Газа шаарынын үч чоң кварталында биринчи жолу төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды. Бул маалда калаанын согуш азабын тарткан тургундары суу жана тамак-аш алса болот. Тынч заманда жарым миллиондон ашуун киши жашаган шаарда бир айдан бери гуманитардык кырдаал оор. Ошол эле маалда анклавдын түндүгүңдө жашаган палестиндерге түштүк тарапка качууга коридор берүү бир саатка узартылды. Газа шаарында жана түндүк райондордо жашаган миңдеген карапайым киши анклавдын түштүгүн көздөй жөө-жалаңдап качып жөнөдү. Читать дальше...
Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстанга жасаган расмий сапарынын маалында 8-ноябрда бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде Дүйшөмбү менен Тегеран виза режимин жоюу тууралуу макулдашты. Буга чейин эки өлкөдө тең бир катар коомдук ишмерлер виза режимин жокко чыгарууну сунуштап келишкен. Бул миңдеген ирандыктын Тажикстанга турист катары ээн-эркин кирип-чыгуусуна жол ачат деп жүйө кылышкан. Андан тышкары, транспорт, эркин экономикалык аймактар, маңзатка каршы күрөшүү боюнча бир катар келишимдер кабыл алынды. Читать дальше...
9-ноябрда Брюсселде өтө турган Евробиримдик менен Кыргызстандын адам укуктары боюнча диалогун утурлай Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму ( International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, Евробиримдикти сүйлөшүүдө аны эске алууга чакырды. Документте укук коргоочулар жарандык коомдун, эл аралык эксперттердин, алтургай мамлекеттик... Читать дальше...
Орусияда кармалган "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны күйөөсү Павел Буторин "саясий туткун" деп атады. 18-октябрда Казань шаарында кармалган журналист Орусиянын жана АКШнын жараны. Анын күйөөсү Павел Буторин "Настоящее время" телеканалын жетектейт.
Израил армиясы толук курчоодо калган анклавды экиге бөлгөн соң, шейшембиде Газа калаасынын борборуна жеткени кабарланды. Жүздөгөн карапайым палестин Газанын түндүгүнөн түштүктү көздөй жөө-жаландап качып жөнөдү. ЦАХАЛ 32 жоокеринен айрылганын жарыялады.
Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку камоолорду 1938-жылдагы репрессияга салыштырып, эркин оюн айткан адамдар "эл душманы", "чыккынчы" атка конгонун билдирди. Анын интернетке жарыяланган катына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп кайтарып, мурунку учур менен азыркыны салыштырууну жаңылыштык деп сыпаттады. Саясатчы менен бийлик өкүлүнүн пикирине коомчулук ар кандай баа берип жатат. Жогорку Кеңештеги... Читать дальше...
Жакынкы Чыгыштагы согушка байланыштуу расмий Ташкент Израилдин элчилиги жайгашкан аймакта, синагогаларда жана Өзбекстандагы жөөттөргө караштуу мекеме-жайларда коопсуздук чараларын күчөттү. Синагогаларды күнү-түнү Улуттук гвардиянын жоокерлери кайтарууда. “Мамлекет синагоганын жанында күзөтчүлөрдү койду. Улуттук гвардия даяр турат. Адамдар келип, сыйынып кетип жатышат. Эч кандай маселе жок”, - дейт Ташкенттеги синагоганын кызматкери. Андан тышкары Кокондогу жөөттөрдүн көрүстөнү да кайтарууга алынды. Читать дальше...
8-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 16-саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Ташкент шаарына жөнөп кетти. Өлкө президентинин маалымат кызматы билдиргендей, саммитке уюмга мүчө мамлекеттер Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары катышат. Билдирүүдө белгиленгендей, 8-9-ноябрдагысаммиттин катышуучулары соода-экономикалык, инвестициялык, транпорт-коммуникациялык жана гуманитардык ич ара кызматташуу маселелерин талкуулашат. Читать дальше...
Орусияда кармалган америкалык журналист Алсу Курмашеванын жолдошу аны “саясий туткун” деп атап, АКШны аялын «мыйзамсыз кармалгандардын» катарына кошууга чакырды. Курмашева Орусияда чет элдик агент катары каттоодон өтүүдөн баш тарткан деген айып менен камалган. 18-октябрда орус коопсуздук күчтөрү Курмашеваны камагандан берки алгачкы жолу берген комментарийинде Павел Буторин орус бийлиги Алсуга америкалык консулдук кызматкерлер менен ушул күнгө чейин жолукканга уруксат бербей, анын укуктарын бузуп жатканын айтты. Читать дальше...
Ошто өз балдарын сабаган эне кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди. Буга чейин социалдык тармакта аял кишинин эки баланы уруп жаткан видео тасма тарган. Араван райондук ички иштер бөлүмү социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүп, чогултулган материалдардын негизинде анын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургун экенин аныктаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жашар эгиз кыздары экендигин, заара ушатып койгондугу үчүн аларды сабаганын билдирген. ... Читать дальше...
Ошто өзбек чек арачылары кармап кеткен өспүрүм кайтарылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, 3-ноябрда Араван райондук ички иштер бөлүмүнө 9 жашар баланын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларынын өспүрүмдү Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткени аныкталган. Маалыматта чек арачылар Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында жашаган баланы чек арага жакындап калганда кармаганы айтылат. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Жапонияга сапар менен барат. Бул тууралуу Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хирокадзу Мацуно 7-ноябрдагы маалымат жыйында билдиргенин Nikkei басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Жапаров премьер-министр Фумио Кисидо жана император Нарухито менен жолугушат. "Кыргызстан - Жапония үчүн дос өлкө. Былтыр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Кыргызстандын президентинин Жапонияга сапары биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетип... Читать дальше...
Португалиянын өкмөт башчысы Антониу Кошта 7-ноябрда коррупциялык жаңжалга байланыштуу кызматтан кетти. Ошол эле күнү анын резиденциясында тинтүү жүргүзүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, рейддер 40тан ашуун мекемеде, анын ичинде Инфраструктура министрлигинде, Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинде дагы өткөрүлгөн. Маалыматка караганда, беш киши, анын ичинде өкмөт башчынын администрация жетекчиси, Синиш шаарынын мэри жана бир нече ишкер кармалган. Прокуратура бул маалыматты ырастап... Читать дальше...
1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтордун жолугушуусу болду. Тараптар мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганын Министрлер кабинети билдирди. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал "коомчулук менен бирге мындай окуяларды кескин айыптай турганын" белгилеген. Ошону менен катар "кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек" деп жазган. 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Читать дальше...
Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна бараткан жолдо, Манас айылындагы автожарышка байланыштуу 12 киши кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, айдоочуларга 15 миңден айып пул салынып, машинелери айып жайына киргизилди. Кармалгандардын арасында милицияга баш бербей, кызматтык автоунааларга таш ыргыткан адамдар дагы бар. Бул факты боюнча Сокулук райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Читать дальше...
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Кабардин-Балкария аймагы 15 жаштагы уулу Адамды "Республикага сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлаганын билдирди. Чечен лидеринин белгилешинче, наамды "улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкты, ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн" аталган аймактын башчысы Казбек Коков тапшырган. Бирок республиканын расмий сайтында мындай маалымат жок. Кенже Кадыровдун наам алганы тууралуу маалымат айрым аймактар ага наам берүүдөн баш тартканы тууралуу кабарлар чыккандан бир аптадан кийин жарыяланды. Читать дальше...