АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүндөгү демократтар 11-январда президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо жүрүмүн экинчи ирет баштоо үчүн алгачкы кадамды жасашты. Эгерде Трамп ыктыярдуу түрдө кызматынан чегинбесе же вице-президент Майк Пенс менен азыркы өкмөт Трампты кызматынан четтете албаса, анда шейшембиде импичмент жүрүмү башталат, деп демократтар беленденүүдө. Дүйшөмбү күнү Өкүлдөр үйүндөгү демократтар Пенсти Конституциянын 25-толуктоосуна таянып, Трампты кызматтан кетирүүгө үндөп, резолюция долбоорун шардана кылышты. Читать дальше...