Ата-энелерге бала тарбиялоонун сырларын кыргыз тилинде баяндаган китеп жарык көрдү. Бишкекте басылып чыккан «Балдар тарткан сүрөттөр эмнени түшүндүрөт?» китебинин автору - түрк жазуучусу Илхами Саваш. Бул тууралуу 9-сентябрда «Азаттык» радиосуна «Баластан» интерактив журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин билдирди. Китепти кыргыз тилине Кызжибек Чаткалбай кызы жана Айсулуу Койчубек кызы которушкан. Түрк жазуучусунун эмгеги ата-энеге баласынын психологиялык калыптануусун таанып, руханий дүйнөсүн байытууга жардам берет. Читать дальше...
Грециянын Лесбос аралындагы качкындар лагеринде түн ичинде чыккан өрттөн улам 10 миңден көп киши жер которууга аргасыз болду. Элге толгон Мориа лагери өзгөчө пандемия маалында талкуулардын чордонунда болуп келатат. Расмий маалыматтарда лагерь «балким толугу менен керектен чыкты» деп айтылды. Бирок жабыркагандар тууралуу кабар чыккан жок. Шаршемби күнү эртең менен да айрым жерлерде өрт өчүрүлө элек болчу. Премьер-министр Кириакос Мицотакис кабинеттин чукул жыйынын өткөргөнү жатат. 80 миңдей... Читать дальше...
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу менен аларды каттоо боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схема аныкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул иш боюнча 113 материал табылып Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Машинелерди мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттин бюджети 258 млн. 544 миң сом зыян тарткан. Кылмыштуу топ үчүнчү өлкөлөрдөн машине сатып алып, анын идентификациялык... Читать дальше...
Апта башында Түркиянын Стамбул шаардык соту 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубуна кол салуу үчүн айыпталган Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилгенин маалымдады.
«АстраЗенека» фармацевтикалык компаниясы коронавируска каршы вакцинаны сыноонун акыркы баскычын улантууну убактылуу токтотту. Буга вакцина сайылган ыктыярчылардын бири түшүнүксүз ооруга чалдыкканы түрткү болду. Бул тууралуу компания 8-сентябрда кабарлады. Анда эмдөө «көз каранды эмес комиссияга коопсуздугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн» убактылуу токтотулганы жазылган. Компания муну кадыресе көрүнүш катары мүнөздөп, мындай текшерүүлөр сыноо маалында болуп турарын белгиледи. «АстраЗенека» жана... Читать дальше...
Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин президиумунун дагы бир мүчөсү Максим Знакты 9-сентябрда эртең менен кармап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү «Телеграм» каналдар кабарлашты. Анын адвокаты бул ишти Тергөө комитети карап жатканын, себеби азырынча белгисиз экенин TUT.BY сайтына айтып берди. Ал эми Минскинин милиция башкармалыгы Знактын кармалышы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ал ортодо TUT.BY сайтынын кабарчысы жеринен кабарлагандай, президенттикке талапкер, абакта отурган... Читать дальше...
Бул тууралуу 9-сентябрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, алардын абалы оор болгондуктан дарылоого карабастан каза болуп калышкан. COVID-19 вирусу жуккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил абалдагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар Бишкектеги №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. Вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу алар азыр жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Ушул күнгө чейин 536 боюнда бар аял сакайып чыккан. Читать дальше...
Британ жана Иран жараны, гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклиффке жаңы айып коюлушу ыктымал. Ирандын мамлекеттик телеканалы аты аталбаган расмий адамга шилтеме менен Загари-Рэтклифф шейшембиде Тегеран сотуна чакырылганын жана ага жаңы айып тууралуу маалымат берилгенин кабарлады. Мындан башка маалымат берилген жок, Загари Рэтклиффтин адвокаты комментарий бере элек. Бирок Лондон парламентинин мүчөсү Түлип Сыддык анын «сотко жеткирилгенин, 13-сентябрда дагы бир процесс башталары айтылганын» «Твиттерге» жазды. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо мөөнөтүн кайра өзгөрттү. Комиссиянын басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акунова «Азаттык» радиосуна билдиргендей, буга «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендиги себеп болду. «Чүчүкулак кармоо маселеси соттун жыйынтыгына жараша чечилет. Күтүп жатабыз», - деди ал. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталмак. Читать дальше...
Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз программаларын жана ураандарын четинен жарыялай башташты.
«Мамлекеттик органдар шайлоодо бийликчил партиялардын пайдасына административдик ресурс колдонууда, добуш сатып алуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди тизгиндеген жан жок» деген коомчулукта нааразылык көбөйүүдө.
10-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 6.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Беларустун расмий адамдарына каршы жаңы санкция даярдап жатканын билдирди. «Кошмо Штаттар өнөктөштөр менен бирге Беларустагы адам укуктарын бузууга жана репрессияларга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу максатында санкцияларды караштырууда», деп айтылат 8-сентябрдагы билдирүүдө. Мамкатчы Вашингтон беларус бийлигинин оппозиция өкүлү Мария Колесниковага каршы аракеттерге тынчсызданганын айтып, анын эрдигин белгиледи. Тышкы саясий мекеменин жетекчиси... Читать дальше...
Европа Биримдиги Кыргызстандын юстиция тармагын реформалаш үчүн 12 миллион 690 миң евро бөлүп бермей болду. Бул тууралуу 9-сентябрда Юстиция министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт «Юстиция бардыгы үчүн: Кыргыз Республикасынын юстиция секторунда адамга багытталган реформаны киргизүү (JUST4ALL)» долбоору боюнча каржылык макулдашууну жактырды. Бул макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги каржылай турган долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү сегиз жыл болот. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...
Ооганстанда биринчи вице-президент Амрулла Салех кол салуудан аман калганы кабарланды. Саясатчынын кеңсеси билдиргенине караганда, шаршембиде ал бараткан кербен бомбага кабылып, бери дегенде эки киши өлдү, 20 чактысы жарадар болду. Вице-президенттин басма сөз катчысы Ризван Мурад ооган редакциясы менен болгон маегинде: «Ооганстандын, өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын өз жашоосу менен коргогон жетекчилерибиздин душмандары бүгүн Амрулла Салехке кол салышты», - деп билдирди. Кабул делегациясы үстүбүздөгү... Читать дальше...
Кыргызстанда парламентаризм түшүнүгү өнүкпөй, саясатчылар аны түшүнбөй эле бийликке умтулуп атышат.
Табият менен тагдырлаш жашаган тажикстандык кыргыз журналист тууралуу эскерүү.
Дүйнөдө коронавирус жуккандар көбөйүп, айрым өлкөлөр жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө. Ал эми Кыргызстанда илдет жуккандар салыштырмалуу азайганы менен илдеттин экинчи толкуну болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.
«Дисней» компаниясы "Мулан" тасмасындагы титрларында Кытайга ыраазычылык билдиргени үчүн сынга кабылды. Социалдык тармактардын колдонуучулары "Мулан" тасмасын тартууга көмөктөшкөнү үчүн лентанын аягында Кытай өкмөтүнө, коопсуздук кызматына ыраазычылык билдирилгенин сынга алышууда. "Дисней" ыраазычылык билдиргендердин арасында Турпандагы коомдук коопсуздук кызматы да бар. Би-би-си бул мекеме Шиңжаңдагы "кайра тарбиялоочу лагерлердин" ишин көзөмөлдөйт деп жазды. Шиңжаңдагы лагерлерде аймактагы мусулмандар кыйноого кабылып... Читать дальше...
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, мунун ичинен 14 млрд. 794,6 млн. сом негизги карызга, пайыздарды төлөөгө 5 млрд. 245, 8 млн. сом жумшалды. Сырткы карызды төлөөгө 8 млрд. 852,1 млн. сом, ал эми ички карызды жабууга 11 млрд. 188,3 млн. сом бөлүнгөн. Финансы министрлигинин маалымдашынча, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен 4 млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. Читать дальше...
"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ууланышын сынга алышты жана орус бийлигинен бул "жийиркеничтүү кылмыштын" артында тургандарды табууну талап кылышты. Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Британия жана АКШнын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин башкы дипломаты мындай талап менен 8-сентябрда биргелешкен билдирүү жасашты. 44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Читать дальше...
Мындай божомолду "The Guardian" басылмасы жазды. Ага чейин британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Евробиримдик менен келишимди бузарын билдирген. Шейшембиде Лондондо Брекзит боюнча сегизинчи сүйлөшүү башталды. "Financial Times" жазгандай, Британия Брекзиттин негизги шарттарынын бири болгон - Түндүк Ирландиянын макамы тууралуу мыйзамды кабыл алууга даяр. Мурдараак Лондон менен Брюссель Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек арасы ачык боюнча кала берерин макулдашкан. Бирок Түндүк Ирландиядан Британияга келген жүктөр бажы текшерүүсүнө алынат. Читать дальше...
Аксыда чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу 8-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Ага ылайык, 5-сентябрда Аксы районунун Таза-Суу жергесинде чек арачылар «Хундай Портер» үлгүсүндөгү машиненин жанынан Өзбекстанга айдап өтүүгө даярдалган беш баш бодо малды табышкан. Чек арачылар малды кайтарып алышты. 7-сентябрь күнү Аксы районунун дагы башка тилкесинде «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын айдоочусу 10 баш малды Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган. Читать дальше...