Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн акыркы сапарга узатылып, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейинде өтүп, ага белгилүү коомдук, маданий ишмерлер жана жакындары катышты.
Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде камакка алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева "Азаттыкка" билдирди: "Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, адвокат жалдап, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Читать дальше...
Москва Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына 30-июнга чейин укуктук макамын аныктап, документтерин мыйзамдаштырып алууга убакыт бергени белгилүү болду. Орусия менен Тажикстандын тышкы иштер министрликтери, мамлекеттик миграция кызматтары жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү 20-апрелде Дүйшөмбүдө жолугушуу өткөргөн. Анда Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына байланыштуу миграциялык абалды жөнгө салуу маселеси талкуулаган. Орусиянын ички иштер министринин орун... Читать дальше...
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Бишкекте уу коргошунга уулангандардын саны төрт адамга жетти. Башкы прокурор ушул күнгө чейин уу коргошундун тундурмасын жалпысынан 400 бейтап ичип, коронавируска каршы дарыланганын айтууда. - Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. - Президент андан тышкары кыргыз энергетикасы терең кризисте экенин айтып, электрдин тарифин өзгөртүүнү сунуштады.
Ысык-Көлдүн тургуну Эсенбек Үсөнбаев 13 жылдан бери мектеп окуучуларын айылдардан Чолпон-Ата шаардык мектебине ташып келет. Ал балдардын билим алуусуна кошкон салым, кийинки татыктуу келечекти камсыз кылат деп ишенет. Эл агартууга салым кошуп, күнүгө балдардын жанында болгон, 50дөн ашык окуучуга ата болуп, 20дан ашык кичинекейлерге чоң аталык кызматын көрсөткөн элеттик Эсенбек Үсөнбаев менен бир күнү.
Жаңы-Өзөндөгү мунай бургулоочу, «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «Мадиев» ишканасынын жумушчулары аларды штатка алууну жана маянаны жогорулатууну талап кылышууда. Нааразылардын бири Женис Бапилова «Нур Отан» партиясынын кеңсесинин алдына чогулуп, компаниянын жетекчилигине жана акимиятка кайрылып, бирок андан майнап чыкпаганын "Азаттыктын" казак кызматына билдирди. Анын айтымында, алар азыркы учурда 80-90 миң теңге эмгек акы алат. Иш таштаган мунайчылар «МунайФилдСервис» компаниясынан анын... Читать дальше...
Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду. Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт. Аталган тармактагы жетекчилер да, адистер да тарифти көтөрүү керектигин көп жылдан бери айтып келишкен. Бирок кымбатчылык өкүм сүрүп жаткан маалда бул демилге кандай кабыл алынары белгисиз. Көйгөй президенттин оозу менен айтылды Жаңы тарифке байланыштуу... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт. Аталган тармактагы жетекчилер да, адистер да тарифти көтөрүү керектигин көп жылдан бери айтып келишкен. Бирок кымбатчылык өкүм сүрүп жаткан маалда бул демилге кандай кабыл алынары белгисиз. Көйгөй президенттин оозу менен айтылды Жаңы тарифке байланыштуу... Читать дальше...
Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жакын арада жеткирип баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-апрелде Москвада биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуп, вакцина тууралуу макулдашты. Новиков Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаганын, аны эмдөө программасына киргизүүгө жана колдонууга даяр экенин айтты. Орус тарап жакын арада вакцинаны жеткирип баштай турганын убада кылган. Читать дальше...
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча эки иш козголуп, эки башка мекеме тергеп жатат. Милициянын жоопкерчилиги боюнча тергөөнү Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергени маалым болду. 27 жаштагы Айзада Канатбекова эки апта мурда өлтүрүлгөн. Мындан кийин "Адам уурдоо”, “Киши өлтүрүү” жана “Милициянын шалаакылыгы” беренелери боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Криминалдык милициянын кызматкерлери кызды уурдоого шек саналган баш-аягы төрт кишини кармап... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жылдагы иш тууралуу отчетун угуп, аны канаттандыраарлык деп тапты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Былтыркы жылда аткарылган иштер тууралуу эки күн бою Зулушев баяндама жасап, депутаттардын резонанс жараткан иштер, мыйзамдуулук боюнча суроолоруна жооп берди. Депутаттар аткезчиликке бөгөт коюу, коррупцияга каршы күрөшүү, саясий куугунтукка жол бербөө, республикада мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы боюнча маселелерди көтөрүштү. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз баюу боюнча 23 кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин 21-апрелдеги сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Депутат Бакыт Төрөбаев жыйында мындай кылмыштан канча акча топтолгонун сурап, мыйзамсыз байыгандарды иликтөөнү улантууга чакырды. УКМК өкүлү Сагын Самидин уулу так сумманы айтуу кыйын деп жооп берди. Зулушев 23 кылмыш ишинин баарын УКМКнын Тергөө башкармалыгы иликтеп жатканын айтты... Читать дальше...
Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду. Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирүүдө. 63 жаштагы Дүйшөн Абдылдаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө 20-апрелдин таңында уу коргошунга ууланып, оор абалда "Тез жардам" менен жеткирилген. Читать дальше...
Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду. Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирүүдө. 63 жаштагы Дүйшөн Абдылдаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө 20-апрелдин таңында уу коргошунга ууланып, оор абалда "Тез жардам" менен жеткирилген. Читать дальше...
Ата мекендик мушкер кыз UFC уюмундагы чемпиондук титулун коргоо үчүн бешинчи ирет кармашка чыгат. Спорттук иш-чара 15 миң көрүүчүнүн катышуусу менен өтмөкчү.
Бул тууралуу "МБХ медиа" кабарлаганын "Настоящее Время" жарыялады. Москвада Алексей Навальныйды колдоо боюнча саясий акциялардын алдында "Коррупцияга каршы күрөш фондунун" юристи Любовь Соболь жана Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш кармалганы кабарланды. Саясатчынын адвокаты Вероника Полякова полиция кызматкерлери Ярмышты машинеде кармап отурушканын билдирди. Ал эми ага адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Любовь Собольдун адвокаты Воронин полиция активистти Дон райондук... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17- жылдык кайрылуусу бул жолу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди. Анткени Украинанын чыгышына аскер күчтөрүн топтоштуруунун айынан Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып, тирешүү чегине жетип турган чакта Владимир Путиндин бул кайрылуусу эл аралык деңгээлде кызыгуу жаратты. Ал эми өлкөнүн ичинде Путиндин кайрылуусу оппозициялык саясатчы... Читать дальше...
Орусиянын шаарларында 21-апрелде үч жумадан бери абакта ачкачылык кармап отурган оппозициялык лидер Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган иш-чаралар уюштурулду. Полиция бул митингдердин алдында жарандык активисттер менен журналисттерди кармап, алардын үйлөрүндө жана кеңселерде тинтүүлөрдү жүргүздү. Нижний Новгород шаарында академик Ефим Хазанов, Москвада саясатчы Владимир Рыжков кармалганын "Свобода" радиосунун кабарчылары билдиришти. Ыраакы Чыгышта нааразылык акциясы Петропавловск-Камчатскийде өттү. Читать дальше...
АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын төрагасы сенатор Бен Кардин, комиссиянын башчылары сенатор Роджер Уикер жана Жо Уилсон Кыргызстанда кабыл алынган жаңы Конституцияга байланыштуу билдирүү жасашты. «Биз бул жаңы Конституция Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Кыргызстанды бийлик президенттин колуна топтолгон, парламенттин ролу төмөндөгөн авторитардык башкарууга алып келет деп тынчсызданабыз», - деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле кайрылууда кыргыз элинин моралдык-этикалык... Читать дальше...
Жарандык активист Умай Арыкова орусиялык оппозиционер, камактагы саясатчы Алексей Навальныйды эркиндикке чыгарууну талап кылып, Бишкекте пикетке чыкты. Ал 21-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында "Навальныйга боштондук!" деп жазылган плакатты көтөрүп турду. - Бул кадамым, биринчиден, Навальныйга тилектештик билдирүү. Анткени, коомчулуктун көз алдында ага жасалып жаткан таш боор мамилеге жөн гана карап турганга болбойт. Орус саясатчысынын окуясы бизге тиешеси жоктой сезилиши мүмкүн. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17- жылдык кайрылуусу бул жолу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди. Анткени Украинанын чыгышына аскер күчтөрүн топтоштуруунун айынан Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып, тирешүү чегине жетип турган чакта Владимир Путиндин бул кайрылуусу эл аралык деңгээлде кызыгуу жаратты. Путин сүйлөп жаткан маалда Орусиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Владивостокто... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын расмий сайтында президенттин төмөнкү цитатасы жарыяланды: "Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө... Читать дальше...
Алматыдагы кытай консулдугунун алдында Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын айыптаган акция башталганына 73 күн болду. Чогулгандар Кытайдан Шинжаңдагы лагерлерде кармалган жакындарын бошотууну талап кылышууда. Бирок дээрлик эки жарым айдан бери нааразылык билдиргендерге консулдуктан эч ким чыга элек. "Жазыксыз кармалган тууган-туушкандарыбызды бошотсун!". Мындай талаптар дээрлик эки жарым айдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында күн сайын жаңырууда. Көп жыл мурда Кытайдан келип, казак жарандыгын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистерди чогултуп, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү «Фейсбуктагы» баракчасында жазып, анда сүйлөгөн сөзүн толук жарыялады. Жапаров өз сөзүндө энергетика системасы терең кризисте экенин белгилеп, бул тармакта жүрүп жаткан иштер, реформалар жана тарифтер тууралуу сөз кылды. Ал жагдайды оңдоо үчүн кечиктирилгис чукул чараларды көрүү учур талабы экенине токтолду. Президент ырастагандай, кыргыз энергетикасынын карызы 129 миллиард сомго жетти. Читать дальше...