Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган) согушу башталганына бир айдан өттү. Бул жолку уруш эмнеси менен айырмаланат? Кан төгүүнү токтотуу аракеттеринен жакында майнап чыгабы? Согуш аяктагандан кийин Газа тилкесинин келечеги кандай болот?
Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тарта Газанын түндүгүндө күнүнө төрт сааттык тыныгуу болорун билдирген. Вашингтон муну туура багыттагы кадам деп сыпаттады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбинин айтымында, тыныгуу тууралуу сөз АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Жо Байден менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрүндө козголуп келген. Ак үйдүн өкүлү ок атышууну убактылуу токтотуу жергиликтүү... Читать дальше...
Кыргызстанда жүргөн жеринен уурдалып, Москвада тергөө абагына камалган орусиялык «Солчул блоктун» активисти Лев Скорякин укук коргоочу Иван Асташинге кат жазды. Асташин өзүнүн Телеграм-каналына жазганына караганда, ал буга чейин Скорякинге кат жолдогон. Укук коргоочу анын «Мен тирүүдөй, аман-соодой көрүнөм, бирок 17-октябрда эртең менен өзүмдү анча жакшы сезген эмесмин. Макул, кайгылуу нерселерди сөз кылбай эле коелу», - деген сөздөрүн жазып, муну Скорякин аны уурдагандан кийин кыйнашканын кыйытып жатат деп чечмелейт. Читать дальше...
Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган) радикал тобунун таяныч борборлоруна сокку урганын билдирди. Толук курчоодо калган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси түштүктөгү Хан-Юнус шаарында алты киши набыт болгонун, түндүктөгү Газа шаарында жана Жабалия лагеринде бир нече адам жарадар экенин маалымдады. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнус шаарында эки имарат кыйрап, бир нече киши, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылды. Читать дальше...
Ошто жеке ишкер, «Классик» мейманканасынын ээси мэриянын кызматкерлеринин үстүнөн УКМКга, шаардык кеңешке арызданды. Ишкер шаар күнүн белгилөөдө мэриянын аткаминерлери бекер сый дасторкон даярдап берүүнү талап кылганына даттанган. Ал мэриянын талабын аткаруудан баш тартканда шаардагы мекемелердин текшерүүлөрү күчөгөнүн айтып жатат. Ал эми мэрия кызматкерлери андай дооматтарды четке кагууда.
80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Парижде Газа тилкесине берилген жардамды координациялоо маселесин талкуулап жатышат. Ошол эле маалда байкоочулар согуштук аракеттерде тыныгуу жарыяланмайынча, конкреттүү кадамдарды ишке ашыруу кыйын болорун айтышат. ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, жүздөгөн киши каза таап, 200дөн ашууну барымтага алынгандан кийин жөөт өкмөтү жооп иретинде жоочуларга каршы согуш ачкан. Ошондон бери палестин анклавында миңдеген киши өлтүрүлдү, жараат... Читать дальше...
Израил армиясы Газада ХАМАСтын туннелдерин тапканын жарыялады. Парижде Газага гуманитардык жардам көрсөтүү талкууланса, Ташкентте президент Садыр Жапаров согушту токтотууга үндөдү. “Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын талашы Жогорку сотко жетти. Интернетте Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын мааракесине барган тасма тарады. Өкмөттүн басма сөз кызматы аны "эски видео" деп сыпаттады.
Маданият министрлиги "фейктер" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрлик билдиргенин "Клооп" жазды жана мекеменин катынын көчүрмөсүн жарыялады. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укугу жок. Министрлик... Читать дальше...
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу маалымат Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Райма Абдубачаева 1948-жылы 13-августта Фрунзе шаарында туулган. Атасы Исмаилбек Абдубачаев Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы - СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкова. Райма Абдубачаева... Читать дальше...
Газанын саламаттык сактоо мекемеси түштүктөгү Хан-Юнис шаарында алты киши набыт болгонун, түндүктөгү Газа шаарында жана Жабалия лагеринде бир нече адам жарадар экенин маалымдады. Бул арада Францияда 80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Газага гуманитардык жардам көрсөтүүнү талкуулап жатат. Ташкенттеги жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Газадагы согушту токтотууга чакырды.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму казак бийлигин катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Марат Жыланбаевди токтоосуз бошотууга жана ага тагылган айыптарды алууга чакырды. 9-ноябрдагы билдирүүсүндө уюм активисттин сотун жабык өткөрүү чечимин айыптады. Соттук материалдар менен таанышып, Жыланбевдин адвокаты менен сүйлөшкөн укук коргоочулар ишти жабык кароо чечими белгисиз күбөлөрдүн өтүнүчү менен кабыл алынганын айтышып, муну процесске көз карандысыз тараптарды кое бербөө аракети деп белгилешет. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 18 чакырымдайы такталганы кабарланды. Ага чейин 13 жана 43 чакырым такталганы айтылган. Жолугушуулардын жыйынтыгы Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында өттү. Кыргыз тарап тараткан расмий маалыматка караганда, топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланды. Кыргызстандын... Читать дальше...
Израилдин аскерлери бейшембиде эртең менен Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги бир нече шаарга жана качкындар лагеринде рейд жүргүздү. Рейтер агенттиги маалымдагандай, Женин лагеринде көчөлөрдү бульдозерлер менен түрттүрүштү. Жергиликтүү тургундар суу жана электр менен камсыздоо системаларына зыян келтирилгенин айтып беришти. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Женинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерде жөөт аскерлери алты палестиналыкты өлтүргөнүн билдирди. Израилдин армиясы ... Читать дальше...
Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жетекчилик алмашты. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, агенттиктин директору Мырзабек Жыпаркулов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Буга эмне себеп болгону айтылган жок. Жаңы жетекчи болуп Нурдан Орунтаев дайындалды. Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкекте мэрдин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары болуп иштеп келди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы "Бир планета саммитине" катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Сапар алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өтүп жаткан саммитинде Жакынкы Чыгыштагы абал “глобалдуу тынчтыкка жана коопсуздукка” олуттуу коркунуч жаратып жатканын билдирип, ХАМАС куралдуу тобу менен Израилди ок атууну токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды. Мирзиёев "кандуу жаңжалдын курмандыктарына биринчи кезекте жайкын адамдар, өзгөчө аялдар, балдар жана карылар айланганын” белгиледи. "Палестинанын эли өзүнүн... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди. Мекеменин билдиришинче, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жаңы төрөлгөн ымыркай жеткирилген. 2 кг 210 грамм салмактагы эркек бала шаардагы таштанды челектердин биринен табылган. Дарыгерлер ымыркай өз убагында төрөлгөнү менен салмагы аз экенин, температурасы 28,4 градуска чейин түшүп, катуу гипотермиядан улам абалы оор экени белгиленген. "Жандандыруу бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам (кароо... Читать дальше...
Америкалык эки F-15 истребители Сириянын чыгышындагы бутага сокку урганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдирди. Маалыматка караганда, Ирак жана Сириядагы америкалык базаларга болгон бир нече чабуулга жооп иретинде сокку уруу буйругун президент Жо Байден берген. Бутага алынган жай Ирандын Революция сакчыларынын корпусу жана ага жакын топтор тарабынан колдонулуп келген. Al Mayadeen телеканалы өз булактарына шилтеме менен билдиргендей, шаршембинин кечинде АКШнын учактары сокку ургандан кийин Дейр-эз-Зор... Читать дальше...
“Манас” аэропорту Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына туруктуу аба каттамы ачыла турганын 9-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, кытайлык Loong Air авиакомпаниясынын учактары быйыл 12-декабардан 30-мартка чейин бул каттам боюнча жумасына эки жолудан (шейшемби жана ишемби күндөрү) учуп турат. Учурда бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиан шаарына каттамдарды аткарууда. Быйыл март айында Кыргызстандын Кытайдагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолугушуп... Читать дальше...
Бишкектеги №1 тергөө абагынын (СИЗО-1) эки кызматкери (контролер) ушул жайда кармалып турган айыпталуучуларга баңгизат киргизип турган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады. Мекеме билдиргендей, тергөө абагында кармалып турган айыпкерлерге жана соттолгондорго баңгизаттарды жеткирген канал Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргелешкен иштин натыйжасында аныкталып, бөгөт коюлган. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде ("Баңгизат каражаттарын... Читать дальше...
Шаршембиде Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнөн гуманитардык коридор менен түштүк тарапка 50 миң киши чыгып кетти. Блу тууралуу Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдын кечинде билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар ал жакта абал коопсузураак деп эсептейт. Хагари ХАМАС Газанын түндүгүн көзөмөлдөбөй калганын кошумчалады. Бирок уюм муну четке кагууда. БУУ Газадан шаршембиде канча киши чыгып кеткени тууралуу маалымат тарата элек. Бир күн мурда уюмдун өкүлдөрү Газа шаарын 15 миң жашоочу таштап кеткенин билдиришкен. Читать дальше...
Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Сотто "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты. Соттук коллегия журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түшүрдү. Ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом айып ошол бойдон калды. “Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын иши Жогорку Сотко жетип, 9-ноябрда биринчи отурум болгон. Соттук коллегия тараптардын жүйөлөрүн угуп кийинки жараянды 10-ноябрга дайындаган. Читать дальше...
“Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын иши Жогорку Сотко жетип, 9-ноябрда биринчи отурум болду. Соттук коллегия тараптардын жүйөлөрүн угуп кийинки жараянды 10-ноябрга дайындады. Kaktus.media сайтынын адвокаттары моралдык зыян келтирилди деген негиз менен басылманы миллион сомдук доого жыгуу мыйзамсыз экенин, юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эмес экенин айтышууда. Иш Жогорку Сотко жетти Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Kaktus.media басылмасына... Читать дальше...
Бишкекте аялын кордогону үчүн камалган киши элдешүүнүн натыйжасында камактан бошотулуп, ага каршы козголгон иш жабылды. Бул маалыматты бүгүн 9-ноябрда Октябрь райондук милициясы тастыктады. "26-октябрда кылмыш иши Кылмыш-процессуалдык кодекстин 27-беренесинин ("Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар") 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун ("жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде") негизинде токтотулду, ушуга байланыштуу камактан бошотулду"... Читать дальше...
Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын билдирди. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкаруу, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигураларга айланган. Мындай абалда жаштар арасында криминалдык идеология жайылып, ал эмес окуучулар арасындагы дагы рэкетчилик жоюлбай жатканы айтылып келет.