Украинанын чыгышындагы чыңалуунун себептерин тактоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Киевдин талабына Орусия жооп кайтарбай жатканы жарыяланды. Мына ошого байланыштуу АКШ Москвадан алдыдагы коопсуздук маселеси боюнча жолугушууда чек ара тилкелерине жакын жайларда аскер күчтөрүн топтоштуруп, көбөйтүүнүн себептери жана андагы чыңалууга алып келген жагдайлар боюнча түшүндүрмө талап кыла турган болду. Киев менен Батыш Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерди жакында болгон чагым аракеттери үчүн айыптоодо. Читать дальше...
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги билдирүүсүндө орус бийлигине Украинанны чыгышындагы соңку кырдаалды талкуулоо сунушталганы айтылат. Анда расмий Киев Орусияны соңку күндөрү Украина менен чек аралаш аймактарга жайгаштырган аскерлерин алып кетүүгө чакырган. “Тилекке каршы, орус тарап бул өтүнүч боюнча зарыл болгон маалыматты берүүдөн баш тартты”, - деп айтылат билдирүудө. Мындан сырткары украин президенти Владимир Зеленскийдин бийлиги кырдаалды талкулоо сунушун орус президенти Владимир Путинге жолдогону белгилүү болду. Читать дальше...
Түштүк Азиядагы Гималай тоолорунда жайгашкан Бутан падышалыгында калктын эрезеге жеткен кишилеринин 93 пайызы коронавируска каршы алгачкы жолку эмдөөдөн жарым айдын ичинде эле өткөрүлдү. Бул ийгиликке жарандык коом да салым кошту. Адатта, дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө ийгиликтүү жүргүзүлгөн өлкөлөр тууралуу маалымат угууга камынганда, кишилер кубаттуу, бай, өзүндө дары өндүрүлгөн мамлекеттердин аталышын угабыз го деп ойлошот. Көрсө, камбылдык аракет чакан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө да таандык көрүнүш экен. Читать дальше...
Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция шалаакылыгын улантып жатат деп билдирди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кайрылып, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айтты: "Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Бул окуя боюнча шектүүлөр кармалып, экспертизалар дайындалып жаткан соң... Читать дальше...
Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөн жуманын этегинде Өзбекстан менен Казакстан чектешкен чек ара тилкесиндеги Гишткоприк-Жибек Жолы чек ара өткөрмөсүндө жаңы курула турган ири соода борборунун пайдубалы куюлду. Борбор Азия чөлкөмүндөгү чек аралаш жерде ири соода борборунун курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземге эки мамлекеттин өкмөт башчылары да катышты. “Бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү уникалдуу долбоор эки өлкө үчүн тең пайдалуу жана мындан аркы соода-экономикалык байланыштарды... Читать дальше...
Химиялык курал колдонууну байкоочу эл аралык уюм 12-апрелде изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Сириянын аскер-аба күчтөрү 2018-жылы февраль айында сириялык көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб шаарына асмандан хлор аралашкан химиялык зат чачканы айтылат. Бул химиялык чабуулдан бир нече күндөн кийин химиялык заттан ондогон адамдар ууланып, ооруп, дарыланууга мажбур болгону изилдөө учурунда ырасталган. Сириянын президенти Башар Асад жана анын Орусия баш болгон өнөктөштөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн... Читать дальше...
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдеги музыкалык аспаптар, артисттердин кийимдери дээрлик 70 жылдан бери жаңыланган эмес. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Керим Турапов 12-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди: "Сексен кишиден турган симфониялык оркестрдеги аспаптар 70 жылдан бери алмашкан эмес. Кийип турган кийимдери - смокинг жана фрак дегендер тытылып бүткөн. Бүгүнкү күнү ал аспаптарга тетик да алып бере албайбыз. Атайын эсепке чогулган акчадан чогултуп... Читать дальше...
Бишкек жана Ош шаарларында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акциялар өттү. Бишкек шаардык соту Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Кубанычбек Жумалиев казынага 1 млрд. сом төгүп, эркиндикке чыкты. //"Бүгүн Азаттыкта". 12.04.21.//
Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 12-апрелде опера-балет театрындагы чыр боюнча иликтеген комиссиянын бүтүмүн жана сунуштарын укту. Комиссиянын жетекчиси - Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов театрдагы чырдын келип чыгышына жетекчилик менен кызматкерлердин ортосунда эмгек келишимин түзүү сунушу берилгени себеп болгонун айтты. Ал жетекчилик коммерциялык спектакль төлөгөн ижара акысын артисттерге... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелде бул мөөнөт мыйзам менен бекитилгенин маалымдады. Ал эми референдумда кабыл алынган чечим расмий жыйынтык жарыяланган соң күчүнө кирет: "Бул жолу добушка Баш мыйзамдын жаңы долбоору коюлуп жаткандыктан, анын күчүнө кирүүсү үчүн мыйзам тарабынан бекитилген шарт бар. Жаңы редакцияга президент кол коюп, ал жарыяланган соң күчүнө кирет". Шайлдабекова Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келерин эскертти. Читать дальше...
Быйыл Кыргызстан калкы өлкө эгемендигинин 30 жылдыгын белгилейт. Ушул жылдары мамлекетте болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? Же кээ бир чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Кыргызстан дагы эле мамлекеттүүлүгү олку-солку абалдагы өлкөбү? Эгемендикти бекемдеш үчүн эмне кылуу керек? Сиз жеке өзүңүз кандай салым, идея, сунуш кошо аласыз? "Азаттык" радиосу Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынак жарыялайт. Макала, блог, ой-толгоо... Читать дальше...
Баштапкы маалыматтарга караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтышса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасашканын билдирди. Аймактагылардын 80 пайызы президенттик башкарууну жактаган Баш мыйзамды жактырышса, борбор калаада бул көрсөткүч айырмаланат Бишкектиктердин 36% Конституциянын жаңы долбооруна каршы добуш беришкен. Кандай болгон күндө да... Читать дальше...
Кыргызстанда 13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22; Суусамырда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн 2…7... Читать дальше...
Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди. “Тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугун эске алуу менен... Читать дальше...
Кыргызстандын 28 шаарында өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу көрүнүштөрү орун алды. Бул тууралуу айткан байкоочулар айрыкча, Бишкекте капчыктуу бир катар саясатчылардын партияларынын ортосунда күрөш жүргөнүн белгилешүүдө. Деген менен бул шайлоодо мурдагы добуш берүүлөрдөн айырмаланып, бир партиянын көпчүлүк шаарларда жеңген учуру катталган жок. Бишкек жана Ош: шайлоодон кийинки нааразылык 12-апрелде Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына... Читать дальше...
Оштун борбордук аянтына 12-апрелде “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу журт” жана “Бир бол” партияларынын өкүлдөрү чогулуп, шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Бул үч партия жана дагы "Улуттар Биримдиги", "Республика", "Ишеним" партиялары кечээ ушундай мазмунда биргелешкен кайрылуу жасашкан. Баштапкы эсептерге ылайык, 11-апрелдеги жарышта Ош шаарында "Ата Журт Кыргызстан" партиясы 49%дан ашык добуш алып, алдыга чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо негизинен акчалуу партиялар утуп чыкканын айтып, бул бийликке ыңгайлуу деген пикирин билдирди. Депутат “Фейсбуктагы” баракчасына "капчыктуулар" бийликтин айтканына көнөт деп жазды: “Алар кайсы бийлик болбосун коркунуч жаратпайт жана бийликтин айтканы менен болот. Элдин талабы алар үчүн экинчи орунда, биринчи кезекте бийликтин буйругун кынтыксыз аткарып беришет. Анткени артында чоң бизнестери турат. Ошон... Читать дальше...
Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунда кырсык болду. Тегеран окуяны “теракт” деп атап, бул үчүн Израилди айыптады.
Өзбекстандын жарнама агенттиктер бирлигинин өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына өздөрүн Ташкент шаардык мэриясынын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар уруксат берүүчү кандайдыр бир документтерин же сот чечимдерин көрсөтпөстөн туруп, көчөлөрдө илинген алардын көрнөк-жарнак баннерлерин алып салышканын билдирди. “Хумо Медиа” жарнак агенттигинин башчысы Савелий Соколов Ташкенттин башкы көчөлөрүнө илинген анын агенттигине караштуу үч жүздөн ашуун жарнак баннерлери алынып салынганын айтып, муну мыйзамсыздык деп атады... Читать дальше...
Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Төмөнкү Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу аталган райондун акими Аманкан Кенжебаев “Азаттыкка” кабарлады. “Ар айылга 30% аялдарга квота бөлүнүп берилген. Анан ал жерде эки эркек талапкер көбүрөөк добуш алыптыр. Алар "эмнеге бизден аз добуш алган аялдар өтүп кетип жатат" деп маселе кылыптыр. Мыйзам боюнча бөлүнгөн квота бар”, - деди Кенжебаев. Орок айылында 10 миңдей киши жашайт. Читать дальше...
Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты. "Бүтүн Кыргызстан", "Коммунисттер", "ДДК", "Тынчтык", "КСП", "Улуу Журт", "Бийлик элге", "Жашылдар" партиясынын ондогон тарапкери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Ошондой эле кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтып жатышат. Президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушевге... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында ипотекалык насыясын төлөөдөн кыйналган жарандар мамлекеттен жардам талап кылып Финансылык көзөмөлдөө агенттигинин имаратынын алдында түнөгөнү жатат. 12-апрелде аталган мекеменин жанына чогулган активисттердин бири Канагат Такеева алар ушундай жол менен бийликтин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурдурууга аракет кылып жатышканын айтып берди. Ал ипотека төлөөдөн кыйналгандар буга чейин бийликке бир нече ирээт кайрылганын, бирок андан майнап чыкпаганын белгиледи. Алматыда жеке турак жай сатып алууга ипотекалык насыя алып... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуулар аныкталса, ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Партиялар менен талапкерлерге да чаралар көрүлөт. Айрымдарынын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн. Шайлдабекова шайлоо жыйынтыгына макул болбогон партиялар менен талапкерлерди мыйзам чегинен чыкпоого чакырды. Читать дальше...
АКШда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында дүйшөмбүгө караган түнү полициянын колунан каза тапкан 20 жаштагы афроамерикалык Данте Райттын өлүмүнөн кийин калайман каршылык акциялары болду. 11-апрелде жүздөгөн адам Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентер шаарчасында полициянын кеңсесинин жанына чогулуп, ортодо кагылыш орун алды. Анда полиция жаш агызучу газ менен кулак тундурган граната колдонду. Демонстранттар полициянын эки машинесин таш бараңга алышты. Бул окуя тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Читать дальше...
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары үч кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди. Облустук милициянын басма сөз кызматы 18 жаштагы кыз ата-энесинин үйүнө жеткирилгенин билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 11-апрелде Кара-Дөбө айылынын тургуну кызын бейтааныш адамдар ала качканын айтып кайрылган. Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Читать дальше...