Катардын премьер-министри жана башкы дипломаты Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) согушкерлери 7-октябрда барымтага алган ондогон кишини бошотуу жараянында негизинен "логистикалык маселелер" гана калганын билдирди. "Макулдашуунун алдында практикалык жана логистикалык мүнөздөгү маселелер турат», - деди Катардын премьери Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел менен Дохада туруп уюштурган басма сөз жыйынында. “Сүйлөшүү бирде алдыга... Читать дальше...
19-ноябрда Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады. Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлер (ДССУ) тобу Газадагы медициналык комплексте 291 бейтап калганын билдирди. Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейсус "араң жан ымыркайлар" менен кошо алты медициналык кызматкер жана алардын 10 үй бүлө мүчөсү чыгарылганын ырастады. Ал эвакуацияны палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун "Тез жардам" машинелери ишке ашырганын айтты. Читать дальше...
Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун “Тез жардам” бригадасы Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады. Мурдараак Аш-Шифадагы араңжан балдарды эвакуациялоого Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) атайын кербени баратканы кабарланган. Эл аралык уюм ымыркайлар Газанын түштүгүнөн Рафахтагы Бириккен Араб Эмираттары жабдыган госпиталга которулганын билдирди. АВС News жекшембиде ымыркайлар аман-эсен эвакуацияланганын... Читать дальше...
Дүйшөмбү Кытайдын телекоммуникация түйүндөрүнө кошулуу чечимин тоолуу өлкөдө интернет менен камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алганы кабарланды. Акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азияда Бээжиндин таасири күчөп баратат. Коңшу өлкөдө дүйнөлүк маалымат желеси эң солгун тараган. Трафик мамлекеттик монополист аркылуу борбордон өтө. Мамлекеттик "Ховар" агенттиги кабарлагандай, долбоор баш калаа Дүйшөмбүнү Кытай менен чек арада турган шаарды байланыштырган автомагистрал долбоору менен катар ишке ашат. Читать дальше...
XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун чыгармалары “Казал-мурас” деген аталышта китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын чыгармаларын жыйнап, басмага даярдаган Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов билдирди. Ааматовдун айтымында, аталган эмгекте Молдо Кайыптын санат-насыят ырлары, казалдары, дастандары, поэмалары жана башка акындар менен айтыштары чогултулду. Материалдар Кол жазмалар фондунан... Читать дальше...
Кыргызстандын демократиялык нукка багыт алуусу үчүн көөнөргүс салым кошкон саясатчылардын бири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин 15-ноябрда дүйнө салды. 17-ноябрда ал Аксыдагы кичи мекенинде акыркы сапарга узатылды. Кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчынын блогу. Кыргыздын кыраан уулдарынын бири Топчукебиз 2023-жылы ноябрдын (жетинин айынын) 15инде 82 жашында дүйнө салыптыр... Бул суук кабарды Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү медиа каражаттары желдей таркатты. Алыскы Чехиянын чакан шаарында... Читать дальше...
Орусиядан Финляндияга өтүүгө аракеттенген үчүнчү өлкөлөрдүн 30дай жараны Орусиянын чек ара аймагында ара жолдо калды. Бул тууралуу орус медиа каражаттары кабарлады. Финляндия ишембиге караган түнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы төрт өткөрмө бекетти жаап салган. Фин бийлиги муну Батыштан башпаанек издеген Сирия, Ирак, Пакистан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарынын агымы көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Хельсинки мигранттардын мындай агымына Орусия көмөктөшүп жатат деп айыптаса, Москва аны четке кагат. ... Читать дальше...
19-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дарыгерлер тобу Газадагы эң чоң Аш-Шифа ооруканасында 291 бейтап калганын билдирди. Алардын арасында абалы өтө оор 32 наристе, омурткасы мертинген, ордунан жыла албаган бейтаптар калган. Эл аралык уюмдун атайын командасы ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана медициналык кызматкерлер чыгып кеткен соң комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу... Читать дальше...
2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт. 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди. “Быйыл жолдорду жасаганда канчалык көз каранды экенибизди көрдүк го. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-21-ноябрь күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн, жолдорго муз тоңот. 20-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбордо мыйзамсыз косметологиялык кызмат көрсөткөн сулуулук салондору, кеңселер 16-17-ноябрь күндөрү текшерилген. Жыйынтыгында лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салонго 84 миң сом айып пул салынды. Алар тиешелүү уруксат кагаздары жок эле мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык кызматтарды көрсөтүп жүрүшкөн. Читать дальше...
Казакстандын экс-президентинин "экинчи аялы" деп айтылган Гүлнара Ракишева деген ким? Анын Казакстанда кандай компаниялары бар? "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу
2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Салык кызматы аларды башка салык режимдерине өтүүгө чакырууда. Чакан соодада жүргөн ишкерлер электрондук жабдыктарга өтүү ыңгайсыз экенин айтып нааразы болууда. Айрым эксперттер өкмөт экономиканы алдыга сүрөөнүн башка жолдорун издебей, жеңилине качырып, салык чогултууга басым жасап жатат деп сындап чыкты. Соодагерлердин нааразылыгы Бишкек шаарында дүкөн иштеткен Света жаңы жылдан алардын патентин жоюп... Читать дальше...
18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсүнө жеке адвокатка муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Буга чейинки тергөө иш-чараларында ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүүдө коюлган айыпка макул эмес экенин айткан. “Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады. “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, - деди Аскат Алагөзов. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы өткөргөн атайын операция... Читать дальше...
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий өмүр баянында жубайы Сара Назарбаева экөө үч кызды тарбиялап өстүрүшкөнү айтылат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Назарбаев дагы эки аял менен мамиледе болгон же азыр да ымаласы бар. Гүлнара Ракишеваны Назарбаевдин “экинчи аялы”, ал эми Асел Курманбаеваны “үчүнчү аялы” деп жүрүшөт. Тараптар мындай маалыматты тастыкташкан да, төгүндөгөн да жок. Асел Курманбаева тууралуу көптөгөн маалыматтар, алтургай бир нече иликтөөлөр да болгон, бирок Гүлнара Ракишева тууралуу маалымат аз. Читать дальше...
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде сербиялык Урош Медичти утту. Беттеш 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болду. Мыктыбек Оролбай уулу 77 кг салмакта күч сынашып, кармаштын экинчи раундунда каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. UFC Fight Night 232 турниринде башта Урош Медич америкалык мушкер Жонни Парсонс менен мушташмак. Бирок ал белгисиз себептерден улам беттешке чыкпай калып, анын ордуна Мыктыбек Оролбай уулу чыкты. Кыргызстандык... Читать дальше...