Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагындагы дүрбөлөңдүү окуяларды дароо токтотууга чакырды. Стамбулдагы үч сааттан ашуун убакытка созулган жолугушуу Зеленскийдин мурда пландаштырылган иш сапарынын алкагында өттү. Бирок бул сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы узактан бери созулуп келе жаткан согуштук жаңжалга байланыштуу Киев менен Москванын ортосундагы жаңы тирешүүгө дал келди. ... Читать дальше...
11-апрелде Кыргызстанда жаңы конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Сиз жашаган жерде бул күнү кандайдыр бир мыйзамсыз иштер болуп, добуш сатып алуу, бурмалоо же тескери үгүт жүргүзүлүп жатса “Азаттыкка” кабарлаңыз. Сүрөт-видео салыңыз. Аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жазууну унутпаңыз. Анонимдүү жиберилген маалыматтар алынбайт. Биздин вотсап: 0 550 036 855
Алтынчы чакырылыштын депутаттары ишин баштаган 2015-жылдан бери парламенттин эркин сынап, алардын позициясын ачыктаган окуялар көп болду. Бул Жогорку Кеңеш үч президент, алты өкмөт башчы менен иштешип, Конституциянын эки жолу өзгөртүлүшүнө активдүү катышты. Бул аралыкта 120 орундуу парламентке 184 жаран депутат боло алды. “Азаттык” парламентаризмди алсыраткан 6-чакырылыштын депутаттарынын бейнесине байкоо салды.
Бирманын Германиядагы дипломаттары жана БУУдагы өкүлү аскердик хунтага каршы элдик нааразылык чараларга тилектештик билдиришти. Бирмада аскер кызматкеринин өлүмү үчүн 19 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Янгон шаарынын жанында 80ден ашуун демонстрант өлтүрүлдү. Дипломаттардын каршылык билдирүүсү Берлин шаарындагы Бирманын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө иштеген 7 кишинин үчөө бирмалык хунтага каршы нааразылык чараларына кошулду. Бул тууралуу 10-апрелде (ишембиде) Берлиндеги Бирманын элчилигинин... Читать дальше...
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.
Ысык-Көлдө жаңы эле төрөт үйүнөн чыккан беш баланын энеси бара турган жери жок коомчулуктан жардам сурап кайрылды. 10 жыл бирге жашаган күйөөсү кол көтөрүп, далай запкы көргөн. Караколдун шаар бийлиги аялды балдарды менен убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырды.
Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерге жана референдумга көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу арыздар түшүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна билдирди. “Мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар кагаз түрүндө келип жатат, ошондой эле фото-видеолорду жиберишүүдө. Аны учурда комиссия териштирип жатат. Үй башчы жана квартал жетекчилеринин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишкени тууралуу фактылар бар. Эки-үч шайлоо тилкесинде... Читать дальше...
Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Жапониядагы жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ушуну менен Олимпиадага бара турган кыргыз спортчуларынын саны 11ге жетти.
Президент Садыр Жапаров ханыша Елизавета IIге анын жолдошу ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өзүнүн жана Кыргызстандын атынан көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. «Эдинбург герцогу улуу даражалуу ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элинин аза кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат маалыматта. Улуу Британиянын ханышасы Элизабет IIнин күйөөсү... Читать дальше...
Уурдалып, кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды. Эки күн мурда өкмөт үйүнүн астына нааразылык акциясына чыккандар министр Улан Ниязбековдун дагы отставкасын талап кылышкан. Жамы журтту селт эттирген Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иликтөөдөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар милиция кызматкерлери иштен бошотулду. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык... Читать дальше...
Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.
АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнүн кырдаалында Кошмо Штаттардын бир катар өнөктөштөрү менен жолугушуу өткөрүү үчүн 10-апрелде сапарга чыгууда. Азыркы кырдаалдагы Кремлдин турумун расмий Вашинтон Москванын "туруксуздаштырган жүрүм-туруму" деп атады. Алдыдагы апта ичинде Остин мырза Израилде, Германияда, Белгиядагы НАТОнун баш кеңсесинде жана Улуу Британияда өкмөттүк жана аскердик жетекчилер менен жолугушуусу каралган. Пентагондун 8-апрелде... Читать дальше...
Ла-Манш кысыгы аркылуу Улуу Британияга өтүүнү көздөгөн төрт кайыкта 84 мигрант болгон (арасында жаш балдар да бар эле). Кайыктарды Франциянын деңиз аскер кызматкерлери кармашкан. Маалыматка ылайык, 10-апрелде француз куткаруучуларына Гри-Нэ (Gris-Nez) тумшугунда бир нече кайык кырсыкка кабылганы тууралуу кабарланган. Куткарылган мигранттарга медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, алар полицияга өткөрүлүп берилген. Азиядан, Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттеринен Францияга эптеп жетип алган мигранттар жакшы жашоо издеп... Читать дальше...
27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылында 10-апрель күнү жерге беришти. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Теңизбаевдин сөөгүн 10-апрель күнү таңга маал Бишкектен алып келишкен. Анын ата-энеси жана туугандары 25 жыл мурда көчүп кеткен айылына чогулду. Алар окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты. Бишкекте 5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Читать дальше...
Ош шаарынын Ош көчөсүнөн 13-март күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Айдана Таирбек кызы Чүй облусунун аймагынан 10-апрелде табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтуусунда кыздын ден соолугу жакшы. Кыз үйүнөн өз эрки менен чыгып кеткенин, жакшы көргөн адамы менен баш кошуп жашап жаткандыгын айткан. Маалыматка ылайык, кыз ички Иштер министрлигинин жана Ош ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын биргелешип издөө аракетинин натыйжасында табылды. Читать дальше...
Артынан калбай коркуткан эркектен кутулуу үчүн Түркияга кетем деп даярданып жүргөн Айзада Канатбекова максатына жетпей калды. Учурда Түркияда күйөөсүнүн же жигитинин зордук-зомбулугунан качып миграцияда жүргөн башка кыз-келиндер да жок эмес.
Ош шаарында 10-апрелде 1519 адам добуш берди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек. Бүгүн таңкы саат 8ден баштап добуш берүү башталган. Майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар үйүнөн добуш беришти.
11-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 13…18 градус жылыйт. Бишкек шаарында 11-апрелде күн ачык болот. Түнкүсүн 6...8, күндүз 22...24... Читать дальше...
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттык" радиосуна маалымдашынча, 9-апрелден 10-апрелге караган түнү Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 17 жаштагы улан облустук ооруканага түшкөн. Дарыгерлер жабырлануучунун баш сөөгү сынганын жана анын абалы учурда оор экенин билдиришти. "Өспүрүм Кашка-Суу кичи районунда теңтуштары менен футбол ойноп жаткан кезде белгисиз балдар келип чакырып кеткен. Сүйлөшүү учурунда аны чакырган бейтааныш балдардын бири ыргыткан таш баланын башына тийген"... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Алматыда өтүп жаткан азиялык квалификациялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алышты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында алар бүгүн 10-апрелде килемге чыгышканы жазылган. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта алты кыз айлампа тартибинде байге үчүн ат салышты. Бул салмакта Мээрим алгач кытайлык Фенг Чжоуга жеңилди. Кийин 3-айлампада казакстандык Жамиля Бакбергенованы 10:3, жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде жеңип... Читать дальше...
Ош шаарында бүгүн 10-апрелде 1519 адам добуш берди. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев билдирди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек. Бүгүн таңкы саат сегизден баштап добуш берүү башталган. Майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар үйүнөн добуш беришти. Ош шаарында 151 960 жаран референдумга, 151 671 адам шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышат. Мыйзамга ылайык шаарда каттоого... Читать дальше...
Экс-президент Роза Отунбаева 10-апрелде Бишкектеги №7 эмканада коронавируска каршы эмделди. Ага Кытайдан алып келинген "Sinopharm" вакцинасы сайылды. Отунбаева эмделгенден кийин жалпы элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырганын "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фондунан билдиришти. Ага ылайык, экс-президент вакцина, анын мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын билдирген. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иштери 29-мартта башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Читать дальше...
Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин курулушун баштарын жарыялады. Өлкөнүн жаңы президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга сапары учурунда гидроэнергетикалык ири долбоорду Ташкент менен биргеликте кура турганын билдирүүдө. 30 жылдан бери ишке ашпай келген долбоорду коңшу өлкө менен турмушка ашырууга канчалык ишеним бар? Бул жолу «Биз жана дүйнө» программасында дал ушул суроо талкууланды. Ага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, Энергетика, өнөр жай... Читать дальше...
Аксы районунун Кызыл-Бейит айылындагы шайлоочулар көчмө үкөк аркылуу 10-апрелде добуш беришти. Нарын дарыясынан кайык менен өтүп каттаган, электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылынан добушканадан тыш шайлоого 62 адам арыз берген. Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин Кызыл-Бейит Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган. Учурда бул айылда 70тен ашуун түтүн бар, анда болжол менен 400гө жакын адам жашайт. Читать дальше...
13-апрелде башталуучу ыйык Рамазан айынын босогосунда бир катар мусулман мамлекеттеринде коронавирус илдети тездик менен жайылгандыгы санааркоо жаратууда. Пакистан бийликтери жугуштуу илдеттин жайылышын токтотуу үчүн 10-апрелден баштап шаарлар аралык унаа каттамдарын чектеп жаткандыгын билдирди. 10-апрелде Иран 257 шаарда 10 күндүк чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады. Бул шаарларда бардык парктар, ресторандар, сулуулук салондору, соода борборлору жана китеп дүкөндөрү жабылды. Түркия... Читать дальше...