Минск шаарында административдик мыйзам бузууга айыпталып оппозициялык лидерлердин бири Мария Колесникованын жактоочусу Людмила Казак кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгы Казак калаадагы милиция бөлүмдөрүнүн биринде экенин кабарлады. Адвокат кайсы административдик мыйзам бузууга айыпталып жатканы тууралуу айтыла элек.
"Интерфакс" жума күнү Мария Колесникованын сотко каршы арызы Партизан райондук сотунда караларын жазды. Колесникова жана адвокаттар Илья Салей менен Максим Знак учурда камакта жатышат. Алар Беларустун коопсуздугуна коркунуч келтирүү аракетине чакыруу боюнча айыпталууда. Жергиликтүү укук коргоочулар камакта жаткандар саясий туткун экенин айтып жатышат.
Беларуста 9-августтагы шайлоонун расмий жыйынтыгында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Буга ишенбеген жүз миңдеген эл ошондон бери митинг, жүрүш, иш таштоолорду уюштурууда.