Украинанын президент Владимир Зеленский өлкөнүн дүрбөлөңдүү чыгыш бөлүгүндө болд. Анын иш сапары өлкө менен Орусиянын өз ара мамилелери өзгөчө опурталдуу чекитке жакындап турган маалга туш келди. Президент Зеленский 8-апрелдеги иш сапарында украин жоокерлеринин орусиячыл жикчилдер менен тирешип турган согуш тилкесиндеги өкүлдөрү менен жолугушту. Анын сапарынын алдында эле интернетте Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын чек арасынын жанындагы орусиялык аймактарга топтолуп жана Крым жарым аралына... Читать дальше...
Украинанын чыгышындагы абал жана орус аскерлеринин украин чек арасына топтолушу эл аралык коомчулукту кооптондурууда.
Conflict Intelligence Team тобу социалдык тармактагы билдирүүлөрдү анализдеп чыгып, өткөн жумада орун которгону белгиленген орусиялык аскерлер Украинанын чек арасынан 250 чакырым аралыктагы Воронеж облусунда талаа лагерине топтоштурулган деген тыянакка келди. Бул аскерий аналитиктер тобу Орусиянын куралдуу күчтөрү 2014–2015-жылдары украин чек арасына мындан бир топ жакыныраак жайгашканын белгиледи. Conflict Intelligence Team тобу өз талдоосунда видео-фотого түшүп калган аскер техникасынын көпчүлүгүнүн Борбордук аскер округуна караштуулугу ... Читать дальше...
Кыргызстандыктарды баалардын өсүшү мурдагыдан көбүрөөк ойлондура баштады. Мындай жыйынтыкты Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосу көрсөттү. Изилдөө тууралуу аталган институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков “Азаттыкка” маек курду.
Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча фактыны териштирди. Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды. 5-апрелде Айзаданы үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен. Читать дальше...
Криминалдык милициянын кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган дагы эки кишини кармады. Ушуну менен бул кылмыш ишине байланыштуу баш-аягы төрт киши колго түштү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 8-апрелде 26 жаштагы Т.К. Бишкекте, 30 жаштагы Н.О. Жалал-Абад облусунда кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланып жатканы кабарланды. Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып 7-апрелде 29 жаштагы Р.А., 8-апрелде 26 жаштагы К. Т. колго түшүп, шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген. Читать дальше...
4 тил билген, волейболчу Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектен 25 чакырым жердеги Арашан айылына жакын талаадан табылды. Кызды уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев Орусияда 6 жылдай абакта жатып келген. Кылмышка шектелип, издөө жарыяланган 3 жаран тең кармалды. Коомчулук милицияга нааразы.
Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин саларын жарыялады. Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга сапары учурунда гидроэнергетикалык ири долбоорду Ташкент менен бирге курууну макулдашканы маалым болду. 30 жылдан бери кагаз бетинде калган долбоорду коңшу өлкөлөр кантип жүзөгө ашырат?
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады. «Ала качуу - арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам», - деп айтылат маалыматта. Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам... Читать дальше...
Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекованы уурдап алып кетип, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев буга чейин Орусияда үч жолу кесилип, түрмөгө отуруп чыкканы маалым болду. Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кызынын акыркы күндөрү, Теңизбаев менен мамилеси тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда коомчулук министр Ниязбековдун отставкасын талап кылууда. Алардын арасында айрым депутаттар да бар. Ошол эле маалда кылмышка шектелген 3 адам тең кармалды. Айзаданын сөөгү жашырылды. // "Бүгүн Азаттыкта". 08.04.21.//
“Human Rights Watch” уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшүн “үрөй учурган окуя” деп мүнөздөдү. Ал кыргыз бийлиги 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын аянычтуу тагдырынан сабак албаганын айтты.
Коомдук ишмер, Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун лидери Роза Айтматова Айзада Канатбекованы өлүмгө жеткирген окуяны “жапайычылык” деп атап, бул окуяга ар бир адам үн кошуусу керек деп эсептейт.
8-апрелде Ош шаардык милициясынын алдына ондогон киши митингге чыгышты. Алар Бишкекте уурдалып, кийин киши колдуу болуп каза болгон Айзада Канатбекованын окуясы өлкөдөгү абалды көрсөтөөрүн айтышты.
Уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Ош шаардык милициясынын астында тынчтык митинги өттү. Ага ондогон киши катышып, ала качуу, кыз келиндер кабылган зордук-зомбулук, фемицид көйгөйлөрү айтылды. Активисттер милициядан мындан ары аял укуктарын кылдаттык менен коргоону талап кылышты.
Бишкек шаардык соту 8-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин судья Мира Жээнбековага байланыштуу билдирүүсү тууралуу маалымат таратты. Анда Жээнбекова атайын кызматтын өзүнө карата мыйзамсыз баюу боюнча шектенүүсү чындыкка дал келбей турганын айткан. Жээнбекова өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү ал Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин бар болгонун, УКМКнын маалыматында фактылар бурмаланып берилгенин белгилеген. Судьянын түшүндүрүүсүндө, 74 батирлүү жана 10 автоунаа токтотуучу... Читать дальше...
Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди. Ал акыркы айларда трикотаж фабрикасында котормочу-технолог болуп иштеп келген. Анын жетекчиси Жолдош Шаршенов Айзаданы абдан жөндөмдүү кыз болчу деп сыпаттады. Шаршенов: Биз эки жыл мурда трикотаж фабрикасын ачканбыз. Бирок ортодо пандемия жана башка иштер болуп, толук иштей элекпиз. Биздин фабрикага Түркиядан үйрөткөнгө тикмечилер келген. Айзада биздин ишканада котормочу жана технолог болуп иштечү. Читать дальше...
Кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдешкен. Анда 54 миңден ашуун маалымат талданган. Өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнү аныкталган. 2010-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанда киши колдуу болгон аялдардын өлүмүн иликтеген 762 кылмыш иши ачылган.
Абакта жаткан оппозиционер Алексей Навальный омурткасынан мертинип, колу сенейип калганы аныкталды. АКШ «Навальный түрмөдө ак жеринен отурат» деп, саясатчынын өмүрүнө жоопкерчиликти орус бийлигине жүктөдү. Бирок Кремль Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнө куугунтукту токтоткон жок. Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйдын эки омурткасынан грыжа табылды. Муну ал жаткан Покровдогу №2 түзөтүү колониясынын дарыгерлери атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин аныкташты. Навальныйга кирип чыккан адвокат... Читать дальше...
Бүгүн, 8-апрелде саат 13:30 чамасында Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жарым сааттан кийин өрттү толук өчүрүшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 103 чарчы метр жер күйүп, анда 66 жаштагы адам набыт болгон. 7-апрелде Кара-Суу районунда 62 жаштагы аял өрттөн жаракат алган. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды. (ZKo)
Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган үчүнчү адам колго түштү. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков 8-апрелде кечке жуук 26 жаштагы К. Т. аттуу жаран тергөө абагына киргизилгенин "Азаттыкка" билдирди. Айзаданы уурдоого катышкан деген шек менен буга чейин эки адам колго түшкөн. 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жеринен күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын... Читать дальше...
Жоголгону айтылган эки адамды табуу үчүн 200дөн ашуун кызматкер күндөп-түндөп иштегенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев депутат Айнура Аскарованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. "Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев. 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясынан... Читать дальше...
Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Уюм өткөн аптада өлкөнүн социалдык абалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок алардын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт. Бишкектин Лев Толстой көчөсү коомчулукта “эмгек биржасы” деген ат менен таанымал болуп калган. Бул жерге жарандар утурумдук жумуш издеп чогулат. Алардын бири, жашы кыркка чамалап калган Максат аттуу адамды кепке тарттык. Читать дальше...
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган. Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган. Читать дальше...
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы кыйнап өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады. Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарында уурулук кылып үч айга эркинен ажыратылган. Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын соту аны "Тоноо" беренесинин негизинде эки жылга кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан. Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны карактоо... Читать дальше...