ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан дагы 12 киши бошотулду. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирди. Маалыматка караганда, бошотулгандардын баары аялдар. Арасында Таиланддын эки жараны бар. Израил ушул эле күнү түрмөдөгү отуздай палестинди бошотору кабарланган. Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Читать дальше...
Финляндия өкмөтү Орусия менен чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди эки аптага, 13-декабрга чейин жапканын билдирди. Премьер-министр Петтери Орпо 28-ноябрда түшүндүргөндөй, буга үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын болуп көрбөгөндөй агымы түрткү болду. “Орусия өзү бул кырдаалды жаратты, эми өзү чекит коюшу керек”,-деди Орпо. Ал арада Финляндиянын тышкы иштер министри Мари Рантанен мындан ары деңиз аркылуу же аба каттамы менен келгендер гана башпаанек сурап, кайрылса болорун айтты. Расмий Хельсинки... Читать дальше...
Газа тилкесинде Израил менен ХАМАC ок атууну дагы эки күнгө токтоткону жарыяланды. ХАМАСтын барымтасынан туткундарды, Израилдин түрмөсүнөн палестиндерди бошотуу жараяны уланууда. БУУ соңку беш күндө толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Израил ХАМАСтын согушкерлери күнүгө 10 кишиден бошотуп турса макулдашууну улам бир күнгө узартууга даяр экенин билдирген.
“Айымдар айымдарга кол сунат” долбоорунун алкагында Ноокат районундагы сегиз балалуу жалгыз бой эне үйлүү болду. Миграцияда жүргөн ишкер айымдар демилге көтөрүп, айыл тургундары да көмөк көрсөткөн. Соңку маалда айыл жеринде жол, бала бакча куруу жана муктаждарга жардам берүү аракеттери жайылууда.
Президент Садыр Жапаров бүгүн 28-январда Бишкекте өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумунда сүйлөп жатып жаштарды билимге инвестиция салууга чакырды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы жаңыча билимди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү негизги багыттардын бири экенин белгиледи: “Биз билим экономикасын курууга умтулушубуз керектигин өткөн жолку жаштар форумунда да айткан элем. Азыр да сиздерден өзүңүздөргө, билимиңиздерге инвестиция салууну суранам. Бүгүн силердин... Читать дальше...
Фергана облусундагы соттук жараянда прокурор блогер Олимжон Хайдаровду 9,5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Хайдаров социалдык тармактарда бийликти сындап келгени менен белгилүү. Быйыл 29-июлда камалган блогерге “опузалап ири өлчөмдөгү акча талап кылуу”, “жалаа жабуу” жана башка айыптар тагылууда. Прокурор Хайдарову бардык кинелер боюнча айыптуу деп таап, эркинен ажыратуудан тышкары, жабыркагандарга 50 миллион сум көлөмүндөгү айып пул төлөтүүгө милдеттендирүүнү өтүндү. Олимжон Хайдаров буга чейин... Читать дальше...
Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясынын бешиги – Борбордук жана Ички Азия, Кең Алтай жана аларга чектеш аймактар. Монголиянын борборунда жайгашкан жана ЮНЕСКОнун колдоосун алып жаткан илимий институт цивилизациялардын дал ушул түрүн орток изилдөөгө чакырууда. Тарыхчынын блогу. Башаттык окуялар БУУнун бир бутагы болгон ЮНЕСКО уюму тээ 1970-жылдардан тартып эле кеңири Борбордук Азиядагы цивилизациялардын тарыхын изилдөөгө астейдил көңүл бөлүп келет. Бул ири аймактагы ар кыл цивилизациялык... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден бери саясий коррупцияны токтотконун айтты. Андан тышкары Бажы кызматындагы мафия жок кылынганын билдирди. “Биз “Кумтөрдү” кайтарып алдык, бюджеттин киреше бөлүгүн дээрлик эки жарым эсеге көбөйттүк, ар бир жарандын чөнтөгүнө кол салып, бажы системасын ээлеп, салыктын көбүн сүлүк курттай соргон мафияны жок кыла алдык. Мен мамлекет башчысы болуп шайланганда... Читать дальше...
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу 28-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, ал жетектеген ишкана борбордо тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактаган жок, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдаган деген негизде жумуштан алынды. Мэрия август айында “Бишкекасфальтсервиске” жеке компаниялар менен чогуу шаардагы 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо тапшырмасын берген. Читать дальше...
Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Жаштар форуму өттү. Анын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу салтанаты болду. Быйыл аталган сыйлыктын “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясында мыкты деп “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова таанылды. Сыйлык кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Анын негизги мүдөөсү демократиялык өзгөрүүлөр, салттуу рухий-адептик жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо... Читать дальше...
Бир ай мурда Таласта зомбулукка каршы тынч жөө жүрүштөр өткөн. Быйыл жыл башынан бери облуста үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 200гө жакын аял милицияга кайрылган. Зомбулукка кабылган аялдар менен облуста жалгыз кризистик борбор иш алып барат.
Казакстандын бийлиги каракалпак активисти Тлеубике Юлдашевага "качкын" макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына Юлдашева өзү билдирди. "Конвенцияларга шылтап бербей коюшту. Азыр эле мага шаардык сотко кайрыла аларымды айтышты. Мен шаардык сотко арыз жазам", - деди ал. Юлдашева Өзбекстанда аны кыйноо күтүп жатканын, Ташкентке өткөрүп бербөөнү казак бийлигинен дагы бир жолу өтүнөрүн айтып жатат. Расмий Астана ушул күнгө чейин каракалпак диаспорасынын беш өкүлүнө качкын макамын берүүдөн баш тартты. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) интимдик кызмат көрсөтөт делген кыз-келиндердин сүрөттөрүн ачык жарыялаганы коомдо талкуу жаратты. Укук коргоочулар муну жеке маалымат коопсуздугун бузуу жана адам укугун басмырлоо катары баалашты. Эки күндө 70 кыз кармалган Коопсуздук кызматы 25-26-ноябрда атайын иш-чарада интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын тармагы аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди. УКМК "секс кызматкери" деген ондогон кыз-келиндердин сүрөттөрүн ачык көрсөтүп, айрымдарынын паспортун... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспекторун пара алууга, Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын пара берүүгө шек санап кармаганын 28-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, "Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери каржылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча чогултуп, текшерүүнү формалдуу жүргүзүү үчүн аудит кызматкерлерине берген". Читать дальше...
Баткендин Кадамжай райондук администрациясынын алдындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу 28-ноябрда “Азаттыкка” райондун акими Кутпидин Шакиров билдирди. Анын сөзүнө караганда, Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү тарыхчылар жана жергиликтүү калк менен кеңешип чечилген. “Кадамжай районунан да көп улуу инсандар чыккан. Ошолордун эстелигин коёлу дедик. Анын үстүнө Лениндин эстелигинин эскилиги жетип, реконструкциялоого муктаж болуп калган. Өзүбүздүн да улуу инсандарды барктай турган мезгил келди го дейм”... Читать дальше...
ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан бошотула тургандардын тизмеси Израил бийлигинин колуна 28-ноябрда тийди. Haaretz басылмасы кабарлагандай, өкмөт бул тууралуу алардын жакындарын кабардар кылды. Алдын ала маалыматка караганда, шейшембиде дагы 10 израилдик туткун бошотулат. Ал эми Израил бийлиги түрмөдөн кое бериле турган палестиндердин тизмесине дагы 50 киши кошулганын билдирди. Алардын баары аялдар. Ушуну менен израил түрмөлөрүнөн бошотула турган палстиндердин саны 350гө жетти. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүнүн бир себеби түтүндөн тышкары чаң экенин бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, шаардын четиндеги эгин талааларынан келген чаң борбор калаадагы ыш көйгөйүн күчөтүп жатканын атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. Шамыралиев “Жашыл алкак” долбоорун ишке ашырууга 7 миллион сом бөлүү каралып жатканын айтты: “Мисалы, Сокулуктан, өйдө жактан келаткан чаң. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы ишкана ачылганын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, кичи заводдун ачылышы 26-ноябрда Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында өттү. “Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Долбоор азыркы учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан... Читать дальше...
Казакстанда жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 17 миңге жетти. Алардын 6 миңи соңку бир айда катталганын 28-ноябрда Казакстандын саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Илдетке чалдыккандардын 82% балдар. Алардын көбү кызамыкка каршы эмделбегендер. Гинияттын айтымында, баарынан көп ооругандар Алматы жана Чымкент калааларында катталууда. Учурда 2400дөй бала ооруканада, алардын 30унун абалы оор. Өткөн аптада 500 миң доза вакцина алып келинген. Кызамык илдетин жуктургандардын саны Кыргызстанда дагы өсүп жатат. Читать дальше...
Европанын Жогорку Соту 28-ноябрда чыгарган чечимге ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердеги мекемелер өз кызматкерлерине диний белгилерди ачык көрсөтүүгө, анын ичинен жоолук оронууга тыюу сала алат. Мындай чечимдин чыгышына Бельгиядагы окуя түрткү болду. Анс шаарында мамлекеттик мекемеде иштеген аялга жоолук салынууга тыюу салынган. Мындан улам ал аял диний укугу бузулуп жатканын жүйө келтирип сотко арыз жазган. Сот өз кезегинде фундаменталдык түшүндүрмө алуу үчүн Европа сотуна кайрылган. Жоолук... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик жооптуу кызматкерлер жоопко тартылганын айтты. "Кумтөр маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпысынан 20га жакын мамлекеттик кызматта иштеген чоң кызматкерлерди жоопко тарттык. Ошонун негизинде Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алдык", - деди ал. Камчыбек Ташиев бул тууралуу 28-ноябрда Талас облусунун... Читать дальше...
Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат. Бул тууралуу 28-ноябрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Жылдыз Бакирова парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында айтты. Комитет отурумунда “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алды. Жыйында депутаттар Кыргызстан электрондук чылым чеккен өспүрүмдөр көбөйүп баратканын билдирип... Читать дальше...
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйө баштаганын 28-ноябрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 26-ноябрда сасык тумоолоп дарыгерге кайрылгандар 5050 адам болду. Бул бир апта мурдагыга салыштырганда 13,1% көп. Ооругандардын 65 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар. Буга чейин сасык тумоо көбөйгөн кырдаал сентябрь айында катталган. Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүнө аба салкындап... Читать дальше...
Оштун Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси "жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген" деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал 22-ноябрда кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду. Атайын кызмат бул ишке тиешеси бар башка жооптуу кишилерди аныктоо аракети болуп жатканын кабарлады. Читать дальше...