Коомдук ишмер, маалыматтык технологиялары жаатында кыргыз кыздарынын арасындагы алгачкы адис Жаңыл Абдылдабек кызы 73 жаш курагында 6-январь күнү дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Ал 1990-жылдары кыргыз өкмөтүнө караштуу Үй-бөлө жана аялдар иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Жаңыл Абдылдабек кызы ошондой эле Жантай хан менен Шабдан баатырдын мурасын чогултуп, изилдөө жүргүзгөн. 2020-жылы «Шабдан баатыр. Доордун тикендүү баскычтары» деген аталыштагы документалдуу романы жарык көргөн. Читать дальше...
8-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын жерлерине кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан жел согуп турат, Ысык-Көл ойдуңунда шамал болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8, Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19... Читать дальше...
Оштун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, 45 жаштагы жергиликтүү аткаминер 6-январда кармалган. Ал Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөнү айтылууда. Андан тышкары, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген. Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу базарынын эсебинен... Читать дальше...
5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда жаракат алган жарандардын баары өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады. Ага ылайык, октябрь окуясында көзүнөн ажыраган сегиз кишиге Түркиядан көз протези буйрутма кылынган. Бир адамдын көзүнө түркиялык дарыгерлердин жардамы менен татаал операция жасалат. Мындан тышкары октябрь окуясында түрдүү жаракат алган 22 адам учурда дарыланып жатат. Өткөн жылдын аягында бир адамдын көзүнүн протезин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жеке бюджетинен төлөп берген. Читать дальше...
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлап, алар атайын кызматтын тергөө абагына 6-январда киргизилгенин билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Жыйынтыгында бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону такталган. 2016-2020-жылдар... Читать дальше...
Финансы полициясы Бишкекти каптаган ыш-түтүндүн себептерин териштирип, ага Бишкек ЖЭБинин таасирин иликтеп чыга турган болду.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов православдарды 7-январь - Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) майрамы менен куттуктады. Ал Кыргызстандагы православдык чиркөө улут аралык жана дин аралык ынтымакты чыңдоого, баалуулуктарды урматтоого салым кошуп келатканын белгиледи. «Мамлекеттик саясаттын маанилүү принциптеринин бири - бул жарандардын диний сезимдерине карата аяр жана этият мамиле», деп жазылган president.kg сайтына жарыяланган куттуктоодо. Кыргызстанда... Читать дальше...
6-январда Ош шаардык соту 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда «Клооптун» журналисттерине кол салууга байланышкан эки фактыны карады. Шаардык милиция журналисттер «жабыркаган эмес» деп кыскартып койгон ишти сот кайрадан тергөөгө жөнөттү.
Учурда промоушендеги аялдан төрт дивизион бар. Анын бирине кыргызстандык Валентина Шевченко катышып, чемпиондук курдун ээси болуп саналат.
Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан бюджетти колдоого түшө турган акча үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачты. Ага кызматтык жана экономикалык кылмыштардан өндүрүлгөн каражат да топтолот.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебатка негизги талапкер деп аталып жаткан Садыр Жапаров экинчи жолу келбей койду. Экинчи турдун биринчи беттешине беш талапкер – Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов чыкты. Алар баары бир Жапаровго дооматтарын айтышты. Бул жолку дебаттын уюштуруучуларына да сын-пикир көп болду. Келбеген талапкердин баяны Теледебаттардын 6-январдагы чыгарылышына да адаттагыдай эле алты талапкер коюлган эле. Бирок... Читать дальше...
АКШнын Жоржия штатындагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасында демократ Жон Оссофф жеңип чыкканы кабарлаyды. Бул тууралуу америкалык бир нече маалымат каражаты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Оссофф шайлоочулардын 50,3 % алса, анын атаандашы республикачы Дэвид Пердью 49,7 % ээ болгон. 33 жаштагы Жон Оссоффдун жеңиши аны АКШдагы эң жаш сенатор кылат жана демократтарга Сенаттагы көпчүлүктү ээлөөгө жардам берет. Буга чейин Жоржия штатынан Сенатка дагы бир мандатты демократ Рафаэл Уорнок уткан болчу. Читать дальше...
АКШнын баш калаасы Вашингтондогу окуялар боюнча шайланган президент Жо Байден билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Байден АКШдагы демократияга болуп көрбөгөндөй чабуул коюлганын билдирди. Шайланган президент «бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул башаламандык, хаос» деди. Ал ошондой эле президент Дональд Трампка кайрылып, теле аркылуу тарапташтарын тынчытууга чакырды. Ал эми окуялар учурунда Капитолийде Конгресстин кошмо жыйынына катышып жаткан вице-президент... Читать дальше...
АКШнын баш кааласы Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 6-январда президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийдин имаратына кирип барышты. Анын алдында Ак үйдүн жанында Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар бүгүн, 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдашат. Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, католиктер Юлиан календары менен 25-декабрда өткөрүшөт. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет. Иса... Читать дальше...
Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоого көз салуу максатында 20 мамлекеттен 315 байкоочу катталды. 6-январда байкоочуларды каттоо аяктады. Бул тууралуу президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов 6-январда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына катышкан учурда билдирди. Анын айтымында, 38 ар кандай уюмдардын өкүлдөрү да шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн каттоодон өттү. «Биздин шайлоону абдан кунт коюп карап, баамдайлы деп атышат. Читать дальше...
АКШнын баш калаасы Вашингтондогу Капитолийге демонстранттар бастырып кирген учурда бир аялга ок тийгени кабарланууда. Президент Дональд Трамптын тарапташтары Конгресстин кош палатасынын жыйыны болуп жаткан учурда Капитолийге кирип барышкан. CNN эки булакка таянуу менен төшүнө ок тийген аялга жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады. Имараттын ичинде ок атылганын башка маалымат каражаттары да жазышууда. Окуя болгон учурда Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өтүп жаткан. Читать дальше...
Вашингтондо шаршембиде бейшембидеги таңкы саат 6.00га чейин коменданттык саат жарыяланды. Мындай чечимди Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер жарыялады. АКШнын борбору Вашингтондо 6-январда бейшембидеги (7-январдагы) таңкы саат 6.00га чейин коменданттык саат жарыяланды. Президент Трамптын жактоочуларынын бир даары нааразылык жыйыны маалында полицияны четке сүрүп, АКШнын Конгресси жайгашкан Капитолий имаратынын бир өңүрүнө кирип барган соң, Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер дал ушундай чукул чечимге келди. Читать дальше...