Мы в Telegram
Добавить новость

Жителей Московского региона ожидают дождливые и холодные майские праздники

Синоптик Позднякова: самыми теплыми днями апреля в Москве стали 2 и 30

Уилкшир: «Динамо» может победить «Спартак»

Состояние богатейших россиян с начала года выросло на 15 миллиардов долларов

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Ноябрь
2023

Новости за 27.11.2023

Azattyk.org 

Матраимовду манчыркаткан саясат

Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий салмак топтоп, өз таасирин арттырган? “Азаттыктын” кезектеги иликтөөсүн сунуш кылабыз.

Azattyk.org 

Ош милициясынын мушташкан жетекчилери кызматтан алынды

Ошто облустук милиция жетекчилери өз ара мушташканы белгилүү болуп, кызматтан алынды. Интернетте кийимдери, бети-башы канжалаган мас кишилердин видеосу тарап, алар милиция кызматкерлери экени айтылган. Погончондор эмнеге мушташкан?  Социалдык тармактарда тараган видеодон улам Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. ИИМдин басма сөз кызматы топтолгон материалдарга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы бир айга узарды

Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу талкууланууда. Соңку төрт күндө ХАМАС радикал тобу барымтадан ондогон туткунду бошотту. Израил да ондогон палестинди түрмөдөн чыгарды. Ошто милиция кызматкерлеринин мушташынан улам облустук милициянын башчысына эскертүү берилип, анын үч орун басары кызматтан алынды. Бишкекте соттолуп, жазасын өтөп чыккан чеченстандык активист, орус жараны Мансур Мовлаев Кыргызстандан чыгып кетти.

Azattyk.org 

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн "алтын фонду" кимдин колунда?

Генетикалык банк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.

Azattyk.org 

Газа: ХАМАСтын туткунунан, Израилдин түрмөсүнөн ондогон киши бошотулду

Макулдашууга ылайык, дүйшөмбүдө жаатташкан эки тарап туткун алмашууну улантып, ондогон киши бошотулушу керек. Соңку үч күндө ХАМАС 39 туткунду, ага кошумча түздөн түз макулдашуулардын негизинде 19 кишини кое берди. Израил болсо 117 палестинди эркиндикке чыгарды. Барселонага чогулган Евробиримдиктин жана Араб мамлекеттиринин өкүлдөрү Газа тилкесинде согушту токтотууну талкуулап атат.

Azattyk.org 

AP: Израил менен ХАМАС ок атышпоо режимин бир күнгө узартууга даяр

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) Газа тилкесинде ок атышууну токтотуп, туткундарды айырбаштоо режимин дагы бир күнгө узартышы мүмкүн экенин AP агенттиги жазды. Израил барымтадагы дагы он кишини бошотуп алуу үчүн бир күнгө макулдашууну узартууга даяр экенин билдирди. ХАМАС радикал тобу дагы 24-ноябрда күчүнө кирген төрт күндүк келишимди узартууга ниеттенип жатканын кабарлады. Ошону менен катар Израилдин бийлиги билдиргендей, эгерде ХАМАС куралдуу тобу барымтадагылардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа: туткундан бошотула тургандардын тизмеси боюнча кайчы пикир жаралды

Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда бошотула турган барымтадагылардын жана түрмөдөгү палестиндердин тизмеси боюнча пикир келишпестик жаралды. Катардык ортомчулар бул боюнча иштеп жатканын израил маалымат каражаттары жазышты. Азырынча талаш-тартыштын так себеби эмнеде экени белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАС радикал уюму израил түрмөлөрүндөгү алты аялды бошотууну талап кылууда. Ал эми 27-ноябрда бошотула тургандардын тизмесинде алардын аты-жөнү жок болуп чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ырыс Жекшеналиевдин сотунда адвокаттарга сөз берилди

Бүгүн 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча кезектеги отурум өттү. Анда активист өзү жана эки адвокаты жарыш сөзгө чыгышты. Алар Жекшеналиевдин күнөөсү жоктугун, аны актоо керектигин айтып, соттук саясий экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүштү. Кийинки отурум 4-декабрга белгиленди. Ал күнү Жекшеналиев акыркы сөзүн сүйлөйт жана чечим чыгышы мүмкүн. Бүгүнкү отурумда сот активисттин бөгөт чарасынын мөөнөтүн 29-ноябрдан 29-декабрга чейин узартып... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жүзүмдөн так кетпеди, паранжы жамынууга мажбур болдум". Зомбулук көргөн аялдар

Кыргызстанда өкмөт аялга зордук-зомбулук көрсөткөн кишинин колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү сунуштады. Өлкөдө соңку айларда аялдарга карата үрөй учурган зомбулуктар катталып, бул коомдогу курч көйгөйлөрдүн бирине айланды. Күйөөсү менен тогуз жыл жашаган 39 жаштагы Гулиза Рустемова турмушка чыккан күндөн тарта башынан токмок кетпегенин айтат. Ал азыр Таластагы айылдардын биринде үч баласы менен турат. Бул жакка бир жыл мурда кызыл камчы күйөөсүнөн качып келген. "Зомбулук көргөнүмдү айтпай жүрдүм. Читать дальше...

Azattyk.org 

Букер премиясына ирландиялык жазуучу Пол Линч татыды

Адабият айдыңындагы абройлуу Букер сыйлыгына 46 жаштагы ирландиялык жазуучу Пол Линчи “Пайгамбардын ыры” деген аталыштагы антиутопия романы үчүн татыды. Премияны тапшыруу аземи 26-ноябрдын кечинде Лондондо өттү. Пол Линчиге 57 миң евро акчалай сыйлык тапшырылды. “Пайгамбардын ыры” анын бешинчи романы. Чыгармада үй-бүлөсүн тоталитаризмден сактап калуунун аракетин көргөн төрт баланын энесинин күрөшү чагылдырылган. Калыстар тобунун башчысы, канадалык жазуучу Эси Эдугян романды “жан дүйнөгө таасир эткен, чынчыл чыгарма” деп сыпааттады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

21-26-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров... Читать дальше...




Azattyk.org 

Таштанды курчаган конуштагы турмуш

Бишкектин четиндеги санитардык полигондо таштанды терип жан баккан ондогон үй-бүлө бар. Быйыл жазында шаар бийлиги бул аймакты ирээтке келтирүү үчүн айланасын тосуп, быкшыган өрттү өчүргөн. Мэрия аталган полигонду толугу менен жаап, жаңысын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул анын айланасындагы

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шек саналып үч адам кармалды

Ысык-Көл облусунда 25, 42, 43 жаштагы үч адам 20 жаштагы кызды ала качууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, жабырлануучу 23-ноябрда Бостери аймактык милициясына арыз жазып, ошол эле күнү Корумду айылынын аймагында белгисиз үч адам ага күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып барганын билдирген. Шектүүлөр суракта күнөөсүн моюнуна алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташкентте синагоганын дубалында палестиндерди жактаган жазуулар пайда болду

Ташкенттеги синагоганын дубалына белгисиз адамдар палестиндерди жактаган ураандарды жазып кетишти. Бул тууралуу AZfront Телеграм-каналы өз катталуучуларына шилтеме жасап кабарлады. Өзбек бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин аталган канал Израилдеги Диаспоралардын иши боюнча министрликтин ички документине шилтеме жасап, Ташкентте жөөттөрдүн эл аралык “Хабад” кыймылынын эки өкүлүнө кол салуу болгонун кабарлаган. Израил тарап бул окуядан кийин Өзбекстанда антисемитизм күчөшү мүмкүн экенин эскерткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жакынкы күндөрү Ооганстанга 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, беш тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жөнөтүлөт. Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу-тарапа, гигиеналык каражаттар алынды. 7-октябрда Ооганстандын Герат шаарынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандан 70 миңдей доллар чыгарып кетүүгө аракеттенген орус жараны кармалды

Дээрлик 70 миң АКШ долларын Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган деген шек менен орусиялык 41 жаштагы жаран чек арадан кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 27-ноябрь күнү эртең менен ал Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда колго түшкөн. Ал 69 миң 800 долларды декларация толтурбай, Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуп Өзбекстанга алып өтүп кетүүнү көздөгөнү айтылууда. Чек ара кызматы шектүү жана алынган акчалар кошумча... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ээлери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 26-ноябрга караган түнү Бишкекте бир катар үйлөрдө тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, "10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталганын" кабарлады. Мекеме алардын уюштуруучусу жана ээлери, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз кармалганын, арасында борбордогу жогорку окуу жайларда окуган студенттер да бар экенин билдирди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тамекиге каршы мыйзамды бузган жайларга дээрлик миллион сомдук айыппул салынды

Бишкекте быйыл жыл башынан бери коомдук тамактануучу жайда тамеки чегүүгө тыюу салган эреженин бузулушуна байланыштуу дээрлик миллион сом айыппул салынганын бүгүн 27-ноябрда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаанын төрт районунда жалпысынан 11 ай ичинде жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 74 протокол түзүлүп, салынган айыппулдун жалпы суммасы 962 миң сом болду. Эреже бузган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эмгеги жүз жылдан кийин жарык көргөн Молдо Кайып

XIX кылымдын экинчи жарымында, XX кылымдын башында жашап өткөн жазгыч акын Молдо Кайыптын китеби алгачкы жолу жарык көрдү. "Казал-мурас" аталышындагы бул эмгекке анын санат-насыят ырлары, дастандары камтылды. Молдо Кайыптын китебинин чыгышы менен кыргыз адабиятынын жаңы барагы ачылып отурат.

Azattyk.org 

Судья алмашкандыктан Kloop порталынын соту жылды

27-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы боюнча соттук отурум болбой калды. Буга ишти караган судья алмашканы себеп болгонун “Клооптун” адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди. “Соттун убактысы жок болгондуктан ишти башка судьяга өткөрүп бергени айтылды. Материал болсо канцелярияда экен. Иш башка сотко азырынча өтө элек экен. Биз ишти ала турган судьяга да кире элекпиз”, - деди юрист. Кийинки соттук отурум качан болору азырынча белгисиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлгө күн электр станцияларын куруунун акыркы шарттары макулдашылды

Ысык-Көл облусуна 1 ГВт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды. Ага Кытайдын компаниялары инвестор болот. Ички жол-жоболор аяктагандан кийин инвестициялык макулдашуу бекитилет. Расмий кабарга ылайык, министрлер кабинети төрагасы Акылбек Жапаров 25-ноябрда China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) консорциум компаниялары менен келишимдин акыркы шарттарын талкуулады.  Быйыл май айында долбоордун баштапкы шарттарына Кытайдын Сиан шаарында кол коюлган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЕАЭБ: Электромобиль импорту үчүн жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды

Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.  Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашкандай, чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 24-ноябрындагы жыйынында кабыл алынды. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт өлкөдө - Кыргызстанда, Арменияда, Беларуста, Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет. Орусиялыктарда же орус жарандыгы бар чет элдиктерде мындай мүмкүнчүлүк жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шойгу ЖККУнун абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүткөнүн айтты

Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүттү. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу “Россия 1” телеканалындагы маегинде айтканын РИА Новости кабар агенттиги жазды. Ал бул үчүн Орусия уюмдагы ар бир мамлекет менен келишим түзгөнүн билдирген. Президент Садыр Жапаров “Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Наманганда кызамык жуктурган балдар көбөйдү

Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш Наманган облусунда кызамык жуктурган балдардын саны кескин көбөйдү. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитети билдиргендей, жыл башынан бери бул аймакта кызамык менен ооругандардын саны 735ке жетти. Учурда 255 бала ооруканада дарыланууда. Алардын 62% бир жашка чыга элек болсо, 25% үч жашка чейинкилер. Аталган комитеттин билдирүүсүндө жалпы өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин Дүйнөлүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Токтогул шаарынын мэри уулу менен кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурган, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы кварц кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурганы аныкталган.  2022-жылы Эркин Тойгонбаев кен жайгашкан... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мир! Труд! Май! И ныне, и присно, и во веке веков

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

Панда Катюша ненадолго вышла в уличный вольер в Московском зоопарке

Книжный шкаф Виктора Астафьева появился в Москве на выставке «Россия»

Музыкальные новости

Природа России 81

«Динамо» подложило под «Зенит» бомбу! «Краснодар» может возглавить РПЛ за четыре тура до конца

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

VIII Международный кинофестиваль «17 мгновений…» имени Вячеслава Тихонова объявил победителей

Новости России

Победителей “Диктанта Победы” пригласят на Парад в Москве

«Начальник Чукотки» против «хозяина тайги». Как жили звезды «Бумбараша»

В Москве ожидается облачная погода

В Иркутском музыкальном театре готовят премьеру спектакля ко Дню Победы

Экология в России и мире

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Чтобы кости были крепкими: 10 продуктов, богатых кальцием, которые нужно добавить в рацион

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

"Банда четырех" против демократии

Глава МИД Армении: Ереван и Москва работают над решением проблем в отношениях

Мрамор XXX. Пан и нимфа

Героическое участие армян в СВО. Часть третья











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Состояние богатейших россиян с начала года выросло на 15 миллиардов долларов

Горячая степь: что посмотреть и чем заняться в Калмыкии весной

В Балашихе подросток на автомобиле сбил женщину с ребёнком

В Москве ожидается облачная погода