Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, 15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак уча баштайт. Ал эми Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Учууларды "ТезЖет" аба компаниясы жүргүзөт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Баткен жана Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон. 8-июндан тартып ички каттамдар жанданып... Читать дальше...
30 жана 33 жаштагы эки эркекти сабаганы үчүн 23 жаштагы Г.А. үстүнөн "Ээнбаштык кылган жана коомдук тартипти сактоого аракет кылган бийлик өкүлүнө, жаранга кол салган" деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Маалыматта: "Г.А. 25-июнда облустун Нарын районундагы Зарбдор айылында чоң көчөдө 33 жаштагы эркекти себепсиз сабаган, тепкилеген, денесине залал келтирген. Ортого түшкүсү келген 30 жаштагы эркекти да колу менен урган" деп жазылган. Читать дальше...
Жаңы окуу жылында Кыргызстандагы 62 орто мектептин окуучулары кадимки режимде, мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди: "Бул мектептерде балдардын саны аз. "Жашыл зонада" жайгашкан. Көпчүлүгү алыскы аймактарда. Ошондуктан бул мектептерде 1-11-класстын окуучулары баары мектепте окуп жатышат". Коронавирус пандемиясынан улам өткөн окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында да мектептер менчиктин түрүнө карабай... Читать дальше...
Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылында Бегитаев атындагы орто мектептин курулушу аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилди. Эки кабаттуу, 16 бөлмөдөн турган, 200 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Жаңы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 39 млн. 137 миң сом бөлүнүп, толугу менен төлөнүп берилген. Курулушту «Изоэл» ишканасы жүргүздү. Бегитаев атындагы орто мектептин эски имараты 1978-жылы курулган. Мектепте 177 бала окуйт, 21 мугалим эмгектенет. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиевге Жоруктар кодексинин 186-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция Осмоналиевди суракка чакырып, Абдрахманов аттуу адам май айында арызданганын билдирген. Бул жөнүндө Кайрат Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди: "Мен "Фейсбукта" бир постту бөлүшүп койгон элем. Ошол үчүн менин үстүмөн милицияга арыз түшүптүр. Азыркы кодекс боюнча бардык арыздар бирдиктүү реестрге катталып... Читать дальше...
Айрым эксперттер саясий кризиске туш келген президент Лукашенко Беларустун Орусия менен интеграциясына макулдугун берет деп болжолдошууда.