Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдын мынчалык деңгээлде курчуп кетишине эмне себеп болду? Жагдайды кантин жөнгө салуу керек. “Азаттыкка” Борбор Азия боюнча эксперт, Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос пикирин билдирди.
Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын Тышкы байланыштар кызматы да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттады.
Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Учурда Европада жашап жүргөн саясатчынын билдирүүсү Youtube порталындагы баракчасына жайгаштырылды. Анда Кабири эки өлкөнүн элин ынтымакка чакырып, акыркы жаңжалга бийликтин, саясатчылардын аракетсиздиги себеп болгонун билдирди. “Кыргыз жана тажик эли кылымдар боюнча жанаша жашап келе жатышат. Тарых, маданият, динибиз бир. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 30-апрелде кечки саат 20:00га карата 31ге жетти. Жаракат алгандар 154 адам. Түштөн кийин Кыргызстан менен Тажистандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстандын аткыланып, өрттөлгөн беш чек ара тозотунда аскерлер кызмат өтөөсүн улантып жатат. Чек аранын башчысы тозотторду алдырган жокпуз деп билдирди. //"Бүгүн Азаттыкта". 30.04.2021. Саат 20:00//
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эмки аптада Украинага келет. Кошмо Штаттардын башкы дипломаты бул сапары аркылуу Москва менен мамилеси курчуп турган Киевге Вашингтондун колдоосун билдирүүнү көздөйт, Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө караганда, Блинкен Украинага “Чоң жетинин” Лондондогу жыйынына катышкандан кийин 5-6-майда келет. Ал Киевде украин президенти Владимир Зеленский баштаган бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Блинкендин бул сапары Украина менен Орусиянын алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу бир катар эл аралык басма сөз каражаттары жазышты. Алардын айрымдарына токтолобуз.
28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти, жараат алгандар 154 болду. Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун ондогон айылдары жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү.
Президент Садыр Жапаров 30-апрелде кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады. Өз сөзүндө ал “калабалуу окуялар айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам башталып кеткенин” айтып, ал кайсы күчтөр экенин атаган жок. Чек ара тилкесин аныктоо – карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе экенин, мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келгенин белгиледи. Читать дальше...
Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу 30-апрелде саат 21:00дө облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тажик тарап Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара бекетинен жана Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинен куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Ошондой эле Тажикстандын негизги бөлүгүн Ворух анклавы менен байланыштырган Исфара-Ворух жолу да ачылды. Кыргыз-тажик... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстан чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу комиссия түзүп, абалды жөнгөрүү аракетин көрүп жатышат. Бул тууралуу 30-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди. Анын айтымында, комиссиянын курамына ар бир тараптан төрттөн адам кирди, алар күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү. Суваналиев билдиргендей, комиссия барымтага алынган адам тууралуу маалыматты тактоо, соңку окуяларга байланыштуу буулган жолдорду ачуу боюнча иш жүргүзүүдө... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 25и Бишкектеги ооруканаларга жиберилди. 30-апрелде Лейлек райондук ооруканасы абалы оор жети бейтапты баш калаага учак менен жиберди. Алардын баары тең куралдуу кагылышта жарадар болгон. Исфанадагы райондук оорукананын башкы дарыгери Алымкул Абдиев жараат алган жана үй-жайын таштап качып келген жарандардын абалы, райондогу кырдаал тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.
30-апрелде Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа (Fahrettin Koca) орусиялык "Sputnik V" вакцинасы өлкөдө атайын экспертизадан өткөнүн, мунун натыйжасында чукул колдонууга уруксат берилгенин билдирди. "Түркиянын фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттиги экспертизалардын натыйжасында Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди. Мындан улам биздин өлкөдө үчүнчү - "Sputnik V" вакцинасы колдонулат",-деп жазды Кожа "Твиттердеги" баракчасына. 83 миллион адам жашаган Түркияда... Читать дальше...
Баткен районунун Көк-Таш айылындагы ок атуу учурунда каза болгон 26 жаштагы Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди. Маркумдун классташы, өзүн Акжол деп тааныштырган жигит “Азаттыкка” айтып бергендей, ал 29-апрелде каза болгон: “Кичи пейил, бардыгына активдүү катышкан, көңүл бурган жакшы досубуз эле. Балким ок тийгендир, эки снайпер иштеп жаткан деп айтышты. Досум бир туугандарынын эң улуусу болчу. Үй-жай салып, бөлүнсөм деген ниети болсо керек”. Темирбаев Бужум айылынын тургуну болчу. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы ондогон айылдар жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөлдү, 31 адам каза болду. Коомчулукта атайын кызмат, күч түзүмдөрү мындай кырдаалга эмне үчүн даяр болгон жок деген сындар айтылып жатат. Кыргызстандын мурдагы жети өкмөт башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты тез арада тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган кайрылуу жолдоду. Экс-премьер-министр Темир Сариев Баткен жаңжалын иликтеген комиссия түзүлүшү керек деген ойдо... Читать дальше...
Баткендеги качкындардын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бирок Лейлектеги качкындарга гумжардам жеткирүү оор болуп жатканын "Элим, барсыңбы?" коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Чыңгыз Курбаналиев "Азаттык" радиосуна билдирди. - Чыңгыз мырза, качкындарга жыйналган гуманитардык жардамды жеткирүү иши кандай болуп жатат? - 29-апрелден бери "Элим, барсыңбы?" коомдук фондуна акчалай 141 миң сом түштү. Бул каражатка биз азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттарды алып, жеткирип берип жатабыз. Читать дальше...
Баткен районунун Кызыл-Бел айылында 30-апрелде саат 17лер чамасында кыргыз жана тажик аскерлеринин атышуусу катталды. “Азаттык” радиосунун кабарчылары жергиликтүү тургундарга таянып маалымдагандай, атышуу 15 мүнөттөй тынбай уланган. Азыр айылда атышуу токтоп, абал тынч экени кабарланды. Кызыл-Бел айылы Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыкта, Тажикстан менен чектеш тилкеде жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда жалаң эркектер гана калган. 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп... Читать дальше...
Европарламент орус армиясы Украинага кирсе, Москвага санкцияларды күчөтөрүн билдирди. SWIFT төлөмдөрүн өчүрүп, Орусиядан мунай менен газ сатып алууга эмбарго жарыялап, Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге орусиялык олигархтар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн киргизүүгө чектөө коюлат. Бейшембиде Европарламент Орусия Украинанын аймагына куралдуу аскер күчтөрүн киргизсе, Москвага каршы катаал санкцияларды жарыялоону сунуштаган резолюциянын долбоорун жактырды. Резолюцияда абактагы орус оппозициясынын... Читать дальше...
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) Баткенде талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө жана үй-жайын таштап качкан тургундардын ордуна кайтуусуна жардам күтөт. Бул тууралуу 30-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Казакбаев БУУнун программаларынын жана долбоорлорунун бир бөлүгүн Баткенди калыбына келтирүүгө буруу зарылчылыгын белгиледи. Читать дальше...
29-апрелде Баткенде окко учкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилет. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Камбаралы Калмырзаев билдирди. Нурсултан Манасбек уулу Дейрес-Сай айылында 1992-жылы туулган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Нурсултан мектепти 2010-жылы аяктаган. 2015-жылы жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде туруктуу кырдаалды сактоого даяр экендигин белгиледи. Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Бул тууралуу 30-апрелде саат 18де "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Маалыматка караганда, жалпысынан 154 киши жараат алган. Алардын 23ү - күч структурасынын кызматкери. Жараат алгандардын 49у Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп... Читать дальше...
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт. “Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Читать дальше...
Калкы 1,3 миллиард адамды түзгөн бул өлкөдө ооруканаларда орун, дем алдыруучу аппараттар жана дары-дармек жетишпей жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөр Индияга жардам берүүгө убада кылган. Учурда Индиядагыдай абал башка өлкөлөрдө жаралбайбы деген тынчсыздануу көп айтыла баштады. Африкадагы Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Жон Нкенгасонг континенттеги өлкөлөр абалга тынчсызданып жатканын билдирди. “Индиядагы абалды биздин континет көзгө илбей кое албайт”-деди ал. Коронавируска... Читать дальше...
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев чек арадагы абалды туруктуу деп айта албай турганын билдирип, барымтада калгандардын маселеси чечилип жатканын айтты.
Баткен облусундагы чек арада чыккан чырда кырдаал курчуган эвакуация болгондор үчүн гуманитардык жардам чогултула баштады. Ал арада Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат.