Жапонияда премьер-министр Ёсихидэ Суга баш болгон жетекчилер коронавирустун жайылышына каршы эрежелерди сактоодон баш тартып жаткан ишкерлерди жана тургундарды жазалоо чараларын катуулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Жалпы улуттук “Асахи” гезити ишемби күнү маалымдагандай, жаңы мыйзам кабыл алынса иш убактысын кыскартпай жаткан ресторандарга ири өлчөмдө айыппул салынат, ал эми коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатпай жүргөн тургундар кылмыш жообуна тартылат. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Чүй, экинчиси Ысык-Көл облустарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1398 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 93 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (29), Бишкек шаарында (27) жана Ысык-Көл облусунда (21) адам. Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 83 796 кишиге жетти. Читать дальше...
Ишембиде (23-январда) орусиялыктар абактагы оппозициячы саясатчы Адексей Навальныйды боштондукка чыгарууну ьалап кылып, жалпы өлкөдө нааразылык жыйындарга чыгаары күтүлүүдө. Бери дегенде 65 шаарда нааразылык жыйындары уюшкандыкта өткөрүлүшү ыктымал. Орусия бийликтери бул окуяга утурулай Навальныйдын бир катар шериктерин кармады жана интернеттин коомдук тармактарын эгерде “мыйзамсыз” делген иш-чараларга үгүттөсөңөр, анда жазага кабыласыңар, деп эскертти. Бул нааразылык чаралары – Навальныйга карата коомдук колдоо үчүн сынак болуп калмакчы. Читать дальше...
Дүйнө жүзүндөгү өзөктүк курал-жаракка тыюу салган эл аралык келишим 22-январда күчүнө кирди. Бирок өзөктүк куралдары бар делген мамлекеттер андан оолак кала берип жаткан чакта, бул келишимдин тагдыры суроо жаратууда. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 22-январда жарыялаган билдирүүсүндө “Өзөктүк куралдарга тыюу салуу тууралуу келишим” (ӨКТК) “өзөктүк куралдардан эркин болгон дүйнөгө жетүү максатын карай олуттуу кадам” болуп саналаарын жана өзөктүк куралсыздандырууга жетишүү үчүн көп тараптуу... Читать дальше...