдан чалдыгып жатканы - пандемия басаңдабаганынын далили. Читать дальше...
Пандемия башталгандан бери адистер коронавирустун дабасын табуу менен алектенип келатышат. Аларга жардам беребиз деппи же элди дүрбөлөңгө салбоо максатындабы, айтор айрым аткаминерлер да бул ишке жигердүү катышып, медицинадан алыс жетекчилер да кеп-кеңештери менен аянбай бөлүшүүдө. Бир жылдай мурун Мексиканын Пуэбла штатынын губернатору Мигель Барбоза “коронавируска каршы вакцина табылды, бул - индүк менен момолойдон жасалган тамак” деп айтканы көпкө чейин талкууланып жүрдү. Ага чейин эле... Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер, абакта ачкачылык жарыялаган Алексей Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева анын канын иликтөөнүн жыйынтыгын "Твиттерге" жарыялады. Анда Навальныйдын канындагы калийдин өлчөмү жүрөктүн сокпой калышына алып барышы ыктымалдыгы жазылган. Дарыгер оппозиционердин ден соолугу тез арада кийлигишүүнү талап кыларын белгилеп, бейтап менен көрүшүү үчүн Орусиянын Жаза аткаруу кызматына жазган каты жоопсуз калган. Алексей Навальный акыркы апталарда абакта саламаттыгы начарлап кеткенин айтып келет. Читать дальше...
Ар күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Өзбекстандын 300 чамалуу жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, ар кандай жумушта иштеп жатат. Ош шаарына жакын жайгашкан “Достук” өткөрмө бекетине кошуна мамлекеттин жарандары таңкы саат 6-7де өтүп келишет. Эрте келгендери кардар менен сүйлөшүп, ошол замат ишке киришет. “Достук” өткөрмө бекетине жакын Өзбекстандын Анжиян облусунун Төр-Абад айылында жашаган Айбек айылдаштары менен үч киши болуп келишкен. Ал кыргыз тарапта жумушчу күчүнө... Читать дальше...
Ысык-Ата районунун тургуну 17 жаштагы баласын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айтып, 18-апрелде түндө милицияга кайрылган. Уулу Кең-Булуң айылындагы үйүнөн Ивановка айылына телефонун оңдотуп келүү үчүн чыгып кетип, кайрылып келбегенин билдирген. Аялдын маалымдашынча, уулу 17-апрелде саат 19:00 чамасында телефон чалып, үйүнө келе жатканын айткан. Андан тышкары белгисиз машина артынан түшүп алганын айтып, телефонду өчүрүп койгон. Апасы бир нече жолу телефон чалганда, албай койгон. Жарым сааттан кийин жооп берип... Читать дальше...
Коронавируска каршы штабдын 18-апрелге карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 244 адам илдетке чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкекте - 158 адам. Чүй облусунда 54, Ысык-Көл облусунда 16, Ош облусунда 5, Таласта 5, Жалал-Абадда 2, Баткенде 2, Ош шаарында 2 адам коронавирус жуктуруп алган. Ушуну менен былтыр марттан бери коронавирус оорусуна чалдыккандардын саны Кыргызстанда 91 883 адамга жетти. 86 907 бейтап оорудан сакайды. Акыркы суткада үч адам коронавирустан көз жумду. Читать дальше...
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кеңеши уу коргошун чөбүнөн жасалган ачытманы коронавируска каршы колдонуу - адам өмүрүнө кол салуу менен барабар экенин билдирүүдө. Коомдук кеңештин төрайымы Бактыгүл Исраилова жаңы препаратты пайдаланууга уруксатты анын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна негиздеп, расмий медицина гана бере аларын айтууда. «Уу коргошунду пайдалануу - бейтаптардын өмүрүнө кол салуу. Муну министр ачык эле көрсөтүп, сунуштап жатат. Мындан да коркунучтуусу - бейтаптардын макулдугун албай туруп... Читать дальше...
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан чыр боюнча тараптардын сүйлөшүүсү 19-апрелде, дүйшөмбү күнү уланмай болду. Бул маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова "Азаттыкка" билдирди. 17-апрелде аталган суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Читать дальше...