Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Ал мындай чара коомдун коопсуздугу үчүн маанилүү деп эсептейт. Коомдо мындай чектөөнүн киришин жактагандар да, буга каршы болгондор да бар. “Акыркы күндөрү паранжы жамынгандар көбөйүп жатат. Аларды жоолук салынбасын дебейм. Бирок өзүнүн жүзүн жаап, идентификациясын аныктоого мүмкүн болбогондой чүмкөнүп алганы өтө кооптуу. Читать дальше...
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш башталганына бир айга чукулдады. Бул жаңжалдын тегерегинде маалымат көп, суроо да арбын. Маселен, тарыхта бир канча жолу кайталанган Араб – Израил жаңжалынын түпкү себеби эмнеде? ХАМАС эмне болгон топ, анын көздөгөнү эмне? Палестинанын макамы кандай? Газа сектору же Иордан дарыясынын батыш жээги деген жерлер кайсы? Израил менен Палестина тынчтыкка келиши мүмкүнбү? Саясий илимдердин кандидаты, изилдөөчү жана теолог Самаган Мырзаибраимов менен жогорудагы суроолорго жооп издейбиз. Читать дальше...
Израил армиясы Газадагы Аш-Шифа ооруканасында ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушкерлерине каршы операция жүргүзүүдө. Миңдеген киши турган ооруканада абал адам чыдагыс экени кабарланды.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысынын колуна тийген документке ылайык, Еврошаркет Орусияга каршы киргизилген санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берген Борбор Азиянын дагы бир нече компаниясына жазалоочу чара көрүүнү сунуш кылууда. Биримдиктин санкцияларынын 12-пакетине казакстандык эки жана өзбекстандык бир компанияны камтуу каралууда. Маселеден кабары бар биримдиктин өкүлү билдиргендей, жаңы сунуштар ушул жумада карала баштайт. Жаңы пакет уюмдун 14-15-декабрда Брюсселде өтүүчү саммитине чейин макулдашылууга тийиш. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев өткөн айда баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип кармалганы эми белгилүү болду. Ал кезинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы “Калкан”, азыркы "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн жана Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Анын аты айрым медиаларга да байланыштырылып келет. Бакчиевдин ишинде көп жагдайлар белгисиз, бирок анын кармалышы кримавторитет Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийинки кармоолор толкунуна туш келгени суроолорду жаратты. Читать дальше...
Израил ХАМАСты (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) оорукананын алдында командалык борборун жашырган деп айыптады. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан. БУУ Аш-Шифада миңдеген киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз баш калкалагандар турганын билдирет.
Газа тилкесинен эвакуацияланган казакстандыктар Каирдеги мейманканага жайгаштырылды. Мындай маалыматты шаршембинин кечинде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Маалыматта аларга зарыл болгон жардам берилип жатканы айтылды. Казакстандыктарга жана алардын жакындарына документ берүү маселеси да чечилүүдө. Ушул эле күнү кошуна өлкөнүн ТИМи Газа менен Египеттин чек арасындагы Рафах пунктунан Казакстандын 92 жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өткөнүн билдирген. Газадагы бардык казакстандыктар... Читать дальше...
Майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк жана көркөм чыгармачылыгынын фестивалы 15-ноябрда башталды. Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын 28 уюмунан миңден ашуун адам катышууда. Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, фестивалга катышууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Фестивал жети номинация боюнча: вокал, хор ырдоо, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий боюнча өтөт. Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар адамдар тарткан түрдүү сүрөттөр, зер... Читать дальше...
Франция Сириянын президенти Башар Асадды камакка алуу жөнүндө эл аралык ордер чыгарды. Асад жана дагы үч санаалашы калкка каршы тыюу салынган химиялык курал колдонгон деп айыпталууда. Бул тууралуу Civil Rights Defenders укук коргоо уюму билдирди. Мунун алдында 2013-жылы Чыгыш Гута районундагы жана Дума шаарындагы химиялык курал колдонулган деп шек саналган эки чабуул иликтенген. Ошондо 3 миңден көп киши каза болгон. Франциядагы иликтөө 2021-жылдын мартында, чабуулдарда аман калгандардын арыздарынан кийин башталган. Читать дальше...
15-ноябрда Баткен шаарында өткөн эл аралык айыл чарба жарманкеси Түштүк Кореянын КOPIA эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Жарманкеге Баткен облусунун жетекчилери жана Өзбекстандын Риштан, Сох райондорунун, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана дыйкандар, ишкерлер катышты. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара эки өлкөнүн президенттери кол койгон жол картасынын негизинде достукту, соода-экономикалык карым-катнашты чыңдоо максатында өткөрүлдү. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы маселелер... Читать дальше...
Бишкекте 14-ноябрда чет жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген "Мекендештер -2023" форуму өттү. Анда өлкөгө салымы, сунуш-пикир, демилгелери талкууланды.
Орусиянын Агартуу министрлиги мигранттардын балдарын орус тил сыноосунан өткөрүп турат. Тесттин жыйынтыгы менен алар кошумча курстарга жиберилиши мүмкун. Бул тууралуу парламенттик угуу маалында министр Сергей Кравцов билдирди. "Коммерсантъ" басылмасы жазгандай, буга чейин орус коомунда бул темада талкуулар жургөн. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев мигранттардын балдарынын 50-70% орусча начар сүйлөшөт же такыр билишпейт деп айткан. Фадеев Москва жана Петербургда... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди. Атайын кызмат 15-ноябрда ал жеке кызыкчылыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн такай пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгени аныкталганын кабарлады. Тергөөдө Дамир Моңолдоров кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жалдап жарандык активистти коркутуп, Өзгөн шаарынын мэринин... Читать дальше...
Арменияда жакындарынын арызы менен Ингушетиянын 21 жаштагы тургуну кармалды. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан качкан. Коркунучка кептелген кыз-келиндерди коргогон “Марем” уюмунун жетекчиси Светлана Анохина Кавказ.Реалии сайтына айтып бергендей, полиция кызматкерлери Фатима Зурабова убактылуу жашап жаткан Аштарак шаарындагы батирге келишкен жана аны Еревандагы полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал жерде кылмыш иши жөнүндө айтып, телефонун тартып алышты. Полиция участогунда аны таякеси жана досу менен чогуу камап коюшкан. Читать дальше...
Британия парламентинин Тышкы иштер боюнча комитети 14-ноябрда Борбор Азия менен кызматташтык тууралуу баяндамасын жарыялады. Анын авторлору аймактагы өлкөлөр менен ырааттуу, жогорку деңгээлдеги дипломатиялык карым-катышка чакырып, Британиянын финансылык кызматтары мыйзамсыз иштерде пайдаланылбайт деген кепилдик болууга тийиш экенин белгилешти. Баяндамада британ өкмөт башчысы, министрлер Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетиши керектиги... Читать дальше...
15-ноябрда Бишкекте “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти, саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары билдирди. Алардын сөзүнө караганда, Топчубек Тургуналиев акыркы күндөрү ооруп жүргөн. Сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет. Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун аяктап, 1975-жылы... Читать дальше...
Өткөн айда 15 жыл мурда дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келди. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ондогон ата-энелердин үмүтүн кайра жандыргандай болду. Ушу тапта Кыргызстанда жүзгө чукул кишинин дайыны чыкпай, издөө жарыяланган. "Азаттык" он жылдан ашуун убакыттан бери жалгыз уулун таба албай жүргөн эки эненин муң-зарын укту. "Кудай буйруса ишемби күндөрү баламды издеп чыгам. Читать дальше...
Өткөн айда 15 жыл мурда дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келди. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ондогон ата-энелердин үмүтүн кайра жандыргандай болду. Ушу тапта Кыргызстанда жүзгө чукул кишинин дайыны чыкпай, издөө жарыяланган. "Азаттык" он жылдан ашуун убакыттан бери жалгыз уулун таба албай жүргөн эки эненин муң-зарын укту. "Кудай буйруса ишемби күндөрү баламды издеп чыгам. Читать дальше...
БУУ жана Эл аралык Кызыл Чырым комитети Израилдин аскерлери Аш-Шифа ооруканасанда рейд жүргүзгөндөн кийин камтамасын билдирип, ал жактагы миңдеген бейтаптар менен карапайым кишилерди коргоону талап кылды. Бул тууралуу Франс Пресс маалымат агенттиги кабарлады. Израилдин армиясы шаршембиде Газадагы эң ири оорукана комплексинде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун командалык борборун жок кылуу максатында ал жерде операция баштаганын билдирген. “Газадагы Аш-Шифа ооруканасында... Читать дальше...
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылынын тургуну Нуриза Исамидинова үйүнөн эле кыз-келиндерге укуктук жардам берип жатат. Ал тикмечилик менен да алектенет.
Бүгүн 15-ноябрда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү алкагында дарыянын нугун буруу үчүн узундугу 180 метр, туурасы 30 метр болгон тилкеде жардыруу иштери аткарылды. Иш-чаранын расмий бөлүгүнө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Осмон Качкынбаевдин айтымында, учурда ГЭСке баруучу жолду куруу боюнча иштер жүрүүдө: "Учурда жолду курууга даярдык иштери 15 чакырым бүтүп калды. Дагы 3 чакырым жер даярдалат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) "өкүл атасы Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов болгон) сыртынан айып тагылып, издөө салынганын" билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 15-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан... Читать дальше...
15-ноябрда Жогорку Кеңеште “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Маселе каралып жатканда 2023-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда сегиз миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын демилгечилердин бири, депутат Динара Ашимова билдирди. Анын маалыматына караганда, былтыркы жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 620 учуру катталган. "Бул расмий, катталган гана фактылар. Читать дальше...
Оштун Өзгөн районунда жол кырсыгынан үч адам мүрт кетип, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык 14-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 596-чакырымында болгон. Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. Читать дальше...
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги сессиясына байланыштуу 16-17-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы башкы жолдордогу автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) маалымдады. Маалыматка ылайык, делегациялар өтүп жаткан кезде Фучик, Жибек Жолу, Манас проспектиси, Чыңгыз Айтматов, Байтик баатыр көчөлөрү автоунаа кыймылы үчүн убактылуу жабык болот. ЖКККБ жүргүнчүлөрдү... Читать дальше...