13-январда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кытайлык «Sinovac Biotech» компаниясынын вакцинасы менен эмделди. Ал журналисттерге «алгач дарыгерлер, андан соң 65 жаштан улуу адамдар акысыз эмделерин» кабарлады. Министр буга чейин өлкөдө 1 миллион 100 миңге жакын дарыгер жигердүү иштеп жатканын жана Түркияда коронавирус жуккандардын жалпы санынын 10% дарыгерлер экенин маалымдаган. Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери коронавирустун кайдан чыкканын иликтеш үчүн Кытайга келишти. Жергиликтүү маалымат каражаттары он адистен турган топ Уханга 14-январда келгенин кабарлашты. Алар шаарда бир ай болуп, иликтөө иштерин жүргүзөт деп күтүлүүдө. АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган адистер карантин шартында иштеп, Кытайдагы кесиптештери менен видеоконференция аркылуу алгачкы жыйындарды өткөрүшөт. Читать дальше...
YouTube каналына Конор Макгрегордун даярдануучу жайындагы Хабиб Нурмагомедов менен беттешине чейинки жана андан кийинки көрүнүштөр тартылган видео жарыяланды.
Бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык соту ооган жараны Камран Шенвариге чыгарылган Октябрь райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арызды карады. Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү териштирүүдө иш боюнча күбө өтүп жаткан журналист суралды. Кийинки жараян 27-январда болот. 14-январда шаардык соттун жанында айыпталуучунун жакындары митингге чыгып, анын күнөөсүз соттолгонун билдиришти. Өзүн Шенваринин жубайы катары тааныштырган Линара Мазунова сот чечимин мыйзамсыз деп баалады: «Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Читать дальше...
Угандада 14-январда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышып жатканы менен негизги жарыш бир канча жылдан бери башкарып келаткан Йовери Мусевени менен Боби Вайн деген лакап ысым менен таанымал популярдуу ырчы Роберт Киагуланьи ортосунда болору күтүлүүдө. Африканын чыгышында жайгашкан, 46 миллион адам жашаган бул мамлекетте шайлоону утурлай Интернет өчүрүлгөн. 38 жаштагы Боби Вайн 2000-жылдары атагы таш жарган хип-хоп ырчы болчу. Аны бир кезде Уганданын чалгын кызматынын өкүлдөрү сабап кеткен соң саясатка аралашууну чечкен. Читать дальше...
Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун кызмат ордун соттон утуп алган ырчы Самара Каримованы мугалимдер жамааты кабыл албай жатат. 14-январда окуу жайда Каримова катышкан жыйын болду. Мугалимдер жамааты Самара Каримованын талантын сыйлап, чыгармачылыгын баалаш турганын белгилешти, бирок буга чейин иштеп келген директор Нурлан Каримов ордунда калышы керек экенин айтышты. Самара Каримова соттун чечими ушундай болгонун айтып, мыйзамдуу кызмат ордуна кайтып келатканын билдирди. Читать дальше...
Орусияда эмгектенип жүргөн мигрант айылына спорт зал салып берди. 500дөн ашуун окуучусу бар Кош-Терек орто мектебинин короосуна курулган залды айылдыктар ашар жолу менен салышты. Жеке ишкер буга чейин да айылда башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берген эле.
15-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +7...+12, Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз +9....+14, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз +3...+8, Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23... Читать дальше...
Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 14-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү балдар үйлөрү жана интернаттар реформаланып, жоюлууда. «Баланы кийинтип-ичинтип коюудан тышкары ата-энелик мээрим керек. Интернатта тарбиячылар ар бир балага көңүл бурууга үлгүрүшпөйт. Ошондуктан биз балдар үйлөрүн жана интернаттарды реформалап, андагы балдарды фостердик үй-бүлөлөргө берүүнү баштадык», - деди Солтонбекова. Министр ата-энелерди фостердик үй-бүлө түзүүгө чакырды. Читать дальше...
Нарын шаарында 14-январда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын нааразылык акциясына катышкандардын бири өзүн өзү өрттөгөнгө аракет кылды. Нарын облустук администрациясынын алдына «Насип Кайып» майыптар коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Абдраева баштаган 7-8 киши чогулду. «Азаттыктын» окуяга күбө болгон кабарчысынын айтымында, катышуучулардын бири жанына ала келген бензинди тегерегине чача баштаганда жанындагылар жана милиция кызматкери токтотуп калышты. Окуя акциянын катышуучулары шаардын жетекчилиги... Читать дальше...
Президенттик шайлоодо алдыга чыккан Садыр Жапаров кыска убакыттын ичинде соттон баштап, бардык тармактарда реформаларды ишке ашырууга тийиш. Бул тууралуу казакстандык инвестор, коомдук ишмер, "Asadel Partners" компаниясынын өнөктөшү Маргулан Сейсембай “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги Беларустан эт алып, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо мүмкүнчүлүгү тууралуу жарыялады. Бул билдирүү канчалык реалдуулукка жакын? Малчылыктагы кайсы маселелер эттин эл аралык экспортко чыгышына тоскоол болууда?
«Facebook» компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди. Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган «Facebook» социалдык тармагындагы 193 аккаунтту, 246 баракчаны, 50 топту жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынган. Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунуна комментарий берип... Читать дальше...
Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкер сунуш кыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылат. «Президент шайланды. Эми инаугурациядан соң премьер-министрликке талапкерлер расмий көрсөтүлүшү керек. Парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Бизге учурдагы абалыбызга жараша такшалган... Читать дальше...
Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө таратты. Анда кабарлангандай, шаардык сот 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 033 700 (1 миллион 33 миң 700) сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Читать дальше...
Эл аралык «Human Rights Watch» уюмунун 2020-жылга байкоо салган баяндамасында Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар мыйзамдар бузулганы белгиленет.
«YouTube» порталындагы шоу үчүн Маданият министрлиги эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизип, ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды. Шоу үчүн наамдан кол жууду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевдин «YouTube» порталындагы шоу-программасын жосунсуз жорук деп баалап, ырчыга 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды. Ал эми бул шоуга конок... Читать дальше...
Кыргызстанда жогорку окуу жайларынын студенттери окуу акысынын жарымын жоюуну талап кылып жатышат. Алар коронавирус пандемиясынан ата-энелер да, студенттер да жабыр тартканын билдирип, чоң сумма төлөөгө мүмкүнчүлүгү калбай калганын айтып даттанууда. Билим берүү жана илим министрлигинин жана университеттердин жетекчилери буга макул эмес. Пандемиянын жаңырыгы Көйгөйүн көтөрүп чыккан студенттер бул жолу социалдык түйүндөр аркылуу өнөктүк баштады. Алар «Фейсбукта», «Инстаграмда», «Телеграмда» жана... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчулар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге барышы күтүлүп жатат.
"Олимпиакостун" франциялык оюнчусу Матьё Вальбуэнанын ыкмасы кызыктуу көрүнүш гана болуп калбай, командага жеңиш алып келген.