Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газадагы эң ири Ал-Шифа ооруканасындагы көздөй кишилери менен байланыш үзүлгөнүн билдирди. Уюмдун 12-ноябрдагы билдирүүсүндө, Газадагы бул оорукана соңку 48 сааттын ичинде бир нече жолу чабуулга туш болгону, андан бир нече адам өлүп, дагы бир канчасы жаракат алганы айтылган. "Акыркы кабарларга ылайык, оорукананы танктар курчап турат. Кызматкерлер таза суу жок экенин, ооруканадагы реанимация бөлүмдөрү, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана инкубаторлор күйүүчү... Читать дальше...
12-ноябрда Франциянын баш калаасы Парижде миңдеген адамдар антисемитизмге каршы жүрүшкө чыгышты. Ага француз премьер-министри Элизабет Борн баштаган расмий жетекчилер, мурдагы президенттер Николя Саркози жана Франсуа Олланд сыяктуу саясатчылар катышууда. Жүрүшкө француз президенти Эммануэл Макрон келген жок. Бирок ал ишемби күнкү билдирүүсүндө француз элин антисемитизмдин кайра күчөгөнүн айыптоого чакырган. Парижде жүрүш маалындагы коопсуздукту камсыздоого 3 миңдей полиция кызматкери тартылды. Читать дальше...
Израилдин бомбалоосуна туш болуп жаткан Газа тилкесиндеги ондогон чет элдиктер, кош жарандыгы бар тургундар жана жаракат алган палестиндер 12-ноябрда Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына өтүштү. Бул маалыматты чек аранын эки тарабы тең ырастады. Египеттин атайын кызматтарына байланышы бар AlQahera News сайты жазгандай, баш-аягы "элүү кош жарандыгы бар адам" жана "жарадар болгон жети палестин тургуну" Рафак өткөрмө бекетинин Египет тарабына өтүп келишти. Ишемби күнү Газа тилкесиндеги... Читать дальше...
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдик Орусияны Борбор Азиядан түртүп чыгарууга аракет кылып жатканын, Москва эч жакка кетпей турганын айтты. Анын мындай комментарийин орусиялык журналист Павел Зарубин Телеграммдагы каналына жарыялады. "Евробиримдик бизди болушунча токтотуп туруу, Борбор Азиядан жана Кавказ аймагынан түртүп чыгаруу ниетин жашырбайт. Андай болбойт. Биз бул жерде тарыхтан бери келатабыз. Биз жок болуп кетпейбиз. Биздин өнөктөштөр муну жакшы билишет",-деди Орусиянын башкы дипломаты. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы уюмдун Газа шаарындагы имаратына урулган соккуга байланыштуу "терең тынчсыздануусун" билдирди. Уюмдун 11-ноябрдагы расмий маалыматына ылайык, жүздөгөн качкындар баш калкалап жаткан бул имаратты бутага алган чабуул "көп сандаган адамдын өлүмүнө жана жаракат алышына" жол ачты. "Жаңжалдын чордонунда калган жайкын тургундардын өлүмү жана жаракат алышы менен коштолгон бул трагедия кабыл алынгыс жана токтошу керек", - деп айтылат билдирүүдө. Газа шаарындагы... Читать дальше...
Газа шаарында Израилдин аба соккулары 12-ноябрга караган түнү да уланды. Жөө аскерлер аймактагы эң ири оорукананын жанында АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп эсептеген ХАМАС тобу менен кармашып жатат. 11-ноябрда Эр-Риядга чогулган араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы согушту токтотууга чакырышты. Жыйында президент Садыр Жапаров Газада "гуманитардык катастрофа" жаралганын айтты. Газа тилкесинин түндүгүнөн түштүгүнө жер которгон миндеген палестиндердин арасында 55 жаштагы Самира Ал-Хоар да бар. Читать дальше...
Кыргыз таануучу, археолог Юлий Сергеевич Худяковдун энеси, чыгаан сүрөткер Ирма Геккер – Худякованын жаркын элесине
Бишкек мэриясы ымыркайынан баш тарткысы келген энелерди атайын уюштурулган жайларга кайрылууга чакырды. Мунун алдында шаардагы таштанды челектеринин биринен жаңы төрөлгөн наристе табылган. Кыргызстанда ташталган балдар үчүн ар бир төрөт үйүндө, ооруканаларда бэби-бокс ачуу зарыл экени жыл сайын көтөрүлгөн маселе. Мындай учурда анонимдүүлүк сакталып, эненин да, баланын да коопсуздугу каралары белгиленип келет. Азыр таштанды балдар үчүн өлкөдө үч мекеме иш алып барат. 11-ноябрда Бишкекте таштандыдан... Читать дальше...
Бишкектин четиндеги таштанды полигонун иретке келтирүү долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча эки кишиге издөө жарыяланган. Бул тууралуу шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды. Комиссиянын 9-ноябрдагы отурумунда долбоор боюнча депутаттарга вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев маалымат берди: “Абдан чоң териштирүү болуп, Жогорку Кеңешке чейин жеткен, билесиздер. Эсеп палатасы текшерүү жүргүзгөн. Читать дальше...
Бишкекте Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери катышкан “Ден соолук” жарышы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн 12-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Дени сак улут – гүлдөп өскөн өлкө” урааны астында өтө турган бул спорттук иш-чара КМШнын саламаттык сактоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында уюштурулууда. Жарыш "Газпром" комплексинде өтөт, ага Дүйнөлүк саламаттык... Читать дальше...
Орусияда Свердлов облустук Тергөө комитети 3-ноябрга караган түнү Екатеринбург шаарында каза болгон кыргыз жаранынын өлүмү боюнча ишти тергеп жатат. Бул тууралуу бүгүн 12-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын бул шаардагы Башкы консулдугу маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, анын сөөгү 7-ноябрда Кыргызстанга жеткирилген. Орусиялык басылмалар 27 жаштагы кыргыз жараны, кан көп кетип каза болгон Алтынбек... Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин "Закир Салиев" деген ат менен башка паспорт алганын иликтеп чыккан "Беларустун иликтөөчүлөр альянсынын" өкүлдөрү "Азаттыкка" маек курду. Коопсуздукка байланыштуу алар суроолорго жазуу түрүндө жооп беришти. Курманбек Бакиевдин өзү жана үй-бүлөсү дагы беларус долбоорунун бул иликтөөсүнө комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги иликтөөгө кандай реакция кылары азырынча белгисиз. - Бакиевдердин үй-бүлөсү тууралуу иликтөө жүргүзүүгө эмне түрткү болду? Читать дальше...
13-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6…11; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4…9; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9... Читать дальше...
Кыргызстандын калкынын 75 пайызы сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 10-ноябрда жарыяланган “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген кезектеги баяндамасында айтылды. Баяндамада белгиленгендей, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан. Жакында Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору... Читать дальше...
Бишкек мэриясы эне баш тарткан ымыркайын каалаган убакта борбор калаадагы атайын мекемеге тапшырып кетсе болорун эскертти. 11-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта турмуштук оор абалда калган эне жаңы төрөлгөн баласынан төрөт үйүнөн эле тийиштүү кагаздарга кол коюп, баш тартса же Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборуна калтырып кетсе болору белгиленди. Бул борбордон тышкары ар бир райондук акимчиликтин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү да бар экени маалымдалды. Читать дальше...
Бишкекте кезектеги шаардык курултайга катыша турган жарандар аныкталды. Борбор калаанын мэриясы 11-ноябрда билдиргендей, жалпысынан жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана отурумдарынын жыйынтыгы менен шайлоо жолу аркылуу 500 адам тандалды. Шайлоо 16-25-октябрь күндөрү өттү. Эми 18-ноябрда өтө турган шаардык курултайда 500 кишинин арасынан 60 делегат тандалып, 18-декабрга пландалып жаткан республикалык элдик курултайга делегат болуп жөнөтүлөт. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Читать дальше...
18 жаштагы Алишер жана анын карындашы, 15 жаштагы Аида Кыргызстанды ракета жана авиа моделдөө спорту боюнча эл аралык сынактарда таанытып келе жатат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатканына байланыштуу Улуттук статистика комитети 11-ноябрда кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда белгиленгендей, 23-октябрга карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречиханы кошпогондо) 579 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 1,2% көп. Алгачкы кабыл алынган салмакта 1,6 миллион тонна дан жыйналганы, бул 15% аз экени, эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылга салыштырганда кылкандуу... Читать дальше...
Кыргызстан Орусияга сырттан жаңы автомашина ташууда негизги транзитке айланганын орусиялык талдоочулар белгилөөдө. “Автостат” аналитикалык агенттиги 10-ноябрда жарыялаган баяндамада Орусияга жаңы машиналарды ташып барууда Казакстан (7,5%), Кыргызстан (5,8%), Беларус (2,5%), Армения (1,6%) жана Бириккен Араб Эмирликтери (1%) “популярдуу багыт” болуп жатканы, соңку кезде Казакстандан импорт кыйла азая баштаганы, ал эми Кыргызстан негизги “транзиттик коридор” бойдон калып жатканы айтылды. Быйыл жыл... Читать дальше...
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 11-ноябрда элине кезектеги кайрылуусун жарыялап, аскерлер Газа шаарын курчоого алууну аяктап, жертөлөсүндө ХАМАСтын согушкерлери жашынып отурган Шифа ооруканасынын айланасында кармашын улантып жатканын билдирди. Ал израилдик аскерлер жалпысынан "миңдеген" согушкерди жок кылганын, алардын арасында 7-октябрдагы кол салууга катышкандар да бар экенин маалымдады. Нетаньяху Израил Батыш жээкти көзөмөлдөп турган сыяктуу эле согуштан кийин Газаны да өз көзөмөлүндө кармай турганын кошумчалады... Читать дальше...