Мы в Telegram
Добавить новость

Eanews: ФСБ проводит обыски во всех отделениях УФНС по Свердловской области

Fars: установлен контакт с 2 пассажирами упавшего вертолета президента Ирана

Стена дома в Петрозаводске обрушилась на автомобиль

Вице-президент Ирана: установлен контакт с 2 пассажирами вертолета президента



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Төрөкулованы каматкан эки билдирүү

Жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Адвокаттын билдиришинче, Төрөкулова өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын Фейсбукка жазган пикирин бөлүшкөнү үчүн да айыпталууда. 

21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү.

Бул соттук отурумда прокурор Замира Байбагышева активистке коюлган айыптарды угузду.

Айыптоочунун сөзүнө караганда, Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөн. Анын бири - “Жапаров мафия”, экинчиси - "онлайн митинг уюштурабыз" деген билдирүү. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлгөн.

47 жаштагы Зарина Төрөкулова “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берген учурда бул иштерди "душмандары уюштурган саясий буюртма” деп атады.

“Бул жактагы прокурор дагы, сот дагы саясий заказ деп коркуп жатабы, билбейм, мага эки чоң берене менен айып коюп жатат. Эми калганы териштирүүнүн жүрүшүндө билинет. Бул жерде мен “Умай Аруу” деген аккаунттун постун бөлүшкөм. Ал жерде Олжобай Шакирдин видеосун эле кайра жөнөткөн болчумун”, - деди Төрөкулова.

Активисттин бөгөт чарасын 9-сентябрда Биринчи Май райондук соту карап, аны 30-октябрга чейин камакта калтырган. Кийин бул мөөнөт узартылып, адвокаттын үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылган.

Зарина Төрөкулованын кызы Айман Рысбекова тергөө атайылап создуктурулуп жатканын айтууда.

“Тергөөчү убакытты аябай чоюп турган. Экспертизанын корутундусу мурда эле чыккан. Аны бизге 19-октябрда көрсөттү. Бир айдан ашык убакыт жөн эле чоюп жүргөн. Апам жөн эле отурган ал жакта”, - дейт Рысбекова.

Зарина Төрөкулованын иши боюнча сот 29-ноябрда уланмай болду.

Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Кесиби боюнча экономист. Бир канча жыл Шерали Сыдыков атындагы спорттук коллеждин жетекчисинин орус басары болуп иштеген. Жалгыз бой, бир кыздын энеси. Буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Абакка телефон кантип кирген?

2023-жылдын 24-октябрындагы экспертиза "Төрөкулова бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырууга аракет кылган" деп тапкан. Мындан улам активистке Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси жана 278-беренеси менен иш козголгон.

Төрөкулованын адвокаты Кантемир Турдалиев активист Фейсбукка бөлүшкөн маалымат үчүн гана айыпталып жатканын айтты.

"Фейсбуктагы "Умай Аруу" деген фейк аккаунтагы эки маалыматты бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатат. Ал аккаунттун ээси өмүр бою эркинен ажыратылган, камакта отурган адам экен. Негизи посттун автору, ошол камакта жаткан адам жооп бериши керек болчу”, - деди Турдалиев.

Адвокат кийинки соттук отурумга үч эксперт жана күбө катары камакта жаткан жаран чакырыла турганын кошумчалады.

Кыргызстанда абакта отурган адамдарга телефон колдонууга тыюу салынган. Бирок буга карабай бир адамды каматууга негиз болгон посттун ээсине телефон кантип киргени табышмак болууда.

Биз бул суроо менен Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаевага кайрылдык. Ал бул маалыматтан кабары жок экенин, бирок жабык жайларда отургандар телефон колдонбой турганын билдирди:

“Жок, абакта телефон колдонулбайт. 19-колониянын ичинде камера бар. Бардык жерде камера бар, кантип колдонот? Эгер ошол “Умай Аруу” деген аккаунттун ээси камакта экени далилденген факты болсо, тактап, толук жооп беребиз”.

"Пикир үчүн камоо коркунучтуу"

Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер буга чейин да сот жообуна тартылган. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.

Медиа-эксперт Тамара Валиева элди сөз үчүн эле камай берүүнүн кесепети мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскертти:

“Митингге чыкпасын, эч нерсени жазбасын деп коркутуп жатат. Унчукпай коркуп отуруп анан бир күнү баары бир эл жарылат. Мунун аягы жакшы нерсе менен бүтпөйт. Азыр шылуундардын баары түрмөдө отурат. Ошол камактагылар, балким, атайын жасап жатышабы же чагым кылып жатабы, ким билет?”.

Бирок Кыргызстандын бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ал корголорун, ошол эле кезде журналисттер, блогерлер жоопкерчилигин сезиши керектигин такай эскертип келет.

Жоопкерчилик маселеси президент Садыр Жапаровдун Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда да айтылган.

Буга чейин президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" берген комментарийнде өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, "мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн" айткан.

“Жеке өз оюн билдиргендерге эч ким тийишкен жок. Ал эми “бийликти алмаштыралы, бул бийлик болбой калды, кетирели” деп чакырык таштагандарды суракка чакырып жатышат. Же болбосо улут аралык маселени көтөргөндөрдү чакырышууда. Жалпылап айтканда, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө”, - деген Абыкеев.

Ырыс Жекшеналиевдин иши: жети жыл сураган прокурор

Мындан бир апта мурда, тагыраагы, 16-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралган. Прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган.

Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Мыйзамда бул берене менен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев коюлган айыптарды четке каккан. “Мен Абдил Сегизбаевдин сөзү үчүн жооп беришим керекпи? Мен анын профилинин, видеонун, тайпанын шилтемелерин бергем”, - деген камалгандан кийинки сотто.

Олжобай Шакирдин иши

Зарина Төрөкулованы камоого негиз болгон "онлайн митинг" жөнүндөгү маалыматка келели. Бул акцияны демилгелеп, 31-августта өткөрүүгө белсенген жазуучу, публицист Олжобай Шакир учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагында отурат.

Атайын кызмат аны 23-августта кармап, 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

УКМК Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылган.

Адвокаттар жазуучунун кармалышын жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Аталган сот Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды 18-сентябрда карап, мурдагы өкүмдү өзгөрткөн эмес.

Олжобай Шакир өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеп келет. Буга чейин абакта отуруп жазган блогунда ал элди көчөгө чыгууга үндөбөгөнүн дагы бир жолу белгилеген.

"Мен жазуучу катары жана гуманисттик идеяларды жайылтуучу жаран катары элди агрессияга үндөөдөн алысмын! Видео кайрылуумда мен өз аудиторияма бир нече жолу кайталап: “Силер мага телефон чалбагыла, мени издеп келбегиле! Баарыңардын колуңарда мобилдик телефондор бар. Демек, онлайн аркылуу айыл-кыштактардан болсун, шаарлардан болсун, 31-август өлкөбүздүн Эгемендик күнүнө карата өз пикирибизди айтууга чакырам!” – дегендин эмнеси кылмыш?!", - деген Олжобай Шакир.

Ноябрь айынын башында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму ( International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялаган. Анда эки уюм кыргыз бийлигин сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилешкен.

Эске сала кетсек, 11-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылса, былтыр Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилген. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанылган блогерге дагы колдонулуп, кийин ал жокко чыгарылган. Коррупциянын бетин ачкан курч иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Болот Темиров былтыр ноябрда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Аналитик журналист Айданбек Акмат уулу бир жылдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында кармалып жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Опять «Березка». В Москве хотят вновь открыть «магазин для избранных»

В 2023 году несырьевой неэнергетический экспорт Москвы в Китай вырос на 32%

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

«Гигант из Елбашей»: житель Новосибирска нашел огромный сморчок

Музыкальные новости

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Белоусов собирает новую команду в Минобороны: Ждать ли возвращения Суровикина?

Легенда "Спартака" Ловчев: немного перестал уважать Галицкого за отставку Ивича

Азербайджанец в Москве проявил свой животный инстинкт в отношении 9-летней девочки и был задержан

Новости России

РФС перенес рассмотрение дела пошутившего про «денежки на карту» Безрукова

Эксперт Деревянкина рассказала, с чем связано подорожание роллов в России

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Стала известна стоимость билетов на суперфинал Кубка России по футболу

Экология в России и мире

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Российские туристы встретились с таджикскими строителями в Новой Зеландии и были удивлены их жизни и ответами на вопросы

Петербургский «Пушкинский бал»

Хейтеры набросились на Волочкову после отпуска на Мальдивах

Спорт в России и мире

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Moscow.media

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

На Невском заводе электрического транспорта наградили победителей фестиваля «Транспорт: будущее»

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями











Топ новостей на этот час

Rss.plus






«Гигант из Елбашей»: житель Новосибирска нашел огромный сморчок

Ефимов: тоннель на южном участке МКАД готов почти на 80%

Политика: Эксперты оценили пользу России от вхождения Монголии в ШОС

Военно-патриотическая игра «Тропа разведчика» прошла в Мытищах