«Жашыл планета» түрмөгүндө Баткендеги жылытуунун натыйжалуу түрүнө өткөн айрым ишканалардагы жагдайга токтолобуз.
Былтыр 8-январда Тегерандагы аэропорттон абага көтөрүлгөн украиналык учак көп өтпөй жерге кулап түшүп, ичиндеги 176 адамдын бири да аман калган эмес. Бир нече күндөн кийин Иран Киевге жол тарткан учакты кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алган. Кырсыктын бир жылдыгына карата эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) уюму билдирүү таратып, чындыктын түбүнө жетип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бериш үчүн Иран бийлигин окуяны таза иликтеп, эл аралык мекемелер менен кызматташууга чакырды. Читать дальше...
Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоонун жыйынтыгы эки айлампа менен аныкталган учур боло элек. Ушуга чейинки жети президенттик шайлоонун басымдуу бөлүгүндө бийликтеги же бийлик алдыга сүрөгөн талапкерлер жеңишке жеткен. Ал шайлоолор канчалык таза өткөн? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Куудулдар алардын «Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан» аттуу концертине бийлик бут тосуп жатканын айтып чыкты. Уюштуруучулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аларды суракка чакырганын айтты.
АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп 7-январда тараткан видео кайрылуусунда Капитолийде адам өмүрүн алган зомбулукту айыптап, шайланган президент Жо Байденге бийликти тынч өткөрүп берүүгө убада берди. Эки айдан бери Байдендин жеңишин тааныбай жана эч качан жеңилгенин мойнуна албай турганын айтып келген Трамп Конгресс добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткенин жана «жаңы администрация кызматка 20-январда киришерин» айтты. Трамп Капитолийде болгон тополоңду АКШдагы демократияга доо кетирген «жийиркеничтүү кол салуу» деп атады. Читать дальше...
Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча кезектеги референдум 10-январда өтөт. Бул өлкө эгемендик алган 30 жылдагы сегизинчи жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы кандай?
Кошмо Штаттарда бир күндө коронавирустан төрт миңдей киши көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус бир күндө 250 миң адамдан табылды. Адистер жаңы жылдык майрамдардан кийин ооругандар көбөйүшү мүмкүн экенин боолголоп жатышкан. Баарынан катуу жабыркаган штаттардын сап башында Калифорния турат. 7-январда бул штатта коронавирус 500дөн көп кишинин өмүрүн алды. АКШдан кийинки орунда мурдагыдай эле Мексика менен Бразилия жайгашкан. Мексикада соңку бир күндө COVID-19 13 миңден ашуун адамдан аныкталды. Читать дальше...
9-январда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5, Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...+4, Баткен облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...+1... Читать дальше...
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн YouTube каналына Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кезектеги реванштык беттешине карата проморолик жарыялады.
Бишкекте 8-январда парламентаризмди колдогон жарандар акцияга чыгышты. Уюштуруучулардын айтымында, 100гө жакын адам Ала-Тоо аянтынын жанына - Апрель ыңкылабынын катышуучуларына арналган эстеликтин алдына чогулду. Алар «Парламенттик республика» деген жазуусу бар плакаттарды жана желекчелерди көтөрүп турушту. Акциянын демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Ал 10-январда мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда парламенттик өлкө үчүн добуш берүүгө үгүттөгөн топ түзгөн. Читать дальше...
Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев Бишкек-Ош мамлекеттик дирекциясындагы коррупциялык схема боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» маалымдады: «Бул коррупциялык схема Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди тейлөөчү «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттериндеги автоунаа кыймылын көзөмөлдөөдө колдонулган. Тергөө аныктагандай, 2018-жылы... Читать дальше...
Өзбекстанда чет элдик капитал катышкан өндүрүш ишканаларынын каттоого алынган расмий саны 2021-жылдын 1-январына карата 12 300гө жетти. Алардын 11800ү иштеп жатат. «Азаттыктын» өзбек кызматы Мамлекеттик статистика комитетине таянып кабарлагандай, эң көп кошмо ишканалар төмөнкү мамлекеттер менен бирге түптөлгөн: Орусия менен 2093, Кытай менен 1799, Түркия менен 1576, Казакстан менен 919, Түштүк Корея менен 888. 2020-жылы чет элдик капитал катышкан ишканалардын саны 1399га көбөйгөн. Пандемия учурунда Түркия менен 330... Читать дальше...
Баш калаадагы муниципалдык бала бакчалар 20-январдан тартып ишин жандандырарын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 18-январдан баштап шаардагы мектептердин 1, 5, 9 жана 11-класстарынын окуучулары мектепке бара баштайт. Мындай чечим Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, эпидемиологиялык комиссиянын жана мэриянын жалпы жыйынында кабыл алынган. Маалыматка ылайык, мектептердин жана бала бакчалардын иши Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү, илим министрлиги тарабынан түзүлгөн алгоритмге... Читать дальше...
Ачык кендеринен алтын чайкап алуу 2007-жылы мыйзамдаштырылганын вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 7-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда элди жумуш менен камсыз кылуу максатында ачык алтын кендеринен аны чайкап алууга уруксат берилген. «Алтын кени боюнча карталар бар, анын ичинен бир кенди тандап алып, аны жууганга атайын патент алып, иштете берсе болот. Буга уруксат берилген. Бирок муну эл билбейт, анткени түшүндүрүлгөн эмес, маалымат ачык эмес. Мына, Чаткалда... Читать дальше...
Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын экинчи турунун экинчи күнүндө да беш талапкер беттешти. Алар Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев. Алтынчы талапкер Рашид Тагаев мурдараак жарыштан чыгып кеткен. Таймашта Жетим-Тоо кени, Кой-Таш окуясы, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана башка темалар козголду. Децентралдаштыруу, бажыдагы коррупция жана насыя 7-январдагы дебаттын башталышында эле айым талапкер Клара... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү. Бул тууралуу адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди. Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда. «Атамбаев мектептин курулушу тууралуу кагазга «макулмун» деп кол коюп берген. Бул өкмөттүн чечкен маселеси болчу. Анын үстүнө насыя эмес, Кытайдын грантына курулган. Мектеп Калыс-Ордого эмес, Өзгөнгө же Москва районуна курулушу... Читать дальше...
8-январга карата Кыргызстанда дагы 165 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1365 адамга жетти. Бир сутка ичинде... Читать дальше...
Пандемиядан улам Нарын шаарында салына баштаган 75 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулуш иштери бир айдан бери токтоп турат. Дээрлик 90% аяктаган курулуш-монтаждоо иштеринин жылбай турушуна каржылоонун үзгүлтүгү себеп болгон.
«Фейсбук» («Facebook») компаниясы жана анын «Instagram» тиркемеси АКШ президенти Дональд Трамптын барактарына тыюуну 20-январдагы жаңы президент Жо Байдендин ант берүү жөрөлгөсү бүткөнгө чейинки мөөнөткө узартышты. Бул тууралуу «Facebook» компаниясынын аткаруучу директору Марк Цукерберг 7-январда маалымдады. «Твиттер» болсо 7-январда Трамптын убактылуу жабылган эсебин кайра ачты. АКШнын президенти Трамп 6-январдагы Капитолийде жасалган зомбулукту «Твиттер» аркылуу 7-январда айыптап чыкты жана «Жо... Читать дальше...
БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX ынтымагынын вакциналары начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрүн ушул айдын ичинде эле жеткире башташаарын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун оңой жана тез жайыла турган түрүнүн Европадагы коркунучуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Жапон өкмөтү Токио жана анын тегерек-четиндеги аймактарга бир айга өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Читать дальше...
7-январда АКШда Президенттикке шайланган демократ Жо Байден шаршембидеги Капитолийге кол салууну өлкө тарыхындагы кара күн катары атады. Ал эми Конгресстин Өкүлдөр үйүнүн спикери, демократ Нэнси Пелоси айым болсо президент Доналд Трампты дароо кызматтан кетирүү же ага импичмент жарыялоо керек деп чакырды. Байдендин оюнча, Трамптын Конгресстин имаратына сүрдүрүп кирип келген тарапкерлери өлкөдөгү “жергиликтүү террорчулар” болуп саналышат. Ал эми Трампты ал жалпы демократиялык институттарга чабуул жасады деп күнөөлөдү. Читать дальше...