Ысык-Көлдү жана анын жака-белин булгагандарга салынган айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди. Ал айып пулдун көлөмү көп жылдан бери өзгөрө электигин, жогорулатууга муктаждыгын айтты. Мунун алдында аталган министрлик Ысык-Көлгө май төгүлгөн окуяга байланыштуу бир моторлуу кайыктын ээсине 10 миң сом айып пул салынганын билдирген жана анда айып пулдун өлчөмүнүн аздыгы тууралуу сын айтылган. Читать дальше...
Бээжинде жакында эле болгон суу ташкындан өмүрү кыйылгандардын саны 33кө жети. Алардын бешөө куткаруучулар. 18 адам дайынсыз. Бул тууралуу Кытайдын баш калаасынын вице-мэри Ся Линьмао 9-августтагы маалымат жыйында билдирди. Июль айынын соңунда жамгырдан улам 59 миң турак жай урап, 150 миңдей там кыйраган, 15 миң гектар айдоо аянты суу алдында калган. Ондогон жолдор, жүздөгөн көпүрөлөр бузулган. Сянын айтымында, куткаруу, оңдоп-түзөө иштери уланууда. Ал баарын толук калыбына келтирүү үчүн үч жылдык убакыт керек экенин кошумчалады. Читать дальше...
Чүйдүн Новопокровка айылындагы №3 колонияда Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленди делген сүрөт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Ызаат Тургунбаева билдирди. "Азыр ички иликтөө жана кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда толук маалымат берилет", - деди Тургунбаева. Буга чейин "Кактус Медиа" басылмасы №3 абакта Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, жайылган дасторкон четинде отурган адамдардын... Читать дальше...
Латвия Беларус менен чектешкен аймактарында чек араны катуу тартипте кайтарууга өтөт. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анда мындай режим 11-августта башталып, кийинки жылдын 24-февралына чейин уланары жазылыган. "Буйрук мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин камсыздоо жана улуттук коопсуздукка коркунучтун алдын максатында чыгарылды. Латыш-беларус чек арасында мыйзамсыз өткөн учурлар көбөйгөнү, мындай агымдын алдын алуу зарылдыгы эске алынды", - деп жазылган маалыматта. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, өндүрүш аймактары менен таанышып чыкты. “Чайна Петроль Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Анда төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланды. “Жунданын” жетекчилиги заводдун токтоп турган себептери тууралуу маалымат берди. Читать дальше...
Кыргызстанда кызмат көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы маалыматтар базасы тууралуу соңку маалыматты четке какты. Анда Орусиянын мыйзамдары Кыргызстанга жана компаниянын бул жактагы кардарларына колдонулбай турганын билдирди. "Кыргызстандык колдонуучуларга "Яндекс GO" кызматын көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы кардарлардын жеке маалыматты, бардык укуктарды өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сактайт. Сервистин Кыргызстандагы иши тууралуу маалыматтарды чет өлкөлүк (анын ичинде орусиялык) мамлекеттик органдар расмий кайрылуу аркылуу... Читать дальше...
Айыл чарба министрлиги Министрлер кабинетинин "Айрым айыл чарба товарларын сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу тууралуу" токтомунун долбоорун даярдады. Документте азык-түлүк коопсуздугун эске алуу менен 2023-жылдын аягына чейин тоютту экспорттоого чектөө киргизүү каралган. "Кар аз жаап, жаздын кеч келиши жана күн өтө ысык болуп, жаан-чачындын аз жаашы айрым жерлерде жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратты. Бул жагдай тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө таасир этти. Аймактардан алынган ыкчам маалыматтарды талдоого алганда... Читать дальше...
Жаза аткаруу системасында азыр абал кандай? Жабык мекемелерде кармалып жаткандардын укуктары, криминалдын таасири, "Дөө Чыңгыздын" өлтүрүлүшү, № 1 ТИЗОнун көчүрүлүшү. Ушул жана башка суроолорго Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник Кемел Садыков жооп берди.
Казак энергетика министри Алмасадам Саткалиев “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп иретинде Кыргызстандын Кемин районундагы журналисттер иликтеп чыккан майнинг-ферма Казакстандан электр энергиясын алат деген маалымат боюнча комментарий берди. - Жакында “Азаттык” радиосу Кемин районундагы майнинг компания жөнүндө иликтөө жарыялады. Кыргызстандын энергетика министри иликтөө чыккандан кийин ошол кыргыз компаниясы электр энергиясын Казакстандан сатып аларын айтты. Ушул боюнча комментарий бересизби? Читать дальше...
Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсль коркутуулардан улам өз өлкөсүн таштап Орусиянын Рязань облусунда жашап жатат. "Вид сбоку" басылмасы ал учурла Касимов районундагы Петрушово айылында экенин жазды. Журналисттер австриялык экс-министрди жай саратанына арналган майрамда жолуктурушкан. Ал кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып Петрушоводо кеминде дагы бир ай болорун, анда аркысын дагы көрө жатарын айткан. Экс-министр окутуучулук ишин улантып жатканын, китеп жазып, тил үйрөнүүгө киришкенин билдирген. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-августтагы маалыматына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди. Боршайком өткөн аптанын аягынан тартып тиешелүү документтериринин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом төлөгөндөрдү каттай баштаган. Буга чейин беш адамдын арызы катталган жана алардын арасында Эртай Искаков дагы бар. Ал аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган. Читать дальше...