Европа Биримдигинин чет элдик иштер боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел украин бийлигин өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен болгон чыр-чатакта Евробиримдик тарабынан «кыйшайуусуз» колдоо болорун билдирди. Боррел бул тууралуу 4-апрелде "Твиттерге" Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазып, чек арада Орусиянын аскердик жандануусуна бушайман болуп, байкоо салып турганын кошумчалады. Ал Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенген журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам акка моюн сунду. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Өзгөн районундагы Тоо-Дыйкан айылына коюлду.
Президент Садыр Жапаров 4-апрелде Памирден Алайга көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолукту. Анда Ооганстандагы боордошторду Кыргызстанга жапырт көчүрүп келүү ниетин билдирди.
Кремлдин сынчысы, абактагы саясатчы Алексей Навальный аны менен отурган үчүнчү адам жакында кургак учук илдети менен ооруп, сыртка дарыланууга жиберилгенин билдирди. Анын жакындары 5-апрелде Алексей Навальныйдын "Инстаграмдагы" баракчасында түрмөдөгү дарыгерлердин соңку текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча анда “катуу жөтөл” аныкталып, дене табы 38ге чейин көтөрүлүп, денесин улам калтырак басып жатканын жазышкан. Навальный ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан камерада 15 адам отурганын, алардын ичинен үчөө... Читать дальше...
Буга чейин 18 жаштагы футболчу Адилет Каныбеков Түркиянын "Бешикташ" жаштар командасында ойноп келген болчу.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактардагы реалдуу шарттар менен таанышуу максатында тиги же бул шаарлар менен райондорго күтүүсүз барып жатат. Эми ар бир аким президенттин келишине даяр болуш үчүн көчөлөрдү такай жыйнап-тазалоону талап кылууда. Президент Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын Жизак шаарына барары жөнүндө сөздөр чыкканда эле адаттагыдай катуу даярдык башталды. Жолдордугу жыртык-тешиктерди бүтөп, жол боюндагы үйлөрдү актап, боёп чыгышты. Жизак облусунун администрациясы айыл-кыштактардын... Читать дальше...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Темирландын кылмыш иши кайра каралат. "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов "Ата Журт-Кыргызстан" партиясын "административдик ресурс колдонуп жатат" деп сындады. Косоводо 39 жаштагы юрист, парламенттин экс-спикери Вйоса Османини айым бийликке келди.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 4-апрелде Кандагар провинциясынын түштүгүндө талибдерди сүрүп чыгып, Аргандаб районун кайтарып алышты. Расмий маалыматтарга ылайык операциянын жүрүшүндө 37 согушкер өлтүрүлүп, 28и жарадар болгон. Коопсуздук күчтөрү талибдер 90 мотоциклди таштай качканын, ошондой эле аларга таандык курал-жарактар жок кылынганын маалымдашты. Өкмөттүк күчтөрдүн «Талибан» кыймылы менен кагылышуусунда жергиликтүү тургандар да жабыркап, үй-жайларын таштай качууга аргасыз болушкан. Бирок... Читать дальше...
Азыркы тапта өлкөдө расмий маалымат боюнча чет жактан көчүп келген 55 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан, Тажикстандан, көпчүлүгү Чүй аймагына отурукташкан. “Азаттык” бул жолу Чүйдүн Виноградное айылында жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу, маданият-салты жана көйгөйлөрү менен таанышып келди.
«Азаттык» радиосунун кабарчысы, маданият темаларын чагылдырган Максат Жангазиев акын Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты болду. Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы Гүлзар Абдимиталипова билдиргендей, кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн ушундай эле сыйлык менен акындар Алтынбек Исмаилов, Афина Бакирова, Калича Жакыпова, Улукбек Омокеев сыйланып, 30 миң сомдон акчалай байге алышты. Сыйлык 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулган иш-чарада тапшырылды. Читать дальше...
“Азаттыктын” “2х1” форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев болду. Ал өзү көзөмөлдөгөн тармактагы жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Ливиядан бардык чет элдик жалданма топторду алып чыгып кетүүгө үндөдү. Жакында БУУнун Коопсуздук кеңеши ушундай эле мүнөздө чакырык таштаган болчу. 4-апрелде Триполиде өткөн басма сөз жыйынында Шарль Мишел бардык чет элдик жоочулар жана аскерлер өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин билдирди. Ал муну Ливиядагы туруктуулукту калыбына келтирүүнүн «баштапкы шарты» деп атады. БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн айда Ливияга күчтөрүн жиберген бардык тараптарды бийликти... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 10-июнга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырды. 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча... Читать дальше...
Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан «Ишеним» партиясы алдамчылыкка айыпталган талапкери Кишимжан Бекташованын талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ишеним» партиясын өкүлү Акбарали Батыров билдирди. «Өзүнүн арызынын негизинде тизмеден чыгарылды. Талапкерлигин көрсөтүп жатканда соттолбогону тууралуу тиешелүү документтерин алып келген. Аны Аймактык шайлоо комиссиясы, Борбордук шайлоо комиссиясы текшерип, каттоодон өткөргөн». «Ишеним» партиясынан №54 болуп талапкерлигин көрсөткөн... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына алуу боюнча чечимди жокко чыгарды. Судья алардын бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен алмаштырды. Бул тууралуу Султанбеков соттук отурумдан чыккандан киийн билдирди. Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган... Читать дальше...
«Бешинчи каналдын» кызматкерлеринин кайрылуусун каналдын жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Шайырбек Эркин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Ага ылайык, буга чейин каналга бюджеттен 20 млн. сом бөлүнүп турган. Өкмөт быйыл акчаны үнөмдөп, кызматкерлерди оптимизациялоо талабын койгон. Каналдын ошол кездеги жетекчиси Эрнис Кыязов кызматкерлердин санын кыскартуу же айлыкты 10-20 пайызга азайтууну сунуштап, каналдын эмгек жамааты экинчи вариантын тандап алган. Каналдын кызматкерлери кийин жетекчи алмашып... Читать дальше...
Кыргыз поэзиясында өзүнүн салмактуу орду бар белгилүү акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында белгиленди. Салтанатка белгилүү акын-жазуучулар, коомдук, маданий ишмерлер жана акындын жакындары катышты. 1960-жылдары кыргыз поэзиясына жарык жылдыздай жанып кирген акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракеси 2020-жылга белгиленген, бирок ал маалда карантин чаралары киргизилгендиктен иш-чара быйылкы жылга жылган. Улуу талантка арналган эки күндүк... Читать дальше...
Коронавирус күчөп жаткандыктан Бишкек шаары "кызыл зонага" киргизилди. Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги ооруп айыккандар эмдөөдөн өтпөй деле койсо болот деген сөздөргө ишенбөөгө чакырууда. Кыргызстанда вакцинация башталганына бир аптадан ашса да эмделгендер аз болууда. Илдет күчөп жатканын айткан Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов Бишкек шаары "кызыл зонага" киргизилгенин билдирди. “Үч күндөн бери Бишкек шаары "кызыл зонада" турат. Чүй аймагы "сары зонага" кирип калды. Читать дальше...
Мындан бир жарым ай мурун оор турмуштун айынан небересин малдын сөөгүн терип баккан Ат-Башы районунун тургуну Назгүл Стамакунова туралуу «Азаттык» радиосу видео репортаж жасаган. Жашаган үйү да начар абалда болгондуктан кайдыгер эмес адамдар ошол берүүдөн кийин жардам бере башташкан эле. 5-апрелде жеке ишкер Нурмухамед Миңбаев Токмок шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Стамакунова билдирди. «Токмок шаарынан үй белек кылды. Абдан кубанып турам, жакшы үй экен. Документтерин өзүмө каттатып беришти», - деди. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин Тажикстандын мурдагы тышкы министри Хамрохон Зарифинин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу билдирүүсүнө реакция кылууга чакырды. Бул тууралуу ал 5-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып айтты. «Тажикстан Республикасынын истеблишментинин бир мүчөсү эл аралык практикада, эл аралык укукта колдонулган анклав дегенди кабыл алгысы келбей жатат. Биздин... Читать дальше...
Блогер Эрулан Кокулов Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова "Азаттыкка"билдирди. “Эрулан Кокулов тууралуу милицияга “Топ Ночь” деп аталган компаниядан арыз түшкөн. Анын негизинде Кокулов 5-апрелде күбө катары суракка чакырылды, камакка алынган жок. Тергөө иштери уланууда.” Ушул күнү шаардык милициянын имаратынын алдына Кокуловду колдогон 100дөй адам чогулду. Алар блогерге арызданган компаниянын жетекчисинин аты-жөнүн айтууну талап кылышты. Читать дальше...
Бишкекте 6-апрелде баштала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын тизмеси белгилүү болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтында дүйшөмбүдө жарыяланган маалыматка караганда, өлкө намысын 17 спортчу коргойт. Толук тизме менен төмөндө тааныша аласыздар. Дзюдо боюнча Кыргызстандын эркектер курама командасынын мүчөлөрү: Кубанычбек Айбек уулу, КР спорт чебери, 60 кг; Отар Бестаев, эл аралык класстагы спорт чебери... Читать дальше...
Монтрё конвенциясынын Түркиянын коопсуздугу үчүн зарылдыгын белгилеген ачык катка кол койгон отставкадагы он адмирал кармалды. Дагы төрт адам Анкарадагы полицияга чакырылганын "Anadoly" агенттиги кабарлады. Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы жогорку кызмат адамдары баш болгон 104 офицер кол койгон бул ачык кат түрк бийлигинин кооптонуусун жаратты. Президенттин өкүлү Ибрагим Калин бул катта бийликти кулатууну көздөгөн аскердик кутумдун белгилери бар экенин билдирди: “Кызматынан кеткен аскерлердин... Читать дальше...
Аксыда көз жарган 14 жашар өспүрүм кыздын ишине байланыштуу 5-апрелде аталган райондо 2004-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев ага Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Айрым маалымат каражаттары кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын жакын тууганы экенин жазып жатышат. Аксыда өткөн аптада райондук оорукананын төрөт... Читать дальше...
Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими менен Рамазан айы 13-апрелде башталат деп белгиленди. Бул күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырма болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты маалымдады. Орозо - Ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Шарият эрежесине ылайык, Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Орозо айт айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн. Ушундан улам Айт майрамы Рамазан айынын акыркы күндөрү так айтылат. Читать дальше...