Бишкекте быйыл январда ишкерди тоноого шектүү кармалганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну Бишкектен кармалган. Ал мурда соттолгону, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгилүү болду.
Шектүү учурда министрликтин Тергөө кызматына өткөрүлүп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2020-жылдын 30-январынын кечинде Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки киши жергиликтүү ишкерге кол салып, аны тапанча менен коркутуп өздөрүнүн автоунаасына салып кетишкен. Башкалаадагы эски аэропортко алып барып, ишкерди бир күн кечке кармаган, 500 долларын, 12000 сомун карактап кетишкен.
Факты Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Февралда прокуратура ишти иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп, Жазык кодексинин 202-беренеси ("Курал-жарак колдонуп, бир нече кишинин катышуусунда каракчылык кылуу")менен иликтене баштаган. (NT)