Газадагы ок атууну убактылуу токтотуу келишимин дүйнө лидерлери кубаттоо менен кабыл алышты. "Рейтер" агенттиги жазгандай, Катардын арачылыгы менен жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу бейшембиде башталары күтүлүүдө. Шейшембинин кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде ондон киши кое берилет деп билдирген. Дагы 10 киши азат кылынат деген шартта ок атышпоо режими узартылышы ыктымал. Читать дальше...
Камчы Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров бөгөт чарасына каршы апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу бүгүн 22-ноябрда «Азаттыка» Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди. Анын айтымында, апелляциялык датануу бул соттук мекемеде 29-ноябрда каралат. 14-ноябрда Ош шаардык соту Моңолдоровдун ишин карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, аны 9-декабрга чейин камакта калтырган. Адвокат Жылдыз Кадырова мындай чечим мыйзамсыз деген пикирин “Азаттыкка” билдирип... Читать дальше...
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынды. Алардын айрымдары мындай байланышты четке кагууда. Көлбаевге таандык 720 батирди мамлекетке өткөрүлдү. Газа тилкесиндеги согуш кеминде төрт күнгө токтотулат. Кытай бийлиги мечиттерди жаап жатканы кабарланды.
Казыбек Мамыралиев өз өмүрүн, билимин, мээримин аялуу топтогу балдарга арнаган. Устат Нарындагы кесиптик лицейде өспүрүмдөргө кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтөт. Казыбек агай окутуунун өзгөчө ыкмасын тандап, баланын эмоционалдык таасирлерин жана инсандыгын өнүктүрүүгө басым жасайт.
Прокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары деген наамга татыктуу болуп иштеши керек деген талабын президент Садыр Жапаров бүгүн 22-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда койду. Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартибин бекемдөө прокуратура өкүлдөрүнүн негизги иши экенин белгилеген мамлекет башчы алардан акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран колдоо табарына, мыйзамдуу... Читать дальше...
Газа тилкесиндеги согуш кеминде төрт күнгө токтой турганы шаршембиде жарыяланды. Бул маалда АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы 200дөн ашуун туткундан 50нү бошотуп берүүгө тийиш. Курчоодо калган палестин анклавына гуманитардык жардам көбөйөт, анын ичинде күйүүчү май кирет. Ок атпоо режими бейшембиден тарта башталышы ыктымал, анткени Израил соту документтин мыйзамдуулугуна баа бериши керек. Жетишилген макулдашуу бир жарым айдан берки согуштагы биринчи олуттуу дипломатиялык жетишкендик деп сыпатталууда.
Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы соода кадимкидей калыбына келгенин эки тараптын расмий өкүлдөрү шаршембиде билдиришти. Анын алдында Исламабад жаңы виза эрежелерин убактылуу токтоткон. 21-ноябрда Пакистан ооганстандык айдоочулардан паспорт жана виза талап кыла баштаганда ооган тарап пакистандык жүк ташыган машиналарды өткөрүүдөн баш тарткан. Пакистандын Бажы кызматынын өкүлү AFP агенттигине айтып бергендей, Соода министрлигинин делегациясы Ооганстандын расмий адамдары менен жолугушуп... Читать дальше...
Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатат. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды. Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат. Читать дальше...
21-ноябрда Москванын Замоскворецк райондук соту Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратовдун өзүн “чет өлкөлүк агенттер” реестринен чыгаруу арызын четке какты. Журналист доо арызды Орусиянын Юстиция министрлигине каршы берген. Мекеме аны тизмеге сентябрдын башында киргизген. Министрлик Муратов чет элдик агенттердин материалдарын жаратууга жана таратууга катышкан, “орусиялык саясатка каршы терс мамилени түптөөгө багытталган пикирлерин бөлүшүү” үчүн “чет өлкөлүк булактарды пайдаланган” деп билдирди. Читать дальше...
22-ноябрда Алматыдагы Адам укуктарын коргоо бюросунда укук коргоочулар менен активисттер Казакстандагы фемицидди токтотууга чакырган пресс-конференция өткөрүштү. Алар үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартууну талап кылышты. Жыйында жакында чоң муштум күйөсүнөн токмок жеп каза тапкан Салтанат Нукенова аттуу келиндин трагедиясы зомбулуктун масштабын даана көрсөткөнү белгиленди. Айрым спикерлер үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы тууралуу жаңы мыйзам долбоору кечеңдегенине нааразылыгын айтышты.... Читать дальше...
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер да бар. Бирок алар жогорудагыдай байланышты четке кагышууда. Мындан бир аз күн мурда УКМК жетекчиси "Көлбаев-Матраимов мафиясына" байланышы бар 70тен ашуун адам мамлекеттик кызматтан кеткенин жана мындан ары да тазаланарын билдирген. Оштун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болду. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) "Азаттыкка" курган маалыматында, учурда Орусиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жарандардын саны 1167 адамды түзөт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү быйылкы биринчи жарым жылдыкта Орусияда соттолуп, абактарда жазасын өтөп жаткан 236 кыргызстандык жаран менен жолугушкан. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Кыргызстандын 29 жаранынан жазасын мекенинде өтөөгө уруксат сураган кайрылуу түшүп, Башкы прокуратурага жолдонгон. Читать дальше...
Астананын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу планы таптакыр жок. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Умаров "Азаттыктын" казак редакциясынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты. "Ал уюмдагы мүчөлүккө байланышкан пикирлер көп айтылат. Бирок бүгүнкүгө чейин бир да мамлекет расмий түрдө мүчөлүгүн токтотуу арызы менен кайрылган жок. Андыктан ЖККУнун курамында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Мындай уюмдун сыртында калууга караганда, анын катарында болгон жакшы", - деп айтты Умаров. Читать дальше...
АКШ администрациясы чалгын кызматынын жакында ачыкка чыккан маалыматын жарыялады. Ага ылайык, Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясы ливандык "Хезболла" уюмуна же аны менен байланыштагы Иранга абадан коргонуу системасын өткөрүп берүүгө даярдык көргөн. Бул тууралуу CNN телеканалы Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбиге шилтеме берип кабарлады. Анын айтымында, "вагнерчилер" куралды орус өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен берүүгө даярданган. Москва бул билдирүүгө азырынча комментарий берген жок. Читать дальше...
Бүгүн 22-ноябрда Бишкекте «Салык чек» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө кезектеги байгелерди тапшыруу иш-чарасы өттү. Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 9 электромобиль жана чет өлкөгө эки жолдомо тапшырылды. Быйыл мындай лотерея экинчи жыл ойнотулууда. Быйылкынын биринчи этабы июнь айында уюштурулган. Ошондогу жеңүүчүлөрдүн байгелери тапшырылууда. Негизги максат салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, соодагерлерде да, кардарларда да чек колдонуу маданиятын калыптандыруу, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү экени маалымдалган. Читать дальше...
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кытай өкмөтү эки провинцияда мечиттердин санын азайтып жатканын сындады. 22-ноябрдагы көлөмдүү докладында уюм Нинся жана Ганьсу аймактарында “мечиттердин консолидациясы” саясатынын алкагында жүргөн андай иштер дин тутуу эркиндигин бузарын белгиледи. Маалыматка караганда, кытай бийлиги ал жерлерде мечиттерди жаап, сүрдүрүп же башка максаттарда пайдаланууга берүүдө. Мусулмандардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү да жок кылынууда, мисалы мунаралары буздурулган мечиттер бар. Читать дальше...
Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын бүгүн 22-ноябрда билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап, районду 2 жыл 6 ай башкарганын айтты жана жасалган иштерди тизмектеди. 46 жаштагы Иманалиев Ноокатка башчы болуп 2021-жылы май айында дайындалган. 2020-жылы ал парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп катышкан. 2016-2020-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун жетектеген. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарында жаштар арасында криминалдык кагылышууларды уюштуруп жүргөн адамдар кармалганын кабарлады. Мекеменнин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүп, айрымдары Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун "кароочусу" деп атап алышкан. "Алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган. Криминалдык кагылышуулар коомдук жайларда, адамдардын денесине оор залал келтирилип... Читать дальше...
Борбор калаанын 33 жаштагы тургуну үч эм: эки уул жана кыз төрөдү. Ымыркайлар №2 шаардык төрөтканада жарык дүйнөгө келишти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бөбөктөр - 3 кг 10 г, 2 кг 345 г жана 2 кг 45 г салмак менен төрөлүштү. Ымыркайлардын жана алардын энесинин абалы жакшы. Бөбөктөр энесинин багуусунда. Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана бир төрт эм төрөлдү. 2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген. Читать дальше...
Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү ноябрь айынын аягында 1 триллионго жетет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Ага ылайык, быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДП көлөмү 919,1 млрд сомду түздү. Өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген. Ал бул тууралуу 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтты. "Урматтуу... Читать дальше...
23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп Алайбек Алымбаев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди. Аппараттын мурдагы жетекчиси Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясындагы жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясындагы өкүлү болуп дайындалды. 43 жаштагы Алымбаев жогорку билимдүү, 2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары... Читать дальше...
Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт: "Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды". Читать дальше...
Бишкекте Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен келин менен акыйкатчынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу бүгүн 22-ноябрда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу ал милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган кезде өткөнү, келин үй шартында төрөгөнүн, ата-энеси кош бойлуу экенинен кабары болбогонун, баланын атасы абакта отурган киши экенин айтып бергени кабарланды. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаева бул иштин тергелишин жеке көзөмөлүнө алды. Читать дальше...