Түштүк Кореялык "Huons Global" компаниясы коронавируска каршы Орусия ойлоп тапкан "Sputnik V" вакцинасын өндүргөн жатат. Компания тиешелүү келишимди вакцинаны сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен түзгөнүн жана августтан тарта өндүрүштү баштай тургандыгын 16-апрелде жарыялады. Бул үчүн "Huons Global" ишканасы дагы башка кореялык үч компания менен бирдикте консорциум түзүп, айына 100 миллион доза вакцина чыгарууга белсенип жатат. "Huons Global" компаниясы... Читать дальше...
Заманбап калемгер саясий турмушту сатира тили менен куйкалап чагылдыра алганы кызыгуу жаратат. Самат Уранкай өзүнүн "Сынган миллион" китеби тууралуу баарлашат.
Ош шаарынын Кара-Суу районунда 16-апрелде Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашык тургуну нааразылык билдирип чыгышты. Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып, мөөнөтсүз акция баштады. Боз үй тигип алган жергиликтүү тургундар атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда.
Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы парламенттин төрагасы Мухаммед Багер Калибафага шилтеме кылып кабарлады. Анда Ирандын окмуштуулары уранды байытууну мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге, тагыраагы 60%га чейин чыгарганы айтылат. Калибафанын мындай билдирүүсү Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу дүйнөлүк державалар менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин келечеги жөнүндө Венадагы сүйлөшүүлөргө туш келди. Ирандын атом энергиясы боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи мамлекеттик телеканалдан... Читать дальше...
Акыркы 15 күндө Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка уу коргошун берилип, байкоо жүргүзүлдү. Ошто «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар боз үй тигип, тегерегине Кыргызстандын мамлекеттик туусун илишти. Коронавирус менен ооруп кенемте алалбай жаткан медицина кызматкерлери Бишкекте митингге чыгышты.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Мелдеш ушу тапта Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Азия чемпиондугунда Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну 11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды. Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын чыккан атаандаштарын уткан. 15-апрелде Тыныбекова Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмуна маек куруп... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Айзада Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселени талкуулады. Мекеменин басма сөз кызматы 16-апрелде билдиргендей, жыйында Коомдук кеңештин мүчөлөрү эгерде милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүшкөндө, бул каргашалуу окуяны алдын алмак деген пикирге келишти. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Жолболду Көчкөнов тыкыр кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгында шалаакылык үчүн 44 кызматкер жазаланып, бир нече жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди. Читать дальше...
Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыкка кол койгонун 16-апрелде мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады. 55 жаштагы Акматов кесиби боюнча экономист. 1991-2000-жылдары Ысык-Көл жана Чүй облустарында ревизор, бухгалтер, инспектор болуп иштеген. Эсептөө палатасынын системасында 2000-жылдан бери алгач адис, кийин инспектор, бир катар облустук өкүлчүлүктөрдө жетекчи болуп эмгектенген. Быйылкы жылдын февраль айынан бери Эсептөө палатасынын аудиотору болуп иштеп жаткан. Читать дальше...
Таласта кылмышка шектүү 27 жаштагы келиндин ымыркайын эмизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, милициянын убактылуу кармоочу жайында ооруп калганы боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттык» радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Буура районунун тургуну, үч баланын энеси быйыл 1-февралда Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кармалган. Азыр ал райондук милициянын камагында отурат. Жети, төрт жаштагы... Читать дальше...
Тыныбекова этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча чечимин изилдеп чыгып, аны жокко чыгарууга негиз жок деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу 16-апрелде башкы көзөмөл мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын чечиминин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилди. Буга Матраимовдун кылмыш ишинин токтотулушу жөнүндө коомчулукта пайда болгон реакция себеп болгону айтылды. Читать дальше...
Россиянын Сочи шаарында BoogelWoogel деген аталыштагы тоо карнавалы болуп, пляж костюмун кийген 700 спортчу лыжа жана сноуборд тебишти.
Кыргызстанда тийиштүү мыйзамдарга «саясий кастыкты козутуу» деген түшүнүк киргизилип жатат. Өкмөт, анын ичинде Ички иштер министрлиги бул берене экстремизм менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын кабарлоодо. Ошол эле учурда коомчулукта аталган жагдай оппозициялык маанайдагы саясатчыларга каршы колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу жаралды. Эктремизмдин жаңы аталышы Жаңы түшүнүк камтылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорду өкмөт сунуштады. Читать дальше...
Уу коргошун абдан кооптуу өсүмдүк, жүрөктүн токтоп калышына алып келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, профессор Аида Зурдинова "Азаттыктагы" маегинде билдирди.
Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттардагы элчиси Болот Отунбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Аманбаев дайындалды. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыктарга кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 16-апрелде кабарлады. Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин быйыл февралга чейин өкмөттүн аппаратын жетектеген. Отунбаев... Читать дальше...
Динара Султанова Ош шаарындагы заводдордун биринде кранды башкарат. Анын кесиби сейрек кездешкени менен өндүрүштөгү орду чоң. Кранды башкарууну үйрөнүп, шаардагы авто мектептерден атайын билим алган. "Азаттыктын" кабарчысы ал иштеген заводго барып, аны менен чогуу иштеген башка айымдар менен да баарлашып кайтты.
"Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында интернетте таанышуунун кооптуу жактарын талкууладык. Адистер бул тууралуу эмне дешет? Жаштар кандай окуяларга кабылган? Таанышууда эмнелерди эске алуу керек? Бул чыгарылышта ушул суроолорго жооп издедик.
Америка Кошмо Штаттары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бошотулганына байланыштуу билдирүү таратып, муну “көңүл калтырарлык иш” деп атады. 16-апрелде Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө бажыдагы коррупциялык схемага катышканы, натыйжада кеминде 700 миллион доллар адалданганы үчүн Матраимов “Магнитский тизмесине” киргизилгени жана визалык чектөөгө алынганы, бул акчаны кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасы тармактарына жана пенсияга колдонсо болмоктугу белгиленди. Читать дальше...
Бишкектеги Ак үйдүн алдында башкалаадагы жүзгө чукул медициналык кызматкер тынчтык акцияга чыгышты. Алар коронавирус пандемиясынын шартында иштегени менен "өкмөт убада кылган кенемте берилбеди, айлыктар көтөрүлгөн жок" деп нааразылык билдиришти. Акцияга чыккандардын бири Кемелбек Мамыров ооруган кызматкерлердин баарына кенемтени тегиз берүүгө бийликти чакырды. Чогулгандардын айрымдары "Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!", "Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!" деген жазууларды көтөрүп турушту. Читать дальше...
Гонконгдун соту 16-апрелде 2019-жылдагы Бээжин бийлигине каршы акцияларга катышканы үчүн оппозициячыл Apple Daily басылмасынын кожоюну, 73 жаштагы миллиардер Жимми Лайды 1,2 жылга эркинен ажыратты. Анын оппозициячыл маанайдагы саясий ишмердигине байланыштуу экинчи ишинде сегиз айга камоого өкүм чыкты. Бирок сот бул эки ишти бириктирип, ага жалпысынан 14 ай жаза мөөнөтүн чегерди. Лайдан сырткары буга чейин Бээжиндин аталган аймактагы катаал саясатына каршы нааразылык акцияларга катышканы үчүн кармалган бир нече жарандык активист... Читать дальше...
Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Арыкова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 16-апрелде Башкы прокуратурага онлайн түрүндө жазылды. Анда ал баш прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган. Умай Арыкова министрдин аракетине "Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү" беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт. Читать дальше...
Вашингтон АКШдагы соңку шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, кийлигишкени үчүн Орусиядагы 16 орусиялык аткаминер менен ишкерге жана 16 мекеме-уюмга санкция салды. Президент Жо Байдендин жарлыгына ылайык, он орус дипломаты Кошмо Штаттарынан чыгарылат. Бул тууралуу Ак үй кабарлады. “Голос Америки” сайты алардын арасында дипломаттык кол тийбестигин пайдаланган, Вашингтондогу орус элчилигинде иштеп жүрүп чалгынчылык менен алектенгендер аныкталганын жазды. Мындан сырткары АКШнын Финансы министрлиги... Читать дальше...
17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт, Жалал-Абад, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10... Читать дальше...
Казакстандагы Кызылордо облусунда мунай бургулаган "Қуат Амлон Мунай" казак-кытай биргелешкен компаниясынын үч жүздөн ашуун жумушчусу эмгек акыны жогорулатууну талап кылып жатат. Нааразы болгондор эгер алардын талабы аткарылбаса, жакынкы күндөрү иш ташташарын эскертишти. Мунайчылардын айтымында, азыр алардын бир айлык маянасы 110 миң теңге, же 250 АКШ долларын түзөт. “Биз айлык акынын өлчөмүн жок эле дегенде 250 миң теңгеге чейин көбөйтүүнү талап кылабыз. Азыр биздин арабызда ай-сайын болгону 90 миң теңге алып... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштады. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча башталганын 16-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу. УКМКнын өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын айтымында, кылмыш... Читать дальше...