Израил өкмөтү жана АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, согуштук аракеттер төрт күнгө токтойт. Бул кыска убакыт ичинде толук курчоодо калган тилкеге гуманитардык жардам жеткирилет. ХАМАС радикал уюму барымтадагылардын ичинен 50 кишини бошотууга милдеттүү. Ал эми Изриал түрмөдө жаткан ондогон палестинди кое берүүгө тийиш.
24-ноябрдан тарта ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюму 7-октябрда барымтага алган адамдардын айрымдарын бошото баштады. Алгач Таиланддын 12 жараны бошотулду. Бул маалыматты Таиланддын премьер-министри ырастады. Алар Израилге убактылуу жумушка келген маалда радикал уюмдун туткунуна түшкөн. Жума күнү Газа тилкесиндеги Кызыл Чырым уюмунун кызматкерлерине 13 израилдик аял жана бала өткөрүлүп берилди. Туткундар Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына чыгарылууда. Аларды Израил армиясынын аскерлери... Читать дальше...
Газада төрт күндүк ок атпоо режими күчүнө кирди. Макулдашууга ылайык, ХАМАС радикал тобу туткундарды бошотот. Израил ондогон палестинди түрмөлөрүнөн чыгарууга тийиш. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси ишкерден 200 миң доллар опузалап талап кылган деген шек менен кармалды. Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанова “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен 50 миң сом айыпка жыгылды.
Адам өлтүрүүгө айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылган паралимпиадачы Оскар Писториус кийинки жылдын башында мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Мындай чечимди атайын комиссия чыгарганын “Би-би-си” дүйнөлүк кызматы 24-ноябрда жазды. Писториус Түштүк Африка республикасындагы түрмөлөрдүн биринде жазасын өтөп жаткан. Бирок дагы беш жыл ал жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө болот. Эки бутунун тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 37 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган. Читать дальше...
Кыргызстан Борбор Азия аймагында жүрүп жаткан климаттык өзгөрүүгө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жана тоолуу өлкө катары катуу дуушар болуп жатканын бүгүн 24-ноябрда президент Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (SPECA) саммитинде билдирди. Мамлекет башчы Тян-Шандагы мөңгүлөр жыл өткөн сайын эрип, жок болуп баратканын белгилеп, климат өзгөргөн, суу азайган шартта тынчтыкты, туруктуулукту жана... Читать дальше...
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбековдун 50 жылдык мааракесине арналган адабий кече өттү. 24-ноябрга белгилеген иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, бир катар маданият ишмерлери... Читать дальше...
Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин изилдөөчү инженери Ажымурат Орозалиев былтыр жасаган кескелдирик жөнүндө изилдөөсү илимий чөйрөдө жаңылык жараткан. Ал “Азаттыктын” видеоподкастында илимдин экономикага таасири, жарандык жигердүүлүк, “акылдын агылышы” жөнүндө байкоолору менен бөлүштү.
Кыргызстанда өкмөт аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен өткөн жыйында айтылды. Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган, “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” дүйнөлүк жараянына символикалык старт берген бул жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Читать дальше...
Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирдин бүгүн 24-ноябрга белгиленген соту болгон жок. Буга аны сотко алып келишпегени себеп болду. Иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда карала баштамак. Кийинки отурум 6-декабрга белгиленди. Олжобай Шакир азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда. Атайын кызмат ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгоп, быйыл 23-августта кармап кеткен. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Читать дальше...
Борбор калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, Свердлов районунун акими болуп Алтынбек Кутманов дайындалды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда таратты. Ага ылайык, райондун акими президент Садыр Жапаровдун "Президенттик администрациядагы саясий кызматтагы мамлекеттик кызматкерлердин ротациялоо" тууралуу буйругунун негизинде алмаштырылды. Алтынбек Кутманов буга чейин президенттик администрацияда иштеген. Райондун мурдагы акими Максатбек Саргазаков - Мамлекеттик... Читать дальше...
Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 24-ноябрда жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 4 484 адамга жетти. Бир жума мурда ооруга чалдыккандардын саны 4098 адам болчу. Кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү жашы жете элек балдар. Быйыл кызамыктан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес. Оору негизинен Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облусунда көп катталууда. Маалыматка ылайык... Читать дальше...
"Азаттык" салыктан качкан ишканалардын депутаттар, мурдагы аткаминерлер менен байланышын жана кара алтындын чордону Сүлүктүдөгү "көмүр мафиясын" иликтеп көрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сүлүктүдө көмүр казган айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныкталганын 10-ноябрда жарыялады. Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгында ондой ишкананын салыгы кайра эсептелип, 250 миллион сомдой салыктын 80 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөнүн билдирди. Баткен... Читать дальше...
Казакстандын Костанай шаардык соту активисттер Даурен Султангали, Алина Смакова жана Сандуган Санд-Ахметти тынч чогулуу боюнча мыйзамды бузган деген кине менен бештен сегиз суткага чейин камоо чечимин 24-ноябрда чыгарды. Ушул эле күнү Астанадагы сот активист Амангелди Жахинди 15 суткага камоону өкүм кылган. Жалпысынан баш калаада кеминде жети активист кармалганы маалым болду. Укук коргоочулар билдиргендей, Казакстандын ондон ашуун калаасында, анын ичинде Костанайда 25-ноябрда митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Читать дальше...
Ирландиянын баш калаасы Дублинде 24-ноябрга караган түнү тутанган башаламандыкта бир нече коомдук транспорт, полициянын автоунаасы өрттөлүп, дүкөндөр тонолуп, коомдук жайлар зыянга учурады. Британиялык Sky News басылмасы жазгандай, көчөгө чыккан жүздөгөн адам тартип коргоочуларга карай бөтөлкө жана башка буюм-тайымдарды ыргыткан. Полиция тополоң уюштургандарды айыптап, аны оңчул экстремисттерден көрдү. Көчөгө чыккандар мигранттарга каршы ураандарды чакырып жатышты. 24-ноябрдын таңында полиция тополоң басылганын билдирди. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча кармалганын 24-ноябрда билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен кармалган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган М.Т.А. дагы эки жаран менен бирге өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, “көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады... Читать дальше...
Италияда кезектеги фемицидден кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынды. 18-ноябрда 22 жаштагы Жулия Чеккетиндин кара баштыкка салынган сөөгү көл жээгинен табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, судмедэксперттер маркумдун денесине 26 жолу бычак сайылганын аныкташкан. Чеккетиндин өлүмүнө анын мурдагы жигити шектелүүдө. Көчөдөгү видеокамераларга тартылып калган кадрларда Филипп Туретто атуу адам кызды уруп-сабап, машинага салып кеткенин көрүүгө болот. Бул окуядан кийин Туретто Германияга качып кеткен. Читать дальше...
Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри соңку кезде белгилүү эстрадалык ырларды оркестрге ылайыктап иштеп чыгууда. Эл ичинде бул кадамды колдогондор да, сындагандар да арбын. Оркестрдин айланасындагы өзгөрүүлөр, жаңылыктар тууралуу анын көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Асылбек Насирдинов "Азаттыкка" маек курду. - Буга чейин Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде он беш жылдан ашуун Эл артисти Сагынбек Акматалиев көркөм жетекчи жана башкы дирижёр болуп келген. Читать дальше...
Газа тилкесинде убактылуу ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирди. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы жазды. Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, согуштук аракеттер төрт күнгө токтойт. Бул маалда ХАМАС радикал уюму барымтада жаткандардын 50сүн бошотууга тийиш. Ал эми Израил түрмөдөгү айрым палестиндерди бошотот. Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашуунун шарттарына ылайык, 24-ноябрда... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында 24-ноябрда Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гурманитардык кызматташууну жана эки өлкөнүн алакасынын келечегин талкуулашты. Президент Алиев бүгүнкү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканын билдирди. Ал өткөн жылы... Читать дальше...
Бишкекте эскилиги жеткен мектептердин кышка даярдыгы боюнча маселе мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусу менен өткөн жыйында талкууланганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн 24-ноябрда маалымдады. “Шаар башчысы көйгөй жаратышы ыктымал имараттарды ыкчам аныктап, оңдоп, соңку бир ай ичинде авариялык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча 16 мекеменин үчөөндөгү иштерди тез арада аягына чыгаруу тапшырмасын берди. Район жетекчилери жарым-жартылай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн... Читать дальше...
Диктатор өлгөндөн кийин постсоветтик аймактагы өлкөдө эмне болот? Демократиялык өзгөрүүлөрбү? “Жазгы жылымыкпы” же “бурамалар бошоңдоп” калабы? Же бир диктатордун ордуна башкасы келеби? Бул аймакта соңку мезгилде бир нече авторитардык лидер каза болгондон кийинки жагдайларды талдап көрөлү. Башчылар өлөр өлгөнгө чейин өлкөнү жетектеген өнөкөт монархиялык түзүмдөргө эле мүнөздүү эмес. СССРде муну "кызматта туруп өлүү" дешчү. Мисалы, Ленин, Сталин, Брежнев, Андропов, Черненко ушундай болушкан. Бул көрүнүш жакынкы тарыхта да кайталанды ... Читать дальше...
25-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 9…14; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…+2; Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
Блогер Улукбек Карыбек уулунун бүгүн 24-ноябрга Ош шаардык сотунда белгиленген соту прокурордун өтүнүчү менен башка күнгө калтырылды. Буга соттук отурумга күбөлөр толук келбегени себеп болду. Кийинки отурум 29-ноябрга белгиленди. Улукбек Карыбек уулу өз сөзүндө ишке Ош облустук төрөт үйүн коргоп Саламаттык сактоо министрлиги кийлигишип жатат деген пикирин айтты. Быйыл 12-июлда блогер Ютуб каналга “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген видео жарыяланган. Анда бейтаптардын дарыгерлер акча талап кылганын айтып берген маектерин көрүүгө болот.
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад облустук соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди. Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган. Пенсионерди 6-октябрда Улуттук коопсуздук... Читать дальше...
Каракол шаарында "Биздин балдар. Коопсуз чөйрө" деп аталган социалдык форумда балдарга каршы зордук-зомбулукту алдын алуу, жабыр тарткан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү чаралары, дени сак үй-бүлөнү түзүү жаатындагы маселелер ортого салынды. Форумга катышкан окуучулар балдардын жашоо, билим алуу жана башка укуктары боюнча дил баяндарын окуп беришти. Аягында форумдун катышуучуларына ички күчтү жана зордук-зомбулукка жол бербөө чакырыгын символдоштурган “Кыздардын колунан баары келет” инсталляциясы көрсөтүлдү. Читать дальше...