Шейшембиде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди. Ал эми Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху кабинет жыйынында барымтадагылар жакын арада бошотулат деген жакшы жаңылык аларына үмүттөнгөнүн айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Ошол эле күнү кечинде АКШ президенти Жо Байден ХАМАС Газа тилкесинде кармап турган кишилердин бошотулушун камсыздоого “өтө жакынбыз” деп билдирди. Читать дальше...
Азербайжанда Abzas Media көз карандысыз басылмасынын башкы редактору Севинж Вагифкызы кармалды. Ал валюта аткезчилигине шектелгенин “Азаттыктын” азери кызматы маалымдады. Вагифкызы Бакунун аэропортуна чет өлкөдөн учуп келген жеринен кармалган. Үйүндө тинтүү жүрдү. Адвокат Элчин Садыговдун айтымында, тинтүү учурунда эч кандай мыйзамсыз нерселер табылган жок. Вагифкызы аны журналисттик ишмердиги жана басылманын иши үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейт. Анын алдыңкы күнү Abzas Media басылмасынын... Читать дальше...
21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасын 1:0 эсебинде утту. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп, 49-мүнөттө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизди. 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилген. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи... Читать дальше...
Астанада сот парламенттин мурдагы депутаты Нуржан Алтаевди 10 жылга эркинен ажыратты жана өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кзыматтарды ээлөөгө тыюу салды. Прокурор ага 12 жыл сураган. Саясатчы ири өлчөмдө пара алганы үчүн айыптуу деп табылды. Ал өзү айыптарды четке кагып келген. Күнөөсүз экенин айткан Алтаев кылмыш ишти жана өкүмдү саясий деп сыпаттады. "Мен бийликти сындаганым үчүн алар мени отургузууну чечти", - деп айтты экс-депутат. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал "Атамекен" ишкерлер палатасын өз коргоосуна алып... Читать дальше...
Азербайжан президенти Илхам Алиев Франция Арменияны курал-жарак менен камсыздап, Түштүк Кавказда жаңы согуштун тутанышына өбөлгө түзүүдө деп айыптады. Өткөн айда француз бийлиги Ереванга аскердик каруу-жарактын жаңы партиясын жөнөтүү макулдашылганын билдирген. “Франция өзүнүн мурдагы жана азыркы колонияларын эле эмес, жикчилдерди жана сепатартисттик тенденцияларды колдоо менен биздин аймакты да туруксуздаштырып келатат”, - деп айтты азери президенти Бакудагы конференцияда. Париж тараптан бул дооматтарга реакция боло элек. Читать дальше...
Бүгүн 21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасы менен беттешүүдө. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп жатат. 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Читать дальше...
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 23-ноябрда Беларустун борбору Минск шаарында өтө турган кезектеги жыйынына президент Садыр Жапаров баштаган делегация катышат. Бул тууралуу бүгүн 21-ноябрда президенттик администрациядан кабарлашты. Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, сессия Беларус президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт: “Президенттер эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирди. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынат. Элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташууда. "АКШга мыйзамсыз өтүү кооптуу жана кымбат" АКШнын Өзбекстандагы элчилигинин билдиришинче, Вашингтон өлкөдө калууга мыйзамдуу негизи жок өзбек жарандарын өлкөдөн чыгаруу боюнча расмий Ташкент менен тыгыз кызматташууда. Читать дальше...
Диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган Жогорку Кеңеш депутаты Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду. Төлөнов «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп катталганын, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылганын бүгүн 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мекеме Исмаиловдун каттоосун жокко чыгаруу тууралуу токтом быйыл 6-июлда кабыл алынганын, соттук инстанциялар бул токтомдун мыйзамдуулугун таанып, күчүндө калтырганын, бош калган мандат «Ата-Журт... Читать дальше...
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, төкмө акындын шакирттери катышты. Соңку кезде сыркоолоп жүргөн Үсөнбаев мааракесинде колуна комуз алып, күйөрмандарына ыр төктү.
Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмүнө шектүү жоокер кармалды. 20-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы жоокерди атып алып, куралы менен качып кеткенин билдирген. Шектүү бир күндөн кийин колго түштү Милиция аскердин өлүмүнө шектүү 21-ноябрда кечке жуук кармалганын билдирди. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөнүн күч органдарынын биргелешкен ыкчам тобу шектүү Кара-Көл шаарындагы турак жайлардын биринин чатырында жашынып жатканын аныктап, сүйлөшүү жолу менен колго түшүргөн. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирди. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу элчиликтин 20-ноябрдагы билдирүүсүнө таянып “Озодлик” радиосу жазды. Маалымат боюнча, элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташып жатат. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШга Мексикадан өтүү жолу кооптуу жана кымбат экенин эскертти. Читать дальше...
Жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Адвокаттын билдиришинче, Төрөкулова өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын Фейсбукка жазган пикирин бөлүшкөнү үчүн да айыпталууда. 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Бул соттук отурумда прокурор Замира Байбагышева активистке коюлган айыптарды угузду. Айыптоочунун сөзүнө караганда, Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөн. Читать дальше...
Бишкек шаарынын АКШ менен кызматташтыгы мэр Айбек Жунушалиевдин Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн 21-ноябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин иш жөндөмүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. “Бишкек шаары менен элчиликтин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселесин, маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларын... Читать дальше...
Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография жабдуусу ишке киргенине байланыштуу 22-24-ноябрь күндөрү аппараттан текшерилүү акысыз жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, томографиядан өтүүнү каалагандар дарыгердин багыттамасын алып келиши керек. Ашказанын текшертүүнү көздөгөндөр ачкарын болушу шарт. Томографиядан өтүү бул күндөрү саат 09:00-16:00 аралыгында жүргүзүлөт. Текшерилүү үчүн бейтаптардын кезеги алдын ала, 0709905511 телефону аркылуу жазылат. Читать дальше...
Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө. Көп учурда эркектер дарыгерге кайрылбагандыктан, ооруну алдын алууга да мүмкүн болбой калат.Мунун үй-бүлө институтуна жана улуттун генофондуна терс таасири тийип жатат.
Орус рублинин сомго карата расмий курсу теңдешти. Улуттук банктын 21-ноябрдагы маалыматында, бүгүн 1 орус рубли 1 сом, 0087 тыйын турат. Бул күнү коммерциялык банктарда 1 рубль орточо 98-99 тыйындан сатып алынып, 1-1,003 сомдон сатылууда. Кыргызстанда орус валютасынын курсу жыл башынан бери 1 сомдон жогору баада кармалып келип, 24-июнда кескин төмөндөгөн. Коммерциялык банктар бир рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Орусияда Пригожиндин "куралдуу козголоңу"... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү жоокер Б. У. бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында кармалды. Маалыматка ылайык, ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып жаткан жеринен сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлгөн. Анын жанынан куралы да алынган. Шектүү Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 21-ноябрда "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин карап, жыйынтыгында ага 800 миң сом айып салды жана банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды. Сот чечимине ылайык, Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом "Кумтөр" ишканасына кайтарылат. Аны үй камагына алган бөгөт чарасы дагы жокко чыгарылды. Жараян учурунда Тенгиз Бөлтүрүк сотко кайрылып, бир жылдан бери эч жерде иштебей, тергөө абагында... Читать дальше...
Бишкекте белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимкановдун элесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Эшимканов атындагы коомдук фонддон кабарлашты. "Мелис Эшимкановдун эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду" конференциясы 6-декабрда кыргыз телерадио кызматкерлеринин күнүнө арналып Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинде уюштурулууда. Конференция алкагында Мелис Эшимканов атындагы коомдук... Читать дальше...
21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өтүп, кийинкиси 29-ноябрда уланмай болду. Төрөкулованын адвокаты Кантемир Турдалиев ал Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын айтты. "Фейсбуктагы "Умай Аруу" деген фейк аккаунтагы эки маалыматты бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатат. Ал аккаунттун ээси болсо өмүр бою эркинен ажыратылган, камакта отурган адам экен. Негизи посттун автору, ошол камакта жаткан адам жооп бериши керек болчу”, - деди Турдалиев. Читать дальше...
Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди атууга шек саналган экинчи жоокер табыла элек. Бул тууралуу 21-ноябрда “Азаттыкка” Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Эдилбек Тажимырзаев билдирди. “Издөө иштери жүрүп жатат. Шаардын эки жагына посттор коюлган. Бул жакта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да иштеп жатат. Кошумча күчтөр да тартылган”, - деди Тажимырзаев. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып... Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекеттик мектептериндеги башталгыч класс окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча келерки жылы 14 сомго көбөйтүлөт. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде келерки жылдын бюджети талкууланып жатканда билдирди. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү мектептеги, бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына каралган акчанын көлөмүн сурашты. Депутат Эмил Токтошев балдар өлкөнүн келечеги экенин эскертип... Читать дальше...
Бишкекте батирин ижарага берип, киреше тапкандарды салык төлөтүү ишин күчөтүү талабы коюлууда. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн 21-ноябрда билдиргендей, киреше боюнча штабдын отурумдары өтө баштады. Биринчи Май району боюнча өткөн отурумда айтылгандай, ижарага берилүүчү турак жай боюнча салыктык тескөө иштерин аткаруунун жыйынтыгы менен жыл башынан бери 53 миллион сомдон ашуун каражатка 7754 патент берилди. Район башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов батир ээлеринен салык чогултуу ишин күчөтүү керектигин баса белгиледи. Читать дальше...
ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания Израил менен ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди. Ал эми Тель-Авив 240 чакты кишини барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайсы баскычка жеткенин азырынча айта элек. Согушкерлер 7-октябрда барымтага алгандардын көбү израилдиктер, арасында балдар менен кары-картаңдар бар. Буга чейин бир ууч киши гана бошотулду же сөөктөрү өткөрүлүп берилди. ХАМАСтын медиа кеңсеси дүйшөмбүдө билдиргендей,... Читать дальше...