Бүгүн, 26- ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды. Маданият күндөрүнүн ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, атайын чакырылган расмий меймандар... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизди. Мамлекет башчы тиешелүү токтомго 22-ноябрда кол коюп, ал 24-ноябрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Документте эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен Кыргызстандын бардык аймагында санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилери жазылган. Фондго түшкөн каражат санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарындагы жалгыз бой, жардамга муктаж кыз-келиндер чакан ишкерликти үйрөткөн окууларга катышып жатышат. Шаардагы Курманбек аймактык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Алдосова бейөкмөт уюмдардын жардамы менен аялдар акырындап чакан иштерин баштап жатканын айтат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Алар буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон улам жумуштан алынган. Интернетке жарыяланган видеодо мас абалындагы эки киши көчөдө бири-бирин жөлөп-таяп басып баратканы, кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Алар Ош облустук милициясынын кызматкерлери экени айтылган. Читать дальше...
Кыргызстандын бийлиги мүлкүн мурда сатып, анын киреше салыгын эми төлөөгө мажбур болуп жаткан жарандарга салынуучу айып пулду жоюуга макул болду. Бирок алар салыктын өзүн сөзсүз төлөшү керек болот. Мунун алдында айрым тургундар бир нече жыл мурда сатып жиберген үйүнө же машинесине салык төлөбөгөнү үчүн эскертүү алганын айтып чыгышкан. Салыкчылар жарандар сатып алган мүлкүн бир жыл ичинде кайра сатса, андан тапкан пайданын 10% салык катары төлөшү керектигин, антпесе айып пул менен үстөгүн кошо төлөй турганын маалымдаган. Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ушул тапта Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатканын билдирди. Аларды каржылоо үчүн быйыл бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ал Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерүүдө айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган балдарды убактылуу асырап берет. Читать дальше...