АКШнын президенти Жо Байден мындан 106 жыл мурда Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынын "геноцид" катары мүнөздөдү. Анын мындай билдирүүсүн Ераван кубаттап чыкты, Анкара болсо Байдендин сөзүн “популисттик” деп сыпаттады. "Байден: 1,5 миллион армян сүргүнгө айдалды" Жо Байден 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп таанып, узак убактан берки негизги аймактык жана НАТОдогу маанилүү өнөктөшү Түркия менен ансыз дагы начарлап жаткан алака-катышты сынаган билдирүү таратты. Кошмо Штаттарынын... Читать дальше...
Соңку аптадагы эл аралык басылмалардын Кыргызстан тууралуу чыгарган баяндамаларына сереп.
Боксчу илгертеден бери күндөлүк жазгандыктан китеп чыгарууну ойлоп жүргөнүн айтат. Китебинин бет ачары бүгүн, 24-апрелде, өттү.
Зулкарнайн Камчыбеков 2015-жылдан тарта Америкада турат. Жакында эле ал UFC үчүн спортчуларды даярдоочу алдыңкы уюмдардын биринин чемпиону болду. Кыргызстандык балбан менен турмушу тууралуу баарлаштык.
Тиричиликтин будуң-чаңына көмүлүп, өмүр өткөнчө түбөлүк бүтпөй турган турмуш ташпишинен баш көтөрбөй, айланабызда кандай сонун нерселер болуп жатканын көбүнесе байкабай калабыз. Адаттагыдай эле бу саам да кошунам, студенттик күндөн берки устатым, экөөбүз эки айылдан болгонубуз менен бир туугандан да жакын болуп калган агам Жолдош Турдубаев себепчи болбогондо, дилге азык чачар дагы бир ажайып көрүнүштөн куру калмак экенмин. Белгилүү театр жана кино режиссёру, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер... Читать дальше...
Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берүүгө камынууда. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Илим Карыпбеков билдирди. “БШК бул жерде кызыкдар бир тараптын буйругун аткарганы көрүнүп турду. 30 жыл ичинде мындан да жаман, билинбейт деген нерселер ачыкка чыккан. Бул буйрукту ким бергени да ачыкка чыгат”. Карыпбеков доо арыз качан жана кайсы сотко жолдонорун тактаган жок. БШК 23-апрелде партиянын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо алган добуштарынын жыйынтыгын жокко чыгарган. Читать дальше...
Мындай талап 24-апрелде Индонезиянын баш калаасы Жакартада өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын жыйынында айтылды. Бирмалык генерал Мин Аунг Хлаинг да катышкан жыйын бул өлкөдөгү демонстранттарга, оппозицияга каршы катаал репрессияларды токтотуу үчүн чукул чакырылды. Малайзиянын премьер-министри Мухиддин Ясин Бирмадагы (дагы бир аталышы Мьянма) аскердик хунта саясий туткундарды токтоосуз бошотуу тууралуу сунушту карап чыгат деген ишенимин билдирди. Индонезиянын президенти... Читать дальше...
Францияда полицияда иштеген аялга кол салуунун террордук мотиви бар экенин антитеррордук прокурор Жан-Франсуа Рикар билдирди. Рамбуйе шаарында полицияда ассистент болуп иштеген жаранды 23-апрелде мууздап кетишкен. Кол салуу полиция бөлүмүнүн айланасында болгон. Шектүү атып өлтүрүлгөн. Анын аты-жөнү ачык айтылган жок. Маалымат каражаттары кылмышка Тунистен келип, Францияда көп жылдан бери мыйзамсыз жашаган 36 жаштагы жаран барганын, окуя маалында ал радикал чакырыктарды кыйкырганын жазып чыгышты. Читать дальше...
Бишкекте “Жаз_Бишкек_Жаз” аттуу 16-эл аралык фестиваль башталды. Эки күнгө созулган бул сынакка Австрия, Израиль, Испания, Түркия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн музыканттары катышты. Филармониянын чоң залында өткөн быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү - айрым топтор өз өлкөсүндө туруп эле өнөрүн көрүүчүлөргө онлайн тартуулашты.
85 жаштагы ардагер-мугалим, акын Чымыян Калдарова - 13 китептин автору. Ал “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, Улуу Ата мекендик согушка туш келген балалыгы, аны мугалимдик кесипке украин эжейинин кантип шыктандырганы, кудалаган жигитке эмнеге турмушка чыкпай калганы, кантип ыр жазып калганы тууралуу айтып берди.
Ош шаарында эл оозунда "Ифтар базар" атка конгон соода орундаы иштей баштады. Жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган бул кичи базар ар жылы орозо айында гана иштейт. Базар мындан он жыл мурда түптөлгөн.
Кыргызстанда 25-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 11…16; Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25; Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...
НАСАнын "Perseverance" көлүк-роботу Марс планетасында биринчи жолу көмүр кычкыл газын кычкылтекке айлантты. Адам дем алган газдын башка планетада өндүрүлүшү келечекте "Кызыл планетага" адамдарды жөнөтүүгө шарт түзмөкчү. Буга чейин көлүк-роботтун тик учагы Марста алгач ирет асманга көтөрүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 25-апрелде Өзгөн районуна барып, «Кемпир-Абаддагы» жерлердин алмашуусуна каршы акцияга чыккандар менен жолугат. Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгү ырастады. Атайын кызматтын жетекчиси эл менен Куршаб айылындагы стадиондо жолугары күтүүлүдө. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы мөөнөтсүз акциясы төрт күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгышты. Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, “легендарлуу парламенттин” депутаты Карыпбек Асанов болду.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, “легендарлуу парламенттин” депутаты Карыпбек Асанов болду.
Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран Тажикстандан табылып, бошотулду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, эки жигиттин ден соолугу жакшы, азыр алардын эмне себептен кармалганы иликтенип жатат. Бешкенттик жигиттер 24-апрелге караган түнү... Читать дальше...
Ош шаарынын так ортосундагы Сулайман-Тоо кызыл килем төшөлгөн сымал гүлгө оронду. Тоонун күнгөй тарабына кызгалдактын ачканына бир апта болду. Гүл бакчага айланган тоого шаардыктар менен саякаттап келген коноктордун саны арбыды.
Казакстандын Алматы шаарынын борбордук аянтына 24-апрелде митингге чыккандар жер тууралуу мыйзам долбоорун кароодон баш тартууну талап кылууда. "Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, 200гө жакын киши катышкан митингде «Назарбаев, кет!» деген ураан да чакырылды. Нааразы тарап жер мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр эгемендик менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турганын айтышууда. Алар документ жерди жарым кылымга ижарага берүүгө, чет элдиктердин токой өстүрүү үчүн 25 жылга ижарага алышына шарт түзөт деп эсептешет. Читать дальше...
Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылындагы чек арада 110дон ашык кыргызстандык жаран топтолуп турат. Бул тууралуу райондогу Эски-Овчу айылынын башчысы Асан Полотов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында аким жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, тажик тарап менен жолугушууну күтүп жатышат. Ал эми чогулган эл дайыны билинбей жаткан жергиликтүү эки жаранды табууну, буга түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда. Бешкент айылында эки жигит 24-апрелге караган түнү... Читать дальше...
2021-жылы кечиккен жаз, апрелдеги үшүк Чүй облусундагы дыйкандардын айдап себүү ишине таасир этүүдө. Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылынын тургуну Николай Анисимов отуз жылдан бери 500 гектарга чукул жерде дыйканчылык кылат. Ал Орусиядагы, Өзбекстандагы жана Казакстандагы ишкерлер менен өзү байланышып, өндүргөн товарын экспорттоонун жолун өз алдынча тапкан. Буудай, арпа, таруу сыяктуу дан эгиндеринен тышкары Анисимов асыл тукум малдын санын көбөйтүү менен алек. Анткен менен 2021-жылдын кышы катаал болуп... Читать дальше...
Тажикстанда имам башка бир дин аалымынын тажиясында аны улуу көсөмгө теңеп сүйлөгөнү үчүн камакка алынды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Борбор Азиядагы Америкалык университеттин президенти Эндрю Качинс 23-апрелде прекурсор жана баңгизатка байланыштуу шек саналып суракка чакырылды. Эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, экспертиза быйыл 12-мартта Качинстин атына Дубайдан келген кутудагы (посылка) таблетка жана капсулаларда психотроптук каражат бар экенин аныктаган. "Посылканын ичинде документтер бар экени көрсөтүлгөн. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылында эки жарандын жоголушу боюнча билдирүү таратты. Маалыматка караганда, 24-апрелде "Кулуңду" чек ара бекетинин жетекчисине Бешкенттин тургунунан эки уулунун жоголуп кеткени тууралуу кабар түшкөн. Ал жаран балдары Сай деген тилкеде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден жоголгонун билдирген. УКМК маалыматты тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, дайынсыз кеткендерди издөө иштери жүрүп жатканын... Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кылып дайындоо ниетин билдирди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 24-апрелде бул билдирүүнү сыймыктануу менен кабыл алганын жарыялады. Маалыматка караганда, Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү, Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары, Бутан кирет. Элчилик Дональд Лу ... Читать дальше...