Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт.Кыргыз коомунда мындай демилгени жактагандар да, ага каршы болгондор да болуп, маселе кызуу талкуу жаратты. "Азаттыктын" студиясында: Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Шарапаткан Мажитова, теолог Маметбек Мырзабаев. Ал эми телефондон... Читать дальше...
Израил Газада операциянын жаңы баскычы башталганын жарыялады. БУУ Газа тилкесинде ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти. Прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону соттон суранды. Соңку убакта социалдык тармактагы кыймыл-аракети үчүн кармалып, иш козголгон бир нече учур катталды. Бишкекте таза суу талап кылган акцияда кармалгандардын иши сотто каралды. Айыптоочу тарап аларды эркинен ажыратууну сурап жатат.
17-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинен казакстандыктарды эвакуациялоо иши жыйынтыкталганын билдирди. Атайын борт менен Алматыга 99 казак жараны үй-бүлө мүчөлөрү менен жеткирилди. Мекеме тараткан билдирүүдө айтылгандай, аларга убактылуу турак-жай берилип, укуктук, медициналык жана башка жардам көрсөтүлүүдө. Казакстан өз жарандарын Израилдеги, Иорданиядагы жана Египеттеги элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын биргелешкен аракети менен согуш болуп жаткан аймактан чыгарды. Читать дальше...
Гаага трибуналы Армения Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүккө арызын тапшырганын 17-ноябрда билдирди. Ереван 2024-жылдын февралында айында расмий кошулары кабарланды. Өткөн айда Армения Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган Рим статутун ратификациялаган. Ереван билдиргендей, бул Гаага трибуналынын прокурорлоруна жикчил Тоолуу Карабак аймагында болгон "ыктымал кылмыштарды" иликтөөгө жол ачат. Сентябрь айында Баку ондогон жылдан бери өз алдынчалык жарыялап алган аймакты чагылгандай тездик менен өз көзөмөлүнө алган. Читать дальше...
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 17-ноябрда билдиргендей, Газа тилкесинде жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тынчсыздануу жаратууда. Уюмдун Газа тилкесиндеги өкүлү Ричард Пеперкорн азыр эле 70 миңден көп адам респиратордук инфекцияга кабылганын, 44 миңдей киши диареядан жабыркап жатканын билдирип, жугуштуу илдеттер дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму буга чейин эле Газадагы кырдаалга тынчсызданганын жарыялаган. Израил армиясынын аба чабуулдарынан жана жердеги операциясынан... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча маалымат берди. Ал мындай топтордун мүчөлөрүнүн жакындары мыйзам бузбаса тынч жашарын айтып, маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) үй-бүлөсүнө токтолду. Атайын кызматтын башчысынын сөзүнө караганда, Көлбаевдин жесирине бир ресторан, машина, үч кызына бирден батир, эки уулуна да бирден батир, эки жер тилкеси кайтарылган. Көлбаевдин калган мүлкү мамлекетке өткөнүн... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты: “Мурда баланы урушуп, керек болсо токмоктоп да коёт элек. Балдарыбыз да муну туура түшүнчү. Азыр болсо баласын жаман көргөндөр кордоп, зордук көрсөтүп жатат. Аялдарын мурда бир аз какыс-кукус кылып коюшса... Читать дальше...
Каракол шаарында 16-ноябрда жоголуп, эртеси табылган 8-класста окуган кыз бир ай мурун мектептеги өзүнөн чоң класста окуган кыздардын ур-токмогуна кабылган. Маалыматты "Азаттыкка" кыз окуган №11 мектеп гимназиясынын директору Гүлзат Сөйкөева бышыктады. Бирок кыздын жоголгонуна ал видеонун тиешеси жоктугун кошумчалады. "Кечээ окуучуну издеп жатканда видеону көрдүк. Бул видеодогу окуя октябрь айында болуптур. Ошондо кыздар өз ара маселесин чечүү үчүн ушундай ишке барышкан. Андан кийин ал маселени чечип... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мафиясына байланышы бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирди. Алардын ичинен 133 адам Камчы Көлбаев менен, 92 киши Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта болгон. Атайын кызматтын төрагасы алардын ичинен 70тен көбү кызматтан алынганын айтты. “Бажы кызматында эле 85 адамдын байланышы аныкталган. Читать дальше...
Жыл башынан бери он айда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин "Паспорт" автоматташтырылган тутумунун негизинде 455 507 жаранга Кыргызстандын ички паспорту, ал эми 435 442 жаранга жалпы жарандык паспорт берилген. Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Азаттык" радиосу билдиргендей, былтыр бир жылда Кыргызстандын ички паспортун 443 199 жаран, ал эми жарандык паспортун 470 428 жаран алган. Жыл башынан бери "Паспорт" автоматташтырылган тутумунун негизинде 193 669 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Читать дальше...
Өзбек депутаттары Мамлекеттик Думанын өкүлү Петр Толстойдун Өзбекстанда жана Тажикстанда мигранттардын акчасына орус тилдүү мектептерди куруш керек деген сунушуна жооп кайтарышты. Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлдөрү Бобур Бекмуродов менен Алишер Кадыровдун пикиринде, Мамдуманын вице-спикери өз өлкөсүнүн иштери менен алек болуп, орус жарандарынын көйгөйүн чечүүсү керек. “Өзбекстан депутат Толстойдун бакчасы эмес. Өз жарандарынын жана өлкөсүнүн көйгөйлөрү менен алек болсун. Өзбекстанда орус тили - эркин баарлашуунун тили. Читать дальше...
Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалымат таратууга" айыпталган Нишанбай Иманкуловдун ишин Жалал-Абад шаардык соту карап, 50 миң сом айып салды. Мындай өкүм 16-октябрда чыкканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов билдирди. Маалыматта, Нишанбай Иманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 41- (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) беренесинин 4-бөлүгү, 327- (Бийликти... Читать дальше...
Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу мекемеси жана шаардык троллейбус башкармалыгы муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөөнү көзөмөлдөөчү жана "Тулпар" картасын сатуучу кызматкерлерди - кондукторлорду ишке чакырууда. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, кондукторлордун айлык акысы күнүнө 1200 сом, мындан тышкары сатылган ар бир "Тулпар" картасынан 10 сомдон алышат. Бишкектеги муниципалдык коомдук транспортто жол кирени "Тулпар" картасы менен төлөө, накталай төлөмдү токтотуу талабы быйыл 20-августтан башталган. Читать дальше...
Филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына ээ болду. Сыйлык бүгүн, 17-ноябрда Улуттук филармонияда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференцияда тапшырылды. КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты жана аны менен кошо берилүүчү 1 млн сомдук сертификатты Жогорку... Читать дальше...
Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеме келин баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөнүн, кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөнүн жана төрөгөндөн кийин коркуп баласын таштанды челекке таштап салганын айткан. “Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”... Читать дальше...
Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев палатанын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Темир Сариев экспортко чыккан товарларга мыйзамсыз сертификат берген деп шек саналып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн кызматтан четтетилген жетекчилери 2021-2022-жылдардагы иштерге байланыштуу кармалганын кошумчалады. Читать дальше...
Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын коргоо министри Йоав Галант билдирди. "Операция уланууда, так жана чечкиндүү жүргүзүлүп жатат", – деди министр. Ал израил аскерлери Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасын тинтүүдө "маанилүү табылгаларды" аныктаганын белгилеп, бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын тактаган жок. Буга чейин израилдик аскерлер аталган оорукананын имараттарынын биринде табылган курал-жаракты көргөзгөн. Читать дальше...
Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинин докторантурасын жактаган, учурда Стамбулда жашап, эмгектенген тарыхчы, окумуштуу Дастанбек Разак уулу “Кыргыздар Осмон басылмаларында” аттуу изилдөө жүргүзүп, айрым маалыматтарды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялап келет. Жакында эле изилдөөчү мындан бир кылым мурда Борбор Азияга келген түрк саякатчысынын кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу жазган эскерүүлөрүнөн үзүндү жарыялады. Анда чөлкөмдөгү элдердин ичинен эң эле той-ашка жакыны кыргыздар экени айтылып... Читать дальше...
11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Читать дальше...
Орусиянын Ингушетия автоном республикасынын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, кыргызстандык 31 жаштагы жаран мыйзамсыз миграция уюштурууга айыпталып кармалды. Маалыматка ылайык, ал былтыркы жылдын декабрынан бери Азербайжандын беш жаранын Орусияга алып барып, ишке уруксат берүүчү документтери жана каттоосу жок иштетип жүргөн. Азербайжандык мигранттар бул аралыкта ишкананын ижарага алынган имаратында жашап келген. Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренеси (Мыйзамсыз миграция уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-ноябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…+3 градус болот. Читать дальше...
Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусуна чалдыккандар 4098 болду. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бул өтө жугуштуу илдеттен коргонуунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилеген мекеме азыр Европа аймагында ооругандардын көп катталуусу уланып жатканын белгиледи. Министрликтин маалыматына караганда, калкы дээрлик 20 миллион коңшу Казакстанда бул илдетке чалдыккандар 13 миң болду, ал эми калкы 35 миллиондук Өзбекстанда болгону 164 бейтап катталды. ... Читать дальше...
Финансы министрлиги “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын 18,28% акциясын алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, “Кыргыз почтасынын” мамлекетке 309 млн сомго жакын карызы бар. Бул карыз ишкана 2014-жылы Финансы министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу болуп турганда түзүлгөн насыялык келишимдерден улам чогулган. Ушул тапта калк накталай эмес төлөмгө өтүп “Кыргыз почтасынын” кызматын колдонгондор азайган. Андан... Читать дальше...
Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында кармалат. УКМК Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалып, камакка алынганын 15-ноябрда билдирген. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси менен тергелүүдө. Читать дальше...
Ысык-Көлдүн ичинен быйыл суучулдар жалпысынан 22 506 килограмм таштанды жана 162 300 метр тор алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан көл аянтынын 387 614 гектары тазаланып, торлор жана Ысык-Көлдүн флорасы менен фаунасына зыян келтирчү ар кандай таштанды алынып чыкты. Тазалоо иштери 12-мартта башталып, 1-ноябрда жыйынтыкталган. Ал эми 13-14-ноябрь күндөрү ӨКМдин Суучулдар борборунун суучулдары балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарып... Читать дальше...