Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин аялынын өлүмүнөн кийин кармалышы ушул айда эле бир канча тирукмуш окуяларды уккан казак коомунун үрөйүн учурду. Бул реакциядан кийин аялдар зомбулукка тынымсыз кабылган система реформа болобу? Бул көпчүлүк адамдар элестеткендей үй-бүлөлүк зомбулук болгон жок. Бир кезде эң жаш министр катары таанылган капчыгы калың, сый-ургалдары жетиштүү 43 жаштагы шектүүгө көпчүлүк мекендештери суктангыдай эле. Анын курмандыгы аялы болду, астролог... Читать дальше...
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Бишкек эл аралык кино фестивалынын ачылыш аземи өттү. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааркесине арналган бул иш-чарага ондогон өлкөлөрдүн кино ишмерлери катышты. 21-ноябрга чейин улана турган фестивалда улуттук жана эл аралык категорияларда тасмалардын сынагы өтөт. Анын байге фонду 3 миллион сом.
Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын билдирди. ЦАХАЛ түндө Газа тилкесинин түштүгүнө дагы сокку урду. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде гуманитардык жүк жеткирүү маселеси жөнгө коюлбай жаткандыктан, ал жакта ачарчылык башталышы мүмкүндүгүн эскертти.
Израилдин ЦАХАЛ коргоо армиясы Газа тилкесиндеги Ас-Шифа ооруканасын эвакуациялоо тууралуу кабарды четке какты. Буга чейин Al Jazeera телеканалы ишенимдүү булактарына таянып, Израил аскерлери бейтаптарга имараттан чыгарып кетүүгө бир гана саат убакыт бергени тууралуу маалымат тараткан. ЦАХАЛдын Телеграм-каналында оорукананын директорунун өтүнүчү менен израил аскерлери каалоочуларга сектордун түштүгүнө коопсуз каттам менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бергени айтылган. "Медициналык кызматкерлер эвакуацияланбаган... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербурда өткөн эл аралык IX маданий форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Байсалов анда "Орусия улуу маданияттын өлкөсү катары кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын талашсыз борборлорунун бири болуп келгенин" айтып, азыр да бул өлкө жалпы адамзаттын жашоосуна жана дүйнө таанымына зор таасирин тийгизүүдө зор роль ойноп жатканын белгилеген. "Бүгүн биз заманбап дүйнөдө актуалдуу болуп бараткан теманы – маданий эгемендикти талкуулап жатабыз. Читать дальше...
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында сегиз айылда 44 миңден ашуун эл жашайт. 2023-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курултайы болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын 2-Элдик Курултайын чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык айыл аймагынын 200 делегаты көпчүлүк добуш менен Рахманов Дилмурад Дилдорбековичди Кыргыз Республикасынын 2-Элдик Курултайына делегат кылып шайлады.
Читать дальше...Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу соңку билдирүүсүндө Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов менен ымаласы бар мамлекеттик кызматкерлердин канчасы кызматтан алынганы тууралуу да так сандарды жарыялады. Башкы чекист акыркы эки айга чукул убакыт ичинде... Читать дальше...
Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына 14 күнгө камалды. Бул тууралуу журналисттин иниси Майрамбек Каримов "Азаттыкка" билдирди. Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, айып коюлуп жатканы белгилүү болду. Сотко журналисттин өзүн алып келишти, сот процесси жабык өттү. Читать дальше...
“Азаттык+” бул ирет Кыргызстанда дрон курап, протез чогултуп, роботтор беттешинде эл аралык сынактарды, чемпионаттарды багындырган жаштарды көрсөтөт.
Быйыл мамлекеттик казынадан маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 7 млрд сом каралган. Анын ичинен 4 млрд сом маданият тармагына, 348,8 млн сом киного берилген. Президенттин резервдик фондунан маданиятка 670 млн сом ажыратылган. 2022-жылы бул жаатка бөлүнгөн акчанын суммасы 5,1 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан кинофестивалдын ачылышында билдирди. Ал ачылыш аземде сүйлөп жатып алдыдагы беш-алты жылда кыргыз маданиятында... Читать дальше...
17-ноябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык кинофестиваль башталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун маалыматында, иш-чарага бир катар мамлекеттер катышууда. Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Канада, Италия, Франция, Сербия, Индия, Орусия (Тоолуу Алтай), Түштүк Корея, Жапония, Германия, Тунис, Эстония, Грузия, Америка Кошмо Штаттары, Венгрия, Кытай, Вьетнам, Швейцария сыяктуу өлкөлөр бар. Сынактын... Читать дальше...
Каракол шаарында компьютердин монитору менен сабалган аял амбулатордук дарылануу алып жатат.. Укук коргоочу Камил Рузиевдин маалыматында, токмок жеген аял милицияга арыз менен кайрылды. Рузиев жабырлануучуга милиция бөлүмүнөн жолукканын, Стамбул протоколу (кыйноо жана сабоону аныктоочу медициналык документ) толтурулганын маалымдады. Милициянын маалыматында 16-ноябрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 47 жаштагы жаран 1983-жылы туулган О.Э. аттуу аялын компьютердин монитору менен чаап, сабаган. Читать дальше...
Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө. Көбүнчө эркектер дарыгерге кайрылбагандыктан, ооруну алдын алууга да мүмкүн болбой калат. Мунун кесепеттери үй-бүлөдөгү бейпилдикке жана улут генофондуна терс таасирин тийгизүүдө дейт адистер. Эркектерди түйшөлткөн аденома оорусу Нарындын Кочкор районунун тургуну Нургазы Боржубаев учурда Бишкектеги Урология боюнча улуттук борбордо дарыланууда. Шарты катаал, тоолуу... Читать дальше...
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов өз каалоосу менен кызматтан кеткени 17-ноябрда белгилүү болду. Манаповдун кызматтан кетиши бийликтин уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүнүн алкагында болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш токтобой турганын, анын алкагында Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер аныкталып... Читать дальше...
Кыргызстанда тукумсуздук маселеси дарыгерлердин тынчысыздануусун жаратып келет. Бул боюнча так статистика жок, айрым маалыматтарга караганда өлкөлөдөгү жубайлардын ар бир 18и тукумсуздукка туш болот. Мындай учурда бул маселеге аялдарды күнөөлөгөн учурлар арбын. “Эже-сиңдилер” ушул темада талкуу уюштурду.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маек берип жатып 2024-жылы жазында фермерлер менен дыйкандар кайсы өсүмдүктөрдү айдаса пайда табарын айтты. Анын пикиринде келерки жылы фермер, дыйкандар быйыл баасы килограммы 200 сомдон түшпөгөн карагатты, жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланган "Италия" сортундагы кулпунайды, чакан жерден көп түшүм алууга мүмкүндүгү бар дан куурайды (малинаны) жана сабагында тикенеги жок, бармактай болуп чоңойгон Алтай чычырканагын отургузса жакшы акча табышы ыктымал. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Санкт-Петербургда өткөн маданий форумда ЛГБТ мүчөлөрүнө жана бул искусстводогу бул тематикага колдоосун билдирди. Бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды. Орусиянын лидери мындай пикирин Орусиянын Юстиция министрлиги "ЛГБТ эл аралык коомдук кыймылын" экстремисттик деп таанууну сунуштап, Жогорку сотко кайрылган маалда айтты. Путин сербиялык кино режиссер Эмир Кустурицанын суроосуна жооп берип жатып, эл аралык кинофестивалдарда, мисалы, анын ичинде "Оскар"... Читать дальше...
Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын билдирди. ЦАХАЛ 17-ноябрга караган түнү Газа тилкесинин түштүгүнө дагы сокку урду. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде гуманитардык жүк жеткирүү маселеси жөнгө коюлбай жаткандыктан, ал жакта ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти. Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын тургундары израил армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн уранды алдынан Абу-Занаддын үй-бүлө мүчөлөрүн издеп жатат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев паранжы жана узун сакалга байланыштуу пикирин билдирди. Чүйдүн Панфилов районундагы УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын кечээ ачып жатып, соңку убакта бул жаатта тынчсыздануулар болуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, дүйнөдөгү 200дөн ашык мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар, ата-бабалар кыргыз катары сакталып келген, азыркы тапта келечек муунга мамлекетти ошол калыпта өткөрүп берүү зарыл. "Кыргыздар эч убакта араб, эч убакта орус болбойт", - деген пикирде ал.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 16-ноябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралып, прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сурады. Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин... Читать дальше...
16-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну сурады.