Тасмада балбандын акыркы жылдардагы бир катар ири мелдештердин финалында жеңилүү ызасын тартып, жер муштаган учурлары эскерилген.
Шаардын жашоочулары бүгүн, 18-январда маршруттук таксилер каттамдарга аз чыкканын кабарлап жатышат. Мурдараак мэрия тариф маселесине байланыштуу жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдаган. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди. Түлөбаев кайрылуусун 18-январда "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айтты. Читать дальше...
Кыргызстандагы расмий "Эркин-Тоо" гезитине 2002–2005-жылдары баш редактор болгон маркум журналист, театр сынчысы жана сатирик Эсенбай Калдаровду (1951–2011) замандашы, журналист Сапалкан Арипов эскерет.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын былтыркы августтагы Сибирдеги уулануудан айыккан соң, Германиядан Москвага кайтып келген чагында Орусиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалышы дароо Кремлге карата нааразылык менен ачуу сын-пикирлерди жаратты. Навальный түшкөн учак 17-январда кечкурун “Шереметьево” аба майданына кондурулган жана оппозициячы саясатчы тез арада тартип сактоо күчтөрү тарабынан кармалган. Орусия бийликтеринин бул кадамына карата нааразылык билдирүүлөр дароо эле жасалды. Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 18-январда “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды. Мыйзам долбоорун кырк депутат демилгелеген. Мыйзамдын максаты - эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерин тескөө болуп саналат. Өткөн жылы «Манас» жана... Читать дальше...