Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жарыялагандан тартып мыйзамдын сакталышы боюнча талдоо жүргүздү. Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдиргендей, парламенттик шайлоодо 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганы аныкталды. Бул тизмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Башкы көзөмөл органы талапкер катары аттанган кызматкерлер... Читать дальше...
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу баяндамасын жарыялады. 25-сентябрда жарык көргөн баяндамада уюм дарыгерлер менен медайымдар адаттагыдан көп, «абактагыдай» карантин режиминде иштөөгө мажбур болгонун, көп учурда кошумча акы төлөнбөй, азыраак акча алышканын белгилейт. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 25-сентябрда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 кишиге жетти. Читать дальше...
Бишкектин мэриясы баш калаадагы эки чоң гипермаркетти коронавируска байланышкан санитардык эрежелерди сактаган эмес деген негизде айыпка жыкты. Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда Биринчи май районунун акимчилиги милиция жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен бирге «Глобус» жана «Фрунзе» дүкөндөрүн текшерип чыкканын билдирди. Маалыматка караганда, текшерүүдө дүкөндөрдүн кире беришинде чыпка, дезинфекциялык килемчелер коюлбаганы, кардарлардын дене табы текшерилбей... Читать дальше...
Бишкек мэриясы ресторан ээлерин иш-чараларда санитардык нормаларды сактоого чакырып, эки ирет эреже бузгандардын үстүнөн милиция кылмыш ишин козгой турганын эскертти. Андан тышкары, мэрия коронавируска байланыштуу кырдаалды курчутуп жибербөө максатында зыяпаттарды уюштурууда «жаңы, кызыктуу жана санитардык форматтарды» ойлоп табууга чакырды. COVID-19 илдетине каршы республикалык ыкчам штаб мурдараак той-аш өткөргөндөр үчүн айыппулдун өлчөмү көбөйтүлөрүн билдирген. Коронавирустан улам Кыргызстанда... Читать дальше...
Дагестандын башчысы Владимир Васильев абактан качкан алты кишини табууга жардам берген маалымат үчүн миллион рублге чейин сый акы убада кылды. Ал ошондой эле өздөрү кайтып келгендерге качып кетүүнүн жазасы жеңилдей турганын белгиледи. «Ар кандай болот. Арасында 15-17 жылга камалгандар бар, азыраак убакытка камалгандар да бар», - деди Васильев. 24-сентябрда Махачкала шаарынын четиндеги абактан алты киши качып кеткен, алардын экөө 30 жаштагы тажикстандыктар. Камактагылар бир жыл боюу качууну пландап... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду. Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө белгилүү болгондой, Кыргызстан Уюмдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президенттин эл аралык трибунадан көтөргөн маселелерин талдады.
Шайлоодогу мыйзам бузууларды аныктоодо укук коргоо органдары бардыгына бирдей мамиле кылбай, бийликчил партияларга көз жуумп жатат деген сындар айтылууда.
Бишкекте быйыл январда ишкерди тоноого шектүү кармалганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну Бишкектен кармалган. Ал мурда соттолгону, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгилүү болду. Шектүү учурда министрликтин Тергөө кызматына өткөрүлүп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Читать дальше...
Партиянын тизмесинде оппозицияда болуп көрбөгөн депутаттар, издесе табылбаган же кызматтан кетирилген мурдагы аткаминерлер, «Аю» компаниясынын ашканасынан тартып жетекчилигине чейин иштегендер бар.
"Ференц Пушкаш" стадионунда болгон оюнга көрүүчүлөр мурдагыдай эле келген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.
Вашингтон Ирандын бир катар мекемелери менен расмий адамдарына каршы жаңы санкцияларды киргизди. Алардын арасында ирандык балбан Навид Афкарини өлүм жазасына тарткан судья да бар. Бейшемби күнү АКШнын Иран жана Венесуэла боюнча атайын өкүлү Эллиот Абрамс Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинде сүйлөп, Тегеранга каршы санкцияларды кеңейтүү тууралуу айткан. Навид Афкари эки жыл мурда өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциялар маалында күч түзүм кызматкерлеринин бирин бычак сайып өлтүргөн деген айып менен быйыл сентябрда өлүм жазасына тартылган. Читать дальше...
Минск шаарында административдик мыйзам бузууга айыпталып оппозициялык лидерлердин бири Мария Колесникованын жактоочусу Людмила Казак кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгы Казак калаадагы милиция бөлүмдөрүнүн биринде экенин кабарлады. Адвокат кайсы административдик мыйзам бузууга айыпталып жатканы тууралуу айтыла элек. "Интерфакс" жума күнү Мария Колесникованын сотко каршы арызы Партизан райондук сотунда караларын жазды. Колесникова жана адвокаттар Илья Салей менен Максим Знак учурда камакта жатышат. Читать дальше...
Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный реабилитациялык курс алып бүткөнгө чейин Германияда калат. Саясатчынын пресс-катчысы Кира Ярмыш Навальныйдын саламаттыгын калыбына келтирүү бир нече жумага созуларын билдирди. Навальный Берлиндеги “Шарите” клиникасынан шаршемби күнү чыккан. Саясатчы ооруканадан кийин физиотерапия курсун аларын билдирген. Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Читать дальше...