Израил менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) Газа тилкесинде ок атышууну токтотуп, туткундарды айырбаштоо режимин дагы бир күнгө узартышы мүмкүн экенин AP агенттиги жазды.
Израил барымтадагы дагы он кишини бошотуп алуу үчүн бир күнгө макулдашууну узартууга даяр экенин билдирди. ХАМАС радикал тобу дагы 24-ноябрда күчүнө кирген төрт күндүк келишимди узартууга ниеттенип жатканын кабарлады.
Ошону менен катар Израилдин бийлиги билдиргендей, эгерде ХАМАС куралдуу тобу барымтадагылардын калгандарын бошотууга макул болбосо жөө армиясы макулдашуунун мөөнөтү аяктар замат операциясын болгон күчү менен жандантат. Бул тууралуу өкмөттүн расмий өкүлү Эйлон Леви билдирди.
Дүйшөмбүдө ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 11 израилдикти бошотууга тийиш. Алардын тизмеси 26-ноябрдын кечинде Израил бийлигинин колуна тийген. Жекшембиде жоочулар туткундагы 14 адамды, анын ичинен тогуз баланы Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.
Эки тараптын ортосунда түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирген соңку үч күндүн ичинде хамасчылардын барымтасынан 39 израилдик, ал эми израил түрмөлөрүнөн 117 палестин бошотулду.
Андан тышкары ХАМАС радикал уюму барымтадагы чет элдиктерди дагы бошотууда. Ал мамлекеттердин бийликтери менен өз ара түзүлгөн макулдашуунун алкагында ишке ашып жатат.
Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 240тан ашуун туткундан 50нү бошотот. Алардын катарына туткундагы чет өлкөлүктөр кирбейт. Аларды ХАМАС экстремисттик уюму мамлекет лидерлери менен өз ара макулдашуунун жыйынтыгында коё берүүдө.
Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.
Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.