Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен 23-апрелде жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Мамытов Кыргызстандагы мыйзамдарды жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын баса белгилеп, бирок бул үчүн Парламенттик аппараттын маалыматтык-техникалык базасы октябрь окуяларынан кийин кыйрап, начар абалда экенин айтты. Читать дальше...
Индияда 24-апрелде коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетип, 346 миң адамдан ашты. Бул илдеттен 2624 бейтап көз жумду. Ошентип 1,3 миллиард калкы бар Индия каза болгондордун жалпы санынан улам АКШ, Бразилия жана Мексикадан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты. Ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Мындан улам АКШ жардам берерин билдирди. "Биз COVID-19 күч алып жатканда кыйналып жаткан Индия эли үчүн чын жүрөгүбүздөн санаа болуп жатабыз. Биз Индия... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Жо Байден июнь айында жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу 25-апрелде Кремлдеги жогорку даражалуу кеңешчилердин бири билдирди. Мурдарак ушул айда Байден эки өлкөнүн алакасы чыңалып турган маалда орус лидерине көзмө-көз жолугушууну сунуштаган. Путиндин тышкы саясат боюнча башкы жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, жолугушуу тууралуу так чечим чыга элек, бирок июнь айында болуп калышы ыктымал. 25-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров саммит өткөрүү сунушу "жылуу кабыл алынып... Читать дальше...
Ушул апта башында Бали деңизинде аскердик машыгууларга даярдык көрүп жатканда дайынсыз жоголгон суу алдында жүрүүчү кеме чөгүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу Индонезиянын президенти Жоко Видодо билдирди. "Биз, индонезиялыктар, суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деди Видодо 25-апрелде. KRI Nanggala-402 кемесинде 53 адам бар болчу. 21-апрелде кеме экипажы байланышка чыкпай калган. Куткаруу иштерине жыйырмадан ашуун кеме жана кайык тартылган. Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды.
Ирактын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Багдаддагы COVID-19га чалдыккандарды дарылаган оорукананы каптаган өрт 82 адамдын өмүрүн алды. 110дон көп киши жарадар болду. 25-апрелдин таңында Ибн аль-Хатиба ооруканасында тилсиз жоонун тутанышына кычкылтек баллондун жарылышы себеп болгон. Министрликтин маалымат катчысы Саад Маан INA маалымат агенттигинин айтымында, кырсыктын себептерин иликтөө иштери уланууда. Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Али аль-Баяти "Твиттерге" жазгандай... Читать дальше...
Муну менен бишкектик команда тарыхта алгачкы ирет чемпиондукка жетти. Өлкө мыктысын аныктаган чечүүчү оюн Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тууралуу соңку макулдашуусундагы "Кемпир-Абад "суу сактагычы тууралуу бөлүгүнөн улам маселе жаралды. Кыргыз бийлиги элдин каршылыгынан кийин суу сактагыч коңшу мамлекетке берилбей турганын билдирди. Бишкек менен Ташкент чек ара маселелерин үч айдын ичинде толугу менен чечүүгө белсенип жаткан эле. Кыргызстан өткөн айда Ташкентте кол коюлган, чек араны делимитация жана демаркациялоо тууралуу протоколдун Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пунктун өзгөртүп, баштапкы абалына кайтарат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушууда "Кемпир-Абад" суу сактагычы ээлеген Кыргызстандын жерлери Өзбекстан менен алмашылбай турганын билдирди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти. Бул тууралуу өзү "Фейсбуктагы" кайрылуусунда билдирди. Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген. Ага чейин Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт. Шайлоодо "Жарандык келишим" партиясынан премьерликке талапкер болот. Буга чейин ал эгер жарандар шайлоодо анын командасын колдобой койсо, бийликти тапшырууга убада берген. 2020-жылы ноябрда Пашинян Азербайжан жана... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, коштошуу зыйнатынан кийин Жакиевдин сөөгү Бишкекте жерге берилет. 85 жаштагы Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы мезгилде ооруп жүргөн. Жазуучу 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл... Читать дальше...
Орусиянын бийлиги Кара деңизде үч районду чет элдик аскердик жана мамлекеттик кемелер үчүн жапты. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, үч район тең аннексияланган Крымдын жээгине жакын акваторияга таандык. Чектөөлөр жарым жылга - 24-апрелден 31-октябрга чейин уланат. Министрлик жабылган үч зона тең Орусиянын аймагында экенин жана Керч кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тоскоол болбой турганын жарыялады. Буга чейин... Читать дальше...
“1916-жылдагы элдик көтөрүлүш. Берикбай Атаке уулу” аттуу китеп тарыхчы Алмазбек Шергазиевдин калемине таандык. Чыгарма XIX жана XX кылымдардын башында Ысык-Көл облусунун Тосор айылында жашап өткөн 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири Берикбай Атаке уулуна арналган. Анда санжыра, тарыхый жана архивдик маалыматтар салыштырылган. Берикбай Атаке уулунун жашап өткөн мезгили чагылдырылган. 1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүшү кандуу басылган соң... Читать дальше...
Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын наамын бешинчи жолу коргоду. Ал бул наамды 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган.
АКШнын президенти Жо Байден Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын "геноцид" катары тааныганына байланыштуу америкалык элчи Дэвид Саттерфилд Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Анда Анкара Байдендин билдирүүсүн четке какканы белгилүү болду. Буга чейин түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу өз өлкөсү Байдендин чечимин «популизмге негизделген билдирүү катары мүнөздөп, аны толук четке кагаарын" айткан. АКШ президентинин чечимин армяндар колдоп жатышат. Беверли-Хиллздеги... Читать дальше...
Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер бир нече жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. Белгилүү велоспортчу жакында эле 47 жашка толду.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушкан учурда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирди. "Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. "Кемпир-Абадды" бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. "Кемпир-Абадды" азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. Читать дальше...
26-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот, кар көчкү коркунучу бар. Абанын температурасы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Нарын дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9... Читать дальше...
Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрү күтүлүп жатат. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланууда. Алар Өзбекстан... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районунда «Кемпир-Абаддагы» жерлердин алмашуусуна каршы акцияга чыккандар менен жолугушуп жатат. Нааразы болгон эл Куршаб айылындагы стадионго чогулушту. Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, сабырдуулукка чакырды. Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Өзгөнгө келгенин айтты. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы... Читать дальше...
Ушуну менен мушкерлер октагондо экинчи ирет жолугушту. Усман алгачкы кармашта да жеңишти берген эмес.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 261 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Жесика Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду. Турнир 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өттү. Эки раундга созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөтүп, экинчи раундда атаандашы Жесиканы жерге жыгып, катар-катар сокку уруп жатканда калыстар беттешти токтотту. Техникалык нокаут менен жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты. Валентина... Читать дальше...
Кыргыз эл баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлөрү билдиришти. Маалыматка караганда, 85 жаштагы жазуучу акыркы мезгилде ооруп жүргөн. Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан... Читать дальше...
Америкалык белгилүү мушкер Роуз Намаюнас кытайлык Вэйли Жангды жеңип, кайрадан UFC уюмунун чемпиону болду. Сүйүнгөнүнөн көз жашын тыя алган жок.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 24-апрелде билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусундагы ооруканада жаткан. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1582ге жетти. 25-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 228 кишиден табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (149), андан кийин Чүй облусунда (45), Ысык-Көл облусунда (16)... Читать дальше...