Мы в Telegram
Добавить новость

Sber Private Banking победил на премии Frank Private Banking Award 2024

Казанскую икону Божией Матери встретили нижегородские православные

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

Сотрудники Госветслужбы Подмосковья оказали медпомощь раненому лосенку

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газа шаарында төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды

Газа шаарында төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды

Газа шаарынын үч чоң кварталында биринчи жолу төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды. Бул маалда калаанын согуш азабын тарткан тургундары суу жана тамак-аш алса болот. Тынч заманда жарым миллиондон ашуун киши жашаган шаарда бир айдан бери гуманитардык кырдаал оор.

 

Ошол эле маалда анклавдын түндүгүңдө жашаган палестиндерге түштүк тарапка качууга коридор берүү бир саатка узартылды. Газа шаарында жана түндүк райондордо жашаган миңдеген карапайым киши анклавдын түштүгүн көздөй жөө-жалаңдап качып жөнөдү.

Газанын түндүгүндө дагы деле миңдеген палестиндер калганы кабарланууда. Шейшембиде жүздөгөн киши ак желек булгалап, жөөт армиясынын танктарын аралап, анклавдын түштүгүн карай качып жөнөдү. Айрымдар эшек арабаларга түшсө, кээ бирлери кары-картаң, майыптарды арабага салып сүйрөп алган.

Газа шаарынын тургуну калаа толук курчоого алынгандан кийин көптөр үй-жайын таштап чыкканын айтты.

"Суу, электр жарыгы, ун жок. Үч күндөн бери жолдобуз, агамды бир сынык токоч менен багып келатам", - деди майып кишини арабага салып түртүп бараткан Амир ал-Галбан аттуу киши.

Шаршембиде канча киши түштүк тарапка чыгып кеткнеи белгисиз. Улуттар Уюму шейшембиде 15 миңдей палестин Салах-эд-Дин кара жолу менен өткөнүн маалымдаган.

ЦАХАЛдын бомбалоосунун алдында калган миңдеген киши анклавдын түндүгүндө ооруканаларда баш калкалап турганын Улуттар Уюмунун агенттиктери билдирет. Алардын көбүн ансыз деле бир миллиондой киши түнөк кылган түштүк райондордогу кырдаал, суунун, тамак-аштын тартыштыгы, коопсуз деген жерлер дагы бомбалоого кабылып жатканы кабатырлантат.

ЦАХАЛ Газа шаарынын борборуна жетти

Израил армиясы палестин анклавын экиге бөлгөн соң, шейшембиде кечинде Газа калаасынын борборуна жетип, жоочулардын бутага алынган жайларына сокку уруп жатканын билдирди. Жөөт армиясы ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири, радикал уюмдун тыңчылык жана курал-жарак менен жабдуу жагын тейлеген Мохсен Абу Зинаны жок кылганын жарыялады.

ЦАХАЛ согушта 32 аскеринен айрылганы тууралуу маалымат таратты.

Толук курчоодо калган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси Газа шаарында жана башка жерлерде ондогон карапайым тургундун каны төгүлгөнүн билдирди.

ЦАХАЛ азырынча бул маалыматты ырастай да, жокко да чыгара да элек. Бир нече аптадан бери жөөт аскерлери Газанын элине аймактын түштүк тарабына жер которуу керектигин эскерткен.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Токиого чогулган "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттары Израилдин ХАМАС менен согушу боюнча жалпы бир позиция бардыгын жарыялады. Биргелешкен билдирүүдө министрлер Израилдин өзүн коргоо укугун колдоп, Газа тилкесиндеги карапайым палестиндерге гуманитардык тыныгуу берүүгө үндөдү. Ошондой эле документте Иранды "ХАМАСты жана Хезболланы колдоодон" жана Жакынкы Чыгыштагы башка кооптуу күчтөрдөн алыс болууга чакырык айтылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Токиодо туруп, согуштан кийинки Газанын келечеги тууралуу ойлонууга токтолду. Вашингтондун өкүлү тынчтык орнотуу үчүн "Газанын калкын күчтөп көчүрүүдөн баш тартып", келечек планда Палестин автономиясынын жетекчилигинин алдында Газа тилкесин Батыш жээк менен кошуу каралышы керектигин белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык ABC телеканалына курган маегинде согуш бүткөндөн кийин Газа тилкесиндеги "коопсуздук үчүн жоопкерчиликти" Израил "белгисиз мөөнөткө" өзүнө аларын айткан.

"Израилге белгисиз мөөнөткө коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга туура келет деп ойлойм. Биз жоопкерчилик албасак эмне болорун көрдүк", - деген Нетаньяху.

Буга чейин Палестин автономиясынын лидери Maхмуд Аббас жалпы саясий чечимдин алкагында анын администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирген. Согуш аяктагандан кийин Аббас белгилегендей, саясий чечим Иордан дарыясынын Батыш жээгин, Чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин камтышы керек.

Азырынча согуш бүткөндөн кийин Газа тилкесинде коопсуздукту ким камсыздары: Палестин автономиясыбы, Улуттар Уюмубу же араб өлкөлөрүнүн бейпилдик күчтөрүбү - белгисиз.

Көптөгөн эксперттер Израил жана анын союздаштары дагы жаңжалды жайылтпай токтотуунун жолун так билбейт деп санашат.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган. Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланып баратканын эл аралык агенттиктер эскертүүдө.

Газа тилкесинин 2 миллиондон ашуун калкынын 70% үй-жайын таштап, аймактын түштүгүнө качууга аргасыз болду. Согуш башталгандан бери 10 миңден ашуун палестиндин каны төгүлдү. Алардын төрт миңден ашууну балдар экенин ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Бул маалыматты башка булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В плюсе. Доходы Тверской области выросли, а госдолг стал меньше

Опять "Садовод": афганец, напавший с ножом на девушку, работал на рынке

Юрист не исключил ответственности для водителя авто за ДТП с самокатом в Москве

Глава Лобни провела совещание по вопросам благоустройства в городе

Музыкальные новости

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Россия, Культура, Теат, Дети, ПДД: кукольным языком о дорожной безопасности детям показали в Ульгэре

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Актер Олег Зимин скончался на 65-м году жизни в Москве

Новости России

Юные туляки стали лучшими на первенстве России по карате спорта глухих

Мать арестованного Попова: многие сослуживцы поддерживали его, он берег солдат

Глава Лобни провела совещание по вопросам благоустройства в городе

Курс евро рухнул ниже 98 рублей на фоне укрепления рубля

Экология в России и мире

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Спорт в России и мире

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Moscow.media

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Казанскую икону Божией Матери встретили нижегородские православные

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

Сотрудники Госветслужбы Подмосковья оказали медпомощь раненому лосенку

Мать арестованного Попова: многие сослуживцы поддерживали его, он берег солдат