Мухиттен гана эмес, өткөн кылымдан да өтүп келген музыкалык мурастын даңазалуу ээси, атактуу ырчы, музыкант, актёр Элвис Пресли (Elvis Presley; (08.1.1935 – 16.8.1977) тууралуу Аманбек Дилденбай уулунун блогу.
Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера фестивалы 21-апрелде Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат. Фестиваль бүгүн саат 18:00дө Жузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылат. Читать дальше...
Чаддын 68 жаштагы президенти Идрисс Деби Итна 20-апрелде өлкөнүн батышындагы куралдуу оппозиция менен кармашта оор жараат алып, ошол күнү көз жумду. Ал жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткени расмий жарыяланган. Бул тууралуу “Agence France-Presse” агенттиги Чаддын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип кабарлады. Армиялык корпустун генералы саналган Деби республиканы дээрлик 31 жыл башкарды. Ал 1990-жылы өзүнө караштуу аскерлер менен баш калаа Нджаменаны басып алган. Идрисс Деби... Читать дальше...
Бээжиндин мусулмандарга каршы саясатын айыптаган бул митингдин катышуучулары Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылышууда. Бул саясий акция 11 жума мурун башталган. Шейшемби күнү бул акцияга онго чукул аял чыкты. Бирок бул жолу да Казакстандын полициясы нааразылык акциясына чыккандарга Кытай консулдугунун дарбазасына жакындаганга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Консулдуктан алыс өткөн митингде анын катышуучулары “Күнөөсүз камалган туугандарды бошоткула”... Читать дальше...
Кыргызстандагы тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын бардык шаарларда өткөн шайлоолор үчүн каттоосун жана добуштарын жокко чыгарууну талап кылып чыкты. Алар партия мурда башкача аталышты алып жүргөнүн, мыйзамсыз атын өзгөртүп алганын билдиришүүдө. Мыйзамга ылайык, саясий уюм шайлоого алты ай калганга чейин катталышы керек. Буга байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жана Борбордук шайлоо комиссияларынын жүйөсү башкача. Каттоого байланыштуу доомат «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын ишмердүүлүгүнө карата «Улуу Журт»... Читать дальше...
Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө жыл айланды. Бүгүн ал күндү утурлай "Айтыш" коомдук фондунда өзү тарбиялаган шакирттери, замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып куран түшүрдү.
Уу коргошундун тундурмасын ичип, ууланды делип божомолдонуп жаткан бир адам ооруканага туштү. Маалыматтарга караганда 63 жаштагы бейтаптын абалы начар. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу аракеттери уланып жатканын парламентте айтты. Ал эми депутат Жээнчороев 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин мамлекетке өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтарып берүү туура эмес деди. //"Бүгүн Азаттыкта". 20.04.2021.//
Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду. Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун басма сөз кызматы "Азаттыкка" эксклюзивдүү сүрөттөр менен бөлүштү.
Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көз өткөнүнө туура бир жыл толду. Анын жылдыгын утурлай "Айтыш" коомдук фондунда өзү тарбиялаган шакирттери, замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып куран түшүрдү.
“Азаттык” үналгысынын интернеттеги кыргыз, орус барактарында жарыяланган материалдарга көп жылдардан бери окурмандар атын жашырып, ар кандай жасалма, же жалган ысымдарды колдонуп пикир калтырып келишти. Өз ысымын ачык жазган окурмандар деле аз эмес. Бул, балким, кайсыл бир деңгээлде биз көтөргөн темалар боюнча коомдук талкууну кызытууга, калың элдин пикирин, көз карашы кандай экенин билүүгө, изилдөөгө көмөк болуп келгендир. Сөз эркиндиги басым-кысымга алынып, сын пикир айтуу кооптуу болуп турган... Читать дальше...
Орусиядагы оппозициялык лидер Алексей Навальный жаткан абактын ооруканасына анын саламаттыгынан кабар алганы барган дарыгерлер тобу киргизилген эмес. Навальныйдын жеке врачы жана дарыгерлер кошуунунун башчысы Анастасия Васильева медиктер тобу колонияга барып, Навальныйды медициналык кароодон өткөрүү үчүн аны менен кездешүүгө уруксат сурап, бирок абак жетекчилиги бир нече саат күттүрүп, аягында ал өтүнүчтөн баш тартканын билдирди: “Биз бейтапты көрүү өтүнүчү менен телефон чалганыбызда бизге ал... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште саясий буйрук аткарган соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн аракетине укуктук баа берүү маселеси көтөрүлдү. Парламенттин тармактын комитетинин соңку жыйынында депутат Наталья Никитенко былтыркы жыл үчүн отчет берип жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, эгер мындай баа берилбесе коомдогу ишенимге доо кетерин эскертти: "Мыйзамсыз, саясий чечимдерди чыгарган тергөөчүлөргө, прокурорлорго, сотторго баа берилиши керек. Эгер алардын ишине баа берилбесе, коомдун ишеними азаят". Читать дальше...
Жалал-Абаддагы Сузак айылдык кеңешиндеги 31 мандаттын 12си аялдарга берилген. Соңку шайлоого бул аймактан 30дан ашуун кыз-келин талапкер болгон. Алардын бири - Арапат Юлдашева добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык утуп чыкканын айтат. Аймактык шайлоо комиссиясы болсо ал аз добуш топтогон деген жүйө менен мандатты башка аялга берген. Юлдашева мандат талаштын айынан сотко кайрылганы жатат.
Коронавирус менен ооругандар көбөйө баштагандыктан, Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеңиш майрамына карата салтанаттуу ири иш-чаралар өткөрүлбөйт. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын 20-апрелдеги отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. 29-апрель - Бишкек шаарынын күнү, 9-май - Жеңиш майрамы. Борбор калаада COVID-19 илдетин жуктургандар көп болгондуктан, "кызыл зона" деп жарыяланган. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту. Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында өттү.
«"Азаттыкта" айтылды» рубрикасынын коногу - саясат талдоочу Айбек Теңизбаев.
Москва 20-апрелде Софияга тыңчылык тууралуу айып койду жана өткөн айда Болгариядан эки орус дипломатынын чыгарылышына жооп кылып, бул өлкөнүн элчилигинин эки кызматкерин “персона нон-грата” деп жарыялады. Мындан улам аларды чукул арада Орусиядан чыгарууну чечти. Орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө болгар элчиси эки орус дипломаты бир ай мурун Софиядан чыгарылгандан кийин министрликке чакыртылганы, ага нааразылык нотасы тапшырылганы айтылат. Болгариянын башкалаасы Софияда жана Перник... Читать дальше...
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жамааты композитор Жумакадыр Каниметов иштеп чыккан “Ак Мөөр” опера-дастанын калың элге тартуулады. Алгач 1993-жылы көрүүчүлөргө тартууланган “Ак Мөөр” 2000-жылдардан бери сахнада коюла элек болчу. Ак Мөөр XIX кылымда жашаган тарыхый инсан Жантай Карабек уулунун жубайы болгон. Кыргыз тарыхында ал тууралуу маалыматтар бар. 1969-жылы режиссер Мелис Убукеев "Ак Мөөр" тасмасын тарткан.
Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы соңку миграциялык агым тууралуу сандарды жарыялады. Ага ылайык, 2020-жылы жалпысынан Кыргызстанга көчүп келгендер дагы, чет өлкөлөргө узак убакытка кеткендер, журт которгондор дагы азайган. Бирок өлкөгө келгендердин санынан чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоого) чыгып кеткендердин санынын ашыктыгы байкалган. Натыйжада, калктын миграциялык агымы (Кыргызстанга келгендердин жана чыгып кеткендердин сандарынын ортосундагы айырма) 21 пайызга төмөндөдү. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кыргызстанда адам укугу жаатындагы абал начарлады. Укук коргоочулар өзгөчө балдардын, аялдардын жана жабык жайлардагы адамдардын укугу көбүрөөк тебеленгенин белгилешет. Пандемияда балдардын билим алуу укугу бузулду Коронавирустун айынан Кыргызстанда былтыр март айында бардык мектептер аралыктан окутууга өткөн. Баткен районундагы Сабыр Момунов атындагы мектептин мугалими Гүлайым Эргешова бул жагдай балдарды билим алуу укугун чектеди деген пикири менен бөлүштү... Читать дальше...
Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду.
Ооган өкмөтүнүн Бадахшан провинциясындагы өкүлү Закира Ариандын билдиришинче, 20-апрелде Зебак районундагы бекетке жоочулардын түнкү кол салуусунан сегиз полиция кызматкери окко учуп, дагы экөө оор жарадар болду. Жергиликтүү полиция кандуу окуя болгонун ырастады, бирок адам курмандыктарын тактаган жок. Tolo News маалымат агенттигинин булагы жоочулар арасында дагы жабыркагандар болгонун кабарлады. Герат провинциясында болсо жоочулардын чабуулунан кеминде коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза таап, дагы 15 адам жарадар болду. Читать дальше...
Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин "Temirov LIVE" каналы 19-апрелде Бишкек шаарындагы курулуп жаткан хан сарай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы тууралуу видео жарыялады. Анда журналисттер борбор калаанын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан имарат 2018-жылдын 16-февралында Осмонова Бурулкан Бакытбековнанын атына катталганын аныктаган. Интернеттеги ачык булактар аркылуу журналисттер Бурулкан Осмонова Таалайбек Сарыбашовдун бир тууганы Патила Сарыбашованын кызы экенин табышкан. Читать дальше...
Жылдын алгачкы кварталында Кыргызстандын бюджети планга толук жетпей калды. Негизинен бажы жана башка тармактардан түшкөн киреше азайды. Өкмөт мунун себебин экономиканын төмөндөгөнү жана экспорт-импорттун азайганы менен түшүндүрүүдө. 2021-жылдын бюджети ансыз да дефицит менен кабыл алынган, айрымдар бул темп уланса, тартыштык болжолдонгондон көп чыгарын эскертишүүдө. Бул тема «Элдик экономика» түрмөгүндө талданды. Үч айдын жыйынтыгы Республикалык бюджеттин 2021-жылдын январь-март айына карата... Читать дальше...
Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көз өткөнүнө туура бир жыл болду. Бүгүн, 20-апрелде "Айтыш" коомдук фондундагы акын өзү тарбиялаган шакирттери жана замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып эскеришти. “Айтыштын” төрагасы Асылбек Маратов “Азатыкка” акындын ашы 22-апрелде өтөрүн билдирди. Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. Читать дальше...