АКШнын Улуттук гвардиясынын жети миңдей жоокери өлкөнүн борбор калаасында март айынын ортосуна чейин калат. Бул тууралуу ишемби күнү журналисттерге гвардия башчысы Дэниел Хокансон билдирди. Анын айтымында, аскерлер федералдык күч түзүмдөрүнө башаламандык коркунучун жоюуга жардам берүү үчүн Вашингтондо дагы болжол менен жети апта болушат. Генерал белгилегендей, аскерлердин саны кырдаалга жараша өзгөрүшү ыктымал. “Эй-би-си” телекомпаниясы билдиргендей, АКШнын атайын кызматында америкалык экстремисттик... Читать дальше...
Жыйырма жылга жетпеген убакыт ичинде Казакстанда чет элдик бай ишкерге айланган адам Феттах Таминже Нурсултан Назарбаевге каалаган учурунда кире алчу. Ал казак өкмөтү менен ондогон миллиарддык келишимдерге кол коюп, келишкен мейманканаларды курду. Феттах Таминже деген ким, аны Казакстандын туңгуч президенти менен эмне байланыштырып турат? ТАЛАШТУУ ИДЕЯНЫ ТАПКАН АДАМ 2020-жылдын ноябрында казак бийлиги Маңгыштоо облусунун Бозжыра капчыгайында келишкен мейманкана сала турганын жарыя кылды. Табияты... Читать дальше...
Жапон өкмөтү Кыргызстандагы эки социалдык мекемеге жардам тартуулады. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 23-январдагы маалыматына караганда, Жапониянын “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында 145 миң долларга Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна медициналык, лабораториялык, тиричилик жана өндүрүш шаймандары, эмерек, техника, атайын медициналык автоунаа сатылып алынды. Аталган гранттык... Читать дальше...
Тийиштүү адистер Чаткал районунун Терек-Сай аймагындагы дарыя суусунун сапатын текшерип жатышат, жыйынтыгын бүгүн, 24-январда жарыялашат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна район акими Жуманалы Накетаев билдирди. Анын айтымында, 23-январда алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасына тиешелүү саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган: "«Эти Бакыр Терек-Сай» иштеткен эски фабрикада саркынды сакталуучу жай бар эле, ошол ачылып кетиптир. Эски көмүр калдыктары, кум кошулган. Читать дальше...
Даңазалуу маек уюштуруучу, сыналгы алып баруучу Ларри Кинг 23-январда Лос-Анжелес шаарында 87 жашында коронавирустун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал “Си-Эн-Эн” сыналгы каналында 25 жыл бою өзүнүн калайык сүймөнчүгүнө айланган берүүсүн алып барган. Лоуренс Харви Зейгер (Lawrence Harvey Zeiger; кийин Ларри Кинг - Larry King ысымын алган) 1933-жылы 19-ноябрда Бруклинде АКШга чет өлкөдөн көчүп келген жөөт келгиндеринин үй-бүлөсүндө туулган. Ларринин энеси Женни Гитлиц – Беларустан, атасы Аарон Зейгер Австриядан журт которуп келишкен. Читать дальше...